Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (25-31-июль)

Forbes журналынын талдоочусу Уэйд Шепард Казакстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан, жаңы Жибек Жолу долбоорунун эң негизги соода түйүндөрүнүн бири болот делген "Хоргос" базарына барып, анын акыбалы менен жакындан таанышып кайткан. Ал өз блогунда Борбор Азиядагы эки ири өлкөнүн дымактуу бул долбоору башталбай жатып эле талкаланып бараткандай деп жазат.

“Евразия экономикалык биримдиги менен Кытайдын “салыксыз дүң базарына” айланууну максат койгон "Хоргостун" босогосун аттай элек жатып эле Кытай чек арачыларынын темирдей текшерүүсүнө тушуктук. Кагазда бул жай чет элдиктер үчүн 30 күн визасыз, көзөмөлсүз жүрчү жер деп айтылганы менен, иш жүзүндө андай эмес экен. Гүлдөгөн соода борборун казак-кытай бийлиги эмнеге планетанын эң алыс, климаты эң начар жерине алпарып куруп коюшканын да түшүнүү кыйын. "Хоргостун" аймагы Нью-Йорктун жерине барабар болсо да, эки жагы түрмөдөгүдөй темир тосмо менен тосулган базарынан дүйнөлүк бренддердин бирин да таба албадык. Тек гана арзан, сапаты начар Кытай товарларын көрсө болот. Алматыдан "Хоргоско" мени коштоп барган котормочу Дмитрий Иванов ал жакка барам дегениме аябай таң калып, базарда арзан товар саткан кемпирлер гана соода кылат десе ишенген эмесмин. Эми аны өз көзүм менен көрдүм. "Хоргос" Евразия менен Кытайдын товарлары сатылуучу соода-экономикалык жана маданий борбор болмок. Бирок азырынча хан кытайларынын арзан, сапатсыз буюмдарынан тышкары евразия өлкөлөрүнүн биринин да товарын көрбөдүм. Ачылып жатканда күнүнө 30 миң кардарды тейлейт деп айтылса да, азыр ээн соода аянттарынан 1,5 миңдей гана кишини араң жолуктурасың”, - деп жазган Forbes журналынын аналитиги.

Түркияда “чыккынчылар бейити”

Түркияда саясий куугунтуктоолор күчөп, алтургай аскерий кутумдан көз жумган козголоңчулар үчүн Стамбулда “Чыккынчылардын бейити” делген жер пайда болду деп кабарлайт Foreign Policy басылмасы. Бул бейит жалпы көрүстөн болуп, ага көмүлгөндөрдүн аты-жөнү эч жерге жазылбайт. Стамбул мэри Кадир Топбаштын буйругу менен бөлүнгөн козголоңчулардын “чыккынчылар бейити” коомчулукта кооптонууну да жаратууда. Анткени ал кароосуз калган иттерди кармоочу жайдын жанында орун алган. Ал арада өлкөнүн Дин иштери башкармалыгы да көрүстөнгө “чыккынчылар бейити” деп жазууга каршы чыкты.

Ал эми каза болгон козголоңчулардын жакындары болсо, алардын кайда, кантип көмүлөрүн сурагандан да коркуп отурушат дейт Foreign Policy.

Басылма ал арада козголоңчуларга каршы чыгып, мерт кеткендердин ысмы Босфор көпүрөсүнө ыйгарылып, аларды акыркы сапарга узатуу сый-урмат менен коштолгонун белгилеген.

Орусия Pokemon Go оюнун токтото алабы?

Newsweek журналы акыркы мезгилде интернет ааламында абдан популярдуу болуп жаткан Pokemon Go оюнун орус бийлиги изилдеп, андан соң өлкөдө тыйышы мүмкүн экенин жазат. Жапониянын Нинтендо компаниясы иштеп чыккан бул тиркеме азыр Орусияда расмий таанылбаса да кеңири жайылды. Ушундан улам Роскомнадзор көзөмөлдөөчү органы оюндун башкы максатын иликтөөгө алмай болду. “Жарандардын коопсуздугун коркунучу жогун, жеке маалыматтарынын интернетке жайылуусун шарттабай турганын жакшылап иликтешибиз керек”, - дейт аталган органдын өкүлү Александр Жаров. Ал арада Кремл Москвага келген туристтерге тарыхый жайларда покемон издебегиле деп эскертүү берди.

Желим баштыктан баш тартуу миллиондорду үнөмдөйт

Британияда желим баштыкка киргизилген 5 пеннилик салыктан кийин кардарлар 6 миллиард фунт стерлинг үнөмдөп каларын Evening Standard гезити эсептеген. 2014-жылы өлкөдөгү жети ири өндүрүшчү 7 миллиарддан ашык желим баштык чыгарган. 2015-жылы октябрь айында желим баштыкка 5 пеннилик салык киргенден кийин анын соодасы жарым жылда эле жарым миллиард фунт стерлингге кыскарды. Баштыкка кеткен акчаны британдыктар кайрымдуулукка салгандан 29 миллион фунт стерлинг чогулду. Бийлик эми бул иш чарадан тазалык сектору 60 миллион фунт стерлинг үнөмдөп каларын божомолдоодо.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG