Линктер

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (1-8-август).

Казакстандын “Караван” гезитине чыккан “Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы шарттар концлагерден да начар” аттуу макала кызуу талкуу жаратып, окурмандардын пикирин экиге бөлдү.

“Ысык-Көлдөн кайтып, чек арадан өтөөрдө сириялык качкындардын кейпине түштүк. Капаска түшкөн жаныбардай эле бир нече саат бою узун, ичке коридордон казак жерине кире албай турдук. Элдин үрөйү учуп, ыйлап, эстен тангандар да болду. Сириялыктардын кыйналганын теледен көрүп эле коркчу элем. Дал ошол акыбалга тынчтык өкүм сүргөн, бейпил Кыргызстандын чегинде тушугам деп үч уктасам оюма келбептир. Ал тургай чек арадагы жалгыз даараткана Париждеги Луврдун билет наркына барабар акча алат экен. Ээрчиткен балдарыбызды чек арачылар кооптонуу менен карап, ар бирине коштогон документ сурап жатышты. Баратканда документи жок бала ээрчиткендер көлгө жетпей аргасыз жарым жолдон кайра кетишкен. Жакында эле Экинчи Дүйнөлүк согуштун тушунда Польшадагы еврейлерди камаган концлагердин музейин көрүп келдим эле. Казак-кыргыз чегиндеги узун, зым тор коридор андан да коркунучтуу экен.

Caravan.kz сайтындагы сүрөт

Caravan.kz сайтындагы сүрөт

...Кыргыз чек ара көзөмөлүнөн 15 мүнөттүн ичинде өтүп бүткөндөн кийин алдыда элдин чоң тыгыны башталды. Адамдар темир капаста үймөлөктөшүп, бирөө алдыга жылайын деп башкалары менен мушташа да кетти. Кийин дал ушул капаста эки саат бою турганыбызда мындай мушташтар бир нече жолу болду. Дем алалбай, бир да кадам жыла албай тыгылып турганыңда эки эңгезердей неме жулмалашып, аялдар менен балдар чурулдап, жерге отура калса коркот экенсиң. Коркконунан бир толук аял үстүбүзгө эси ооп кулады. Аны жерге жаткырганга орун жок, кармап турушту. Капастан чыгаруу да оңой эмес. Алдыда 20 метрлик киши тыгыны бар. Ыйлаган балдарды айтпай эле койоюн.

Эгерде аткаминерлер актангысы келсе, менде аны далилдеген сүрөттөр да бар. Эмнеге мындай зым капастар кыргыз чек арасына коюлган? Кыргызстанга киргиси келген чет элдиктерди коркутуу үчүнбү? Же башка себептери барбы?”, - деп жазат өзүн Искендерия деп атаган автор.

Макалага чек арада тыгылган элдин сүрөттөрү да тиркелип, бул басылманын интернет сайтында кызуу талкууланууда. "Азаттык" үналгысына макаладагы айтылгандар боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажида Чоколоева буларды билдирди:

- Жеке адамдардын документин текшерүүнү биздин тарап тез эле ишке ашырат. Ал эми жүгү болсо анда салык декларациясын толтуруп, кичине убакыт коротот. Казак тарапта тыгын болуп жатса, биздин чек арачылар да убактылуу токтотуп тигил жактагы адамдын саны азайганга чейин кичине кармап турушат. Бирок мунун баары Казакстан тараптын жай иш-аракеттеринен улам болот да. Биз жактан антип адамдарды көпкө кармаган көрүнүштөр болбойт.

Өзгөргөн дүйнө

Financial Times гезитинин аналитиги Гидеон Рэчмен Батыш менен Азиянын ааламдашуудагы орун алмашуу жараянына сереп салат. “Британиянын мурдагы өкмөт башчысы Гордон Браун, Италиянын миллиардери Марио Монти сыяктуу адамдарды Бээжин азыр мектеп окуучуларындай эле кабылдап калды. Европанын колониялык доору аяктаары менен акыркы 50 жылдан бери дүйнөгө АКШнын демократиясы үстөмдүк кылууга аракетинде эле, бирок өтө тез өнүккөн Азиянын экономикасы ага үстөмдүк кылчудай. Батыштын саясаты технологиялык, аскерий жана экономикалык булактан кубат алып келген. Деген менен бул булактар тез эле соолуй турган түргө кирет. Анын натыйжаларын азыр көрүп жатабыз. 1993-жылы Азияга атайын кабарчы болуп барганымда ааламдашуунун кожоюну бул аймак болоруна көзүм жетчү эмес. Бирок 2014-жылы Кытай өнүккөн экономикасы менен дүйнөдө алдыңкы сапка чыкты. Анан калса калкы да өтө тез көбөйүүдө. Эми АКШ президенттигине ким келсе да лидерлик формуласын кайра жазып чыгууну терең ойлонушу керек”, - деген талдоочу Рэчмен.

Британ парламентинин имараты алты жылга жабылат

Лондондогу Британиянын улуттук символдорунун бири болгон парламенттин имараты алты жылга жабылат. Бул тууралуу Evening Standard гезити жазды. Парламенттин имараты Экинчи Дүйнөлүк согуштагы бомбалоодон кийин бир ирет оңдолуп, андан бери эч кандай жаңыланган эмес. Жылуулук, канализация жана суу түтүктөрү эскирип, байыркы имарат кулап калуу коркунучунда эле. Чатырларынан тамчы агып, электр зымдары үзүлө берчү. Депутаттар Коомдук саламаттык борборунун имаратында алты жыл убактылуу иштеп турушат. Британ парламентинин имаратын оңдогонго төрт миллиард фунт стерлинг бөлүнгөн.

АКШ атуулдары улуттук парктарын ашыкча сүйүшөт

Америка Кошмо Штаттарынын улуттук парктарына болгон кызыгуу акыркы жылдары абдан күчөдү деп баяндайт New York Times. 1916-жылы “Йеллоустоун” деген гана улуттук парк бар эле. Ага жылына 326 миң эле киши барса, азыркы тапта өлкөдө 412 парк, улуттук эстеликтер жана тарыхый жайларга бөлүнгөн 34 миллион гектарлык аянтка 307 миллион киши барууда.

Маселен, сейил бактардын машинеден чыккан газга ууланып калбашы үчүн кам көрсө, Конгресс жылына парктарды кароого бир миллиард доллар каражат бөлөт. Машине менен баргандар унаасын алыс токтотуп коюп, паркта жөө басып жүрүүсү керек. Парктар саясий бутага айланган учурлар да бар. Маселен, айрым саясатчылар мамлекеттик жерлерди же парктарды элге кайтарып бериш керек дешет. А бирок өлкө мыйзамы улуттук парктарды бардык жагынан коргоп, алтургай аны каржылоону 12 миллиард долларга көтөргөнү турат. Алардан түшкөн киреше болсо 2015-жылы 32 миллиард доллар деп эсептелген.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG