Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:25

The Diplomat журналы аналитиктер Кристофер Шварц жана Алишер Хамидовдун Кыргызстандын Борбор Азиядагы ордун талдаган ири макаласын чыгарды. Алардын пикиринде, көйгөйү канча көп болсо да Кыргызстан Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен эң туруктуу өлкө.

“Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандагы авторитардык бийликтерге, Ооганстандагы оор кырдаалга салыштырмалуу Кыргызстан аймактагы стабилдүүлүк аралчасы десе болот. Бул өлкө жемкорлукка, саясий туруксуздукка карабай, акыркы 15 жылдан бери бир нече бурулушту башынан өткөрдү. Эң эле маанилүүсү - кыргыздар коңшуларынан айырмаланып диктаторлук режимге жол бербей келет. Борбор Азиянын бир да өлкөсүндө жок парламенттик системаны баштады. Геосаясий чоң күчтөрдүн курмандыгына айланабы деген да суроо жаралат. Кыргыз эли акыркы жылдары өз тагдырын чечүүдө жана чек арасын коргоодо канчалык чечкиндүү экенин көрсөттү. Өлкө бийлиги коррупциялашкан болсо да Кыргызстан кандайдыр бир тышкы геосаясий оюндардын куралына айланбайт десек болот”, - деген пикирин The Diplomat журналынын аналитиктери жазышты.

Эрдоган Ататүрктү "жексен" кылабы?

Newsweek журналына аналитик Майкл Рубиндин “Эрдоган Ататүрктү түрк жашоосунан сүрүп чыгарабы?” аттуу макаласы жарыяланды.

“Түркиянын заманбап тарыхынан Ататүрктү унуткаруу үчүн Эрдоган колунан келген аракеттердин баарын жасап жаткандай. Маселен, 1994-жылы Стамбулдун шаар башчысы болуп турганда Ататүрктү эскерүү учурунда тике туруу салтын жоюп салган. 2005-жылдын июнь айында болсо Режеп Тайып элге теледен кайрылуу учурунда аркасындагы Ататүрктүн сүрөтү түшүрүлгөн фонду жөн гана Түркиянын желегине алмаштырып, элди дагы бир ирет таң калтырган. 2012-жылы болсо диний муунду тарбиялайбыз деген чакырыктары менен жумурияттык идеяны дагы бир ирет жокко чыгаргысы келди.

Быйыл 15-июлда болгон аскерий козголоңдө өзүн колдоп көчөгө чыккан элди түрк лидери “Силер Жараткандын Эрдоганга берген белегисиңер” деп атап, өз атаандаштарын болушунча кемсинтүүгө барды. Ошону менен бирге бозгундагы Фетхуллах Гүлендин Эрзурумга жакын жайгашкан үйүн коомдук дааратканага айлантууну көздөп жатат. Кокус Ататүрктүн сөөгү коюлган Аныткабыр да ордунан жылса, же жабылып калса, Эрдоган 1960-71-80-жылдардагы аскерий козголоңдон мерт кеткендерди эскерген айкелдерди да жок кылууга бара алабы?” - деп жазат Пентагондун Жакынкы Чыгыш, Түркия, Иран боюнча мурдагы дипломаты, аналитик Майкл Рубин.

Орусиядагы ыңкылапчыл маанай

1991-жылга чейинки Советтер союзуна жана Орусиянын жакынкы тарыхына сереп салган Foreign Policy журналы кандай гана тоталитардык же авторитардык бийлик болбосун, орустардын революциялык маанайын өчүрө албастыгын белгилейт.

“1991-жылдагы СССРдин кулашы Орусиянын келечегин таптакыр башка нукка бура турган окуя эле. 70 жыл инсандын жеке кызыкчылыктарын жана укуктарын көзгө илбей, адамдын ар-намысынан бүтүндөй бир системаны өйдө койгон бийлик кулаган. Ал бийликтин армиясы эбегейсиз эле. Мектептеринде даараткана, таза суу болбосо да кубаттуу армияны багууга Советтер союзу болгон каражатын жумшачу. Бирок ошол АКШ, Кытайдыкынан да чоң армиясы бар өлкө бир нече күндүн ичинде таркап кетти.

Орусияда 1995-жылдардан тарта сөз эркиндиги пайда болду. Базар экономикасы, адамдын жеке эркиндиги жана укуктары бааланган абал калыптанды. Бирок мунун баары кыска убакыттын ичинде болгонгобу, негедир орус эли өзүнүн улуу экенин даңазалагысы келген идеология үчүн эркиндигин курмандыкка чалууга барды. Буга Владимир Путиндин режими далил жана ага чейинки тоталитардык бийликтер учурунда да ушундай болгон.

Путин этникалык орустарды коргойбуз, Сириядагы террорду жеңебиз деген чакырыгы менен өлкөдө калыптана баштаган эркиндиктин демин басып, кайрадан мурдагы ач айкырык, куу сүрөөн доорго сүйрөп бараткандай. Бирок Алексей Навальный, Борис Немцов жана Владимир Кара Мурза сыяктуу оппозициячылар эч кандай тоскоолдуктарга карабай, өмүрүн режимге каршы арнап жатканда Орусиядагы революциялык маанайды мурда советтик режим жок кыла албагандай эле, Путиндин да күчү жетпесине ишенсе болот” - деп жазат Foreign Policy.

Үч жаштан генийликке даярдашат

Кытайдын Гуандонг провинциясында үч жаштан тарта балдарды жатак мектепке алып, келечекте чоң компанияларды башкара турган менеджер тарбиялап беребиз деген агенттиктердин иши кызуу жүрүп жатканын China Daily басылмасы кабарлады. “Директордун мүнөзүн калыптандырабыз” деген агенттиктер жылына жети жарым миң доллар акы алып, балдарга гольф үйрөтүп, шыктандырып, лидерлик сапаттарга 12 жашка чейин тарбиялайт. Мындай кызмат бай үй бүлөлөрдүн кызыгуусун жаратууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG