Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (20-27-июнь).

New York Times гезитине Азиз Ансар аттуу аналитиктин «Трамптан эмнеге менин жакындарым коркот?» деген макаласы чыгып, эң көп окулган баяндардын тизмесинде турат. «Орландодогу атышуудан кийин Америкадагы мусулмандар оор сыноолорго туш болду. АКШда азыр болжол менен үч миллиондон ашуун мусулман жашайт. Times гезити Орландодогу чабуулдан кийин ФБР экстремист деп шектелген миңге чукул мусулмандарды текшергенин кабарлады. Азыр өлкөдө коркунуч жараткан кишилер катары мусулмандар кабылданууда. Ал жөнөкөй адамдардын намысына тийип, кемсинтүүгө алып келүүдө. Дал ушундай кырдаал 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттан кийин да түзүлгөн. Анда студент элем, жөн эле көчөдө басып жүрсөм да мекендештерим мени «террорчу» деп, жээришкени ыза кылган. Жек көрүү маанайы акыркы мезгилде президенттикке талапкер Дональд Трамптын айынан да күчөп жатат. Ал Америкадагы мусулман коомчулугун ачык эле «начар топтогу адамдар» деп сыпаттаган. Трамптын ксенофобиялык чакырыктары Орландо чабуулунан мурда башталып, азыр апогейине жетип турган учуру», - деген баяндамачы Азиз Ансар.

Кытай Кыргызстанга кайырмак салууда

Вашингтондо жайгашкан The Jamestown аналитикалык борборунун веб-сайтына Женевада жашаган кыргызстандык журналист Чолпон Орозобекованын Кытайдын Кыргызстанга багытталган экономикалык долбоорлорун талдаган макаласы жарыяланды. «Бээжин менен Бишкек кырктай Кытай фабрикасын Кыргызстанга көчүрүп келүү маселесин талкуулоодо. Кыргыз бийлиги муну менен өндүрүштү жандандырабыз десе, эл Кытайдын үстөмдүгү күчөйт деп чочулайт. Парламенттеги айрым депутаттар да үлкөн коңшунун өндүрүшү жергиликтүү табиятка зыян алып келип, мыйзамсыз миграцияны күчөтөт деп санааркашууда. 2012-жылы эл өкүлдөрүнүн бири Кара-Балта шаарында кытай жарандары көбөйүп кетип, "Үрүмчү түспөлдөнүп" калганын айтып чыккан эле. Эл аралык кризистик топтун отчетунда Кытай Борбор Азиядагы табигый байлыктарды кыска убакытта казып кетип жатканы баяндалган. Ушундан улам кыргызстандык коомдук активисттер, айрым саясатчылар миграция мыйзамдарын өзгөртүүнү талап кылышууда. Жылына Кыргызстанга 13500 чет элдик атуул келип иштей алат. Бирок өлкөдө он миңдеген кытай мигранттары бар экени айтылып келет. Кытай аймагындагы оор жана зыяндуу өндүрүш тармагын чет өлкөгө чыгарып, өз өлкөсүнүн табиятын тазалоону көздөп жатат», - деп жазат Чолпон Орозобекова.

Орус-түрк тиреши түрк тилдүү элдин ынтымагын ыдыратууда

The Wall Street Journal басылмасы Орусия менен Түркиянын бузулган ымаласы түрк тилдүү элдердин ынтымагына да доо кетирип жатканын жазат. «Акыркы чейрек кылымда Түркиянын Орусия курамындагы Татарстан менен болгон алака-катышы абдан мыкты деңгээлге чыккан эле. Режеп Тайып Эрдоган Москва менен араздашардан мурда Татарстан баш болгон түрк тилдүү өлкөлөрдөгү 400гө чукул түркиялык компаниялардын тагдырын ойлогон жок. Эрдогандын саясаты Борбор Азиядагы түрк тектүү элдерге эмес «мусулман бир туугандарга» багытталган. Андыктан, Орусия менен ымала бузулгандан кийин түрк тилдүү элдердин мамилеси соолуп бараткандай. Кыргызстан менен Казакстанда гана азыр түркиялык ишкерлер мурдагыдай иш алып барбаса, башка өлкөлөрдө колдоо тапкан түрк ишкерлери азаюуда», - дейт The Wall Street Journal.

Европа биримдигин «Гуглдан» издеген британдыктар

Time журналы Британиядагы референдумдан кийин "Европа биримдигинин мааниси эмне" деп интернеттен издөө салган британиялыктар рекорд койгонун маалымдайт. Тарыхый мааниси зор саясий окуяны толук аңдай албаган британ атуулдары Евробиримдиктин маанисин «Гуглдан» сая түшүп издешкен. Мындай жыйынтык Британиядагы миллиондогон адамдардын брексит же болбосо, шериктештердин катарынан чыгуу тууралуу түшүнүгү жоктугунан кабар берет. Ал эми Fortune басылмасы болсо брекситтен кийин экономика эмне болот деген суроо да көп коюлганын кабарлады.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG