Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

Британия: Мухаммед - балдарга көп коюлган ысым


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (29-август, 4-сентябрь)

Британияда жаңы төрөлгөн уулуна Мухаммед деп ат койгондор көбөйгөнүн Independent гезити жазды. 2015-жылы Англия менен Уэлстеги эң популярдуу эркек балдардын ысымдары Оливер, Жэк, Гарри деп табылган. Алардан кийинки орунду Мухаммед деген ысым ээлейт экен. Ал эми кыздарына Амелия, Оливия жана Эмили деген ысымды бергендер көп. Британиянын статистикалык кызматы Мухаммед атын коюу бул өлкөдө 1924-жылы башталганын маалымдады. Ошол жылдан тарта ал эң көп коюлган 100 ысымдын катарына кирген. Буга Англия менен Уэлсте мусулмандар көбөйүп, калктын беш пайызын түзүүсү жана Мухаммед Али, Мухаммед Фарах сыяктуу дүйнөгө таанымал спортчулардын чыгуусу себеп болгон. Британиядагы Араб борборунун мугалими Ибрахим Османдын айтымында, мусулман пайгамбарынын ысымын баласына ыйгаргысы келгендер дүйнөдө абдан көп.

АКШ Кытай менен согушка даярбы?

Newsweek журналына Америка Кошмо Штаттары менен Кытайдын аскерий кубаттуулугун талдап, салыштырган кеңири макала чыкты. “АКШ аскер күчтөрүн барган сайын азайтып, согуштук стратегияны каржылоону чектей баштады. Мындай шартта кокус Кытай менен кагылышуу чыгып калса, кырдаал кандай болот? Эки ири күчтөрдүн согушунда өзөктүк курал колдонулбаса керек. Анткени тараптар анын кесепети эки жакка тең оор болорун жакшы билишет. Бирок электрондук киберчабуулдар, деңиз күчтөрү, космостогу спутниктери салгылашат. Чыгыш Азия согуш майданына айланат. Кытай АКШнын аймагына кол салып кирбесе керек. Мындай согуштун экономикалык кесепети бүтүндөй дүйнөгө тиет. Кошмо Штаттары менен Кытайдын ички дүң өнүмүн 25-35 пайызга чейин азайтат. Саясий башаламандык келип чыгып, Кытайдын коммунисттик режими эки жалындын ортосунда калат. АКШнын аскерий түзүмү кубаттануу программасын токтотпой, коркунуч жаралганда чагылгандай тездик менен жооп берүүгө даяр турушу керек. Атайын чалгын жолдорун иштеп чыгып, Кытайдын A2AD деп аталган согуштук системасына каршы чабуулду пландаштырып койгону дурус”, - деген көлөмдүү макала Newsweek басылмасында жарыяланды.

Сирия ооруканаларына урулган соккулар

2011-жылы Сирияда согуш башталгандан бери бул өлкөнүн ооруканалары адам дарылаган жайга эмес, ажал майданына айланды. Башар Ассаддын стратегиясынан улам козголоңчулар ээлеп алган шаарлардагы саламаттыкты сактоо жайлары тозоктун жаргылчагы болуп келе жатканын The Economist журналы жазды. “Эл көп чогулган мектеп, оорукана жана базарларды алгач Башар Ассаддын аба күчтөрү бомбалап кетет. Андан кийинки сокку Орусиянын учактарынан урулат. Ушинтип калктын үрөйүн учурган бомбалоо бир эле эмес, кээде үч ирет кайталанат. Согуш башталгандан бери Сирияда 265 саламаттыкты сактоо жайы бомба бутасына алынган. Маселен, козголоңчулар менен Асад армиясынын ортосунда калган Алеппо шаарындагы 300 миңдей калкты 35 гана догдур тейлеп жатат. Хирургиялык операцияларды ишке ашыруу мүмкүн болбой калды. Себеби абадан жасалган сокку кан сактоочу муздаткычтар менен медициналык жабдуулардын таш-талканын чыгарууда. Козголоңчулардын колунда турган Мадая шаарындагы 40 миң кишинин тишин азыр медициналык колледждин эки гана студенти дарылап жатат. Калктын көбү ооруканаларга барып жатып дарылангандан коркушат. Себеби бомбалар ар бир 17 саат сайын дал ушундай адамдар көп чогулган жайларга ташталууда, - деп баяндайт The Economist.

Путиндин өзгөрбөгөн бут кийими

Жапониянын Asahi аттуу гезитинин Москвадагы кабарчысы Акийоши Комаки орус лидери Владимир Путиндин бут кийимине "таң калган" макала жарыялап, аны батыштын The Washington Post сыяктуу ири басылмалары англис тилине которуп чыгарышты.

Кремлде 17-августтан 24-августка чейин Путин ар кайсы облустун губернаторун өз кабинетинде кабыл алган деген кабарлар маал-маалы менен чыгып турган. Дал ушул жолугушуулардын сүрөттөрүн карап отуруп, Жапон журналистти Кремлдеги көз бойомочулуктун изин тапканын кабарлады. Жаңылыктарда орус президентинин губернаторлорду кабыл алуусу ар кайсы күндө болду деп айтылганы менен, Путиндин кабинетинде жана кийиминде, айрыкча бут кийиминин боосунда эч кандай өзгөрүү болбогонун байкаган жапониялык жазмакер Кремль элди Путин катуу иштеп жатат дегендей түр көрсөткүсү келет деген ойдо калган. Башкача айтканда, сүрөттөрдөгү жолугушуулар бир эле күндө болгон, бирок аны Кремль ар кайсы күнү болгондой кылып тараткан деген тыянакка келген.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG