Линктер

Олимп медалы: сыймыкпы же байлыкпы?


Медал уткан орус спортчусу Лондон олимпиадасы учурунда. 2012-жыл

Медал уткан орус спортчусу Лондон олимпиадасы учурунда. 2012-жыл

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (8-15-август).

АКШда чыгуучу The Daily Beast басылмасынын талдоочусу Габриэль Глейзер олимп оюндарынан алтын медаль алган спортчулардын сыйлык акчасын иликтеди. “Спортто уткан алтын медаль баарына окшош эле жасалат, бирок айрымдар андан пайда табышат. Дүйнөлүк атак-даңктан тышкары медаль ээсин чоң суммадагы байге да күтөт. Маселен, АКШнын улуттук олимпиада комитети алтын алганга 25, күмүшкө 15, ал эми колого 10 миң доллар берсе, Азербайжан алтынга 510, Италия 180, Франция 135 миң доллар сыйлык тапшырат. Спортчулары алтын медаль көп алган, өнүккөн өлкөлөрдүн сыйлык пулу эмнеге аз? Анткени мындай өлкөлөрдүн спортчуларынын жылдык кирешеси сыйлык акчаны караандатпайт.

Мисалы, америкалык суучул Майкл Фелпстин байлыгы 55 миллион доллар деп эсептелсе, гимнаст Симона Байлздын олимп оюндарындагы жарнамадан эле түшкөн кирешеси 2 миллион доллар. Спорттун супержылдыздары ич кийимден тарта сагызга чейин жарнамалап, жеке компаниялардан чоң суммадагы акчаларды алышат. А бирок олимпиададан медаль алып, дүйнөгө аты дүңгүрөгөн спортчулардын ичинен жакырчылыкка түшүп калгандары да бар. Маселен, АКШнын дзюдочусу Ронда Раузи 2008-жылы коло медаль алган. 2010-жылы таптакыр итке минип калып, машинесинде бир нече жыл жашаган”, - деген талдоочу Глейзер олимпиададан медаль алгандардын баарынын эле жашоосу жыргал деген түшүнүк туура эместигин белгилейт.

Жаштардын көбөйүүсү дүйнөнү өзгөртөт

Жакынкы жылдары дүйнөдө 30 жашка чейинки адамдардын саны көбөйөт, бирок дүйнө мындай демографиялык бурулушка даяр эмес экенин жазат Foreign Policy журналы.

“Аалам азыр бир кризистин толкунунан экинчисине кулап жатканда жаштардын көбөйүп кетүүсү опурталдуу. Европа менен Чыгыш Азиянын өнүккөн өлкөлөрүндө төрөт саны кыскарууда. Ал арада Жакынкы Чыгыш, Африка жана Чыгыш Азия болуп көрбөгөндөй тездик менен көбөйүп жатат. Египеттеги жумушка жарамдуу калктын басымдуусун 30 жашка чейинкилер түзөт. Ал эми Нигериянын 167 миллион калкынын жарымынан көбү жаштар. Ооганстан, Ангола, Чад, Сомали жана Угандада да ар бир экинчи жарандын жашы жыйырма бештен ылдый. Бирок бул өлкөлөрдүн жаштары канчалык деңгээлде иш менен камсыз болуп, экономикага аралашканы өзүнчө чоң маселе. Жаштардын мындай көп болуусу саясаттын нугун буруп, социалдык абалды оңдоп кетүү ыктымалдыгы да бар. Дагы бир кооптондурган жагы - диний экстремисттик агымдарга дал ушул жаштардын тез берилип кетүүсү.

2030-жылы бир миллион индиялык он сегизге чыгат, азыр болсо бул өлкөнүн 300 миллион тургунун 15 жашка чейинкилер түзөт. Бирок мамлекеттер жаштардын мындай көптүгүн кантип көзөмөлдөп жатат? Азырынча буга жооп жок. Жаштардын мынчалык көбөйүүсү кылымдын жаңы барагын ачат же дүйнөдө абдан чоң көйгөйдү жаратып, адамзаттын жашоосун татаалдатат” деген көз караш Foreign Policy ​басылмасында жарык көрдү.

Чет жактан бала асыроо азайды

Financial Times гезити болсо чет жактан бала асырап алуу тажрыйбасы улам азайып баратканын кабарлайт. “1996-жылдан 2008-жылга чейин Гватемала чет өлкөгө асыроого 30 миң бала берген. Юрист Фернандо Линарес “Айрым өлкөлөр бананды экспорттосо, биз дүйнөгө бала экспорттоп жатабыз” деп айтканы бар. 2000-жылдары “бала асыроо соодасы” абдан кызып, миңдеген түйүндөр пайда болгон. Бирок 2008-жылы балдары уурдалган энелердин ачкачылык жарыялоосунан жана Улуттар Уюмунун кысымынан улам Гватемалада чет элге бала берүү токтогон. 2004-жылы дүйнөдө 45 миң наристени чет элдиктер асырап алса, 2015-жылы бул сан 12 миңге түштү. Себеби эмнеде? Анткени жакыр өлкөлөрдүн бала асыроо мыйзамы өзгөрүп, татаалдаша баштады. Кытай бир нече жыл мурда чет элдиктерге эң көп бала берген өлкө болсо, акыркы учурда өлкө ичиндеги балдар үйлөрүнүн көбөйүүсү жана жетимдерге карата мамлекеттик программалардын иштелип чыгуусунан улам мындай көрүнүш токтоду” деп жазат Financial Times.

“Гитлердин кайтып келүүсү”

Жапонияда чыккан Asian Nikkei Review басылмасы Германия тарткан “Карачы, ким кайтып келди?” аттуу тасманы талдады. Бул тасманын билеттери Жапонияда абдан көп сатылып, 16 кинотеатрда коюлууда. Германиянын жазуучусу Тимур Верместин романынын негизинде тартылган фильмде 2014-жылы Адольф Гитлер Берлинге жакын бункерлердин биринен кайра тирилип, Польшанын бар экенине таң калып, интернетти болсо арийлердин табылгасы деп атайт. Бул тасманы көргөндөр боору эзиле күлүп, бирок соңунда коркуу сезими пайда болгонун айтышты. Гитлердин кайтып келүүсүнө кызыккандардын көбү орто жаштагы атуулдар экени маалым болду.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG