Линктер

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (12-18-сентябрь)

Улуу Британиянын Сауд Арабиядагы элчиси Саймон Коллис узаган аптада ажылык сапарга барды. Ал британ дипломатиясынын тарыхындагы Мекеге зыяратка барган алгачкы элчи болду. Бул тууралуу Британиядагы бардык басылмалар жазып, кызуу талкууга алынды.

The Guardian гезити 2011-жылы Саймон Коллис ислам динин кабыл алганын, ондогон жылдардан бери Ирак, Сирия, Катар, Йемен жана Бириккен араб эмирликтеринде элчилик кызматта иштеп, сириялык аялга үйлөнгөнүн жазды. Саудиянын падышалык университетинин окутуучусу Фаузия Аль-Бакр Твиттерге элчи Коллис жубайы менен ажылык милдетин аткарганын жазып, сүрөттөрүн жарыялаган. Кийинчерек Коллис Аль-Бакрга ыраазычылык билдирген. Британиянын Тышкы иштер министрлиги менен Сауд Арабиядагы элчилиги ажылык сапар ар кимдин жеке иши экенин жүйө кармап, бул окуя боюнча The Guardian басылмасына расмий комментарий берүүдөн баш тартты.

Исламдын беш парзынын бири болгон ажылык милдетин аткаруу үчүн дүйнө жүзүнөн жылына Сауд Арабиясына 1,8 миллион мусулман барат.

Кытайда ата-энесин барып көргөндөргө акча төлөнөт

China Daily гезитинин маалымдоосуна караганда, Кытайда иштеген адамдардын 22 пайызы алты айда бир жолу ата-энеси менен учурашса, 28 пайызы бир жылда бир гана жолу ишин таштап ата-энесин көргөнү барган. Ушундан улам Кытай бийлиги жакындарын көргөнү кеткен кызматкерлерге 20 күндүк акы төлөнгөн эмгек өргүүсүн берүү керек деген мыйзам кабыл алды. Бул мыйзамды аткарбаган жумуш берүүчүлөр сот жообуна тартылмакчы. Себеби Кытайда калктын 38 пайызы ашыкча иштеп, эч кандай кошумча акы албайт. Жумуштан алыстагы ата-энесине учурашууга кеткендерге да эч кандай жеңилдик берилбей, эмгек өргүүсү төлөнбөй, көп учурда кайтып келгиче жумушунан ажырап калат.

Бээжин университетинин окумуштуусу Ли Шинин айтымында, 2006-2010-жылдары социалдык камсыздоо өлкөдө 27 пайызга жогорулап, бирок өргүү үчүн акы төлөө 16 пайызга кыскарган. Андыктан бийлик өргүүгө кеткендердин укугун коргоо жаатында жаңы саясатты баштады деп жазат China Daily.

Лукашенконун доору

Көптөгөн жылдардан бери Беларустун президенти бийликтеги эки тизгин, бир чылбырды бекем кармап, эч кимге бербей келет. Бирок "Европанын акыркы диктаторунун" да соңу жакындап бараткандай деп жазат Foreign Policy журналы. “Акыркы парламенттик шайлоодо өлкөдө ондогон жылдардан бери болуп көрбөгөн тарыхый окуя ишке ашты. Оппозициянын эки мүчөсү парламентке кирди. Советтер Союзун таркатууга каршы добуш берген жалгыз коммунисттик лидер делген Александар Лукашенко Беларуста “неосоциалисттик” системаны сактап кала алган. Бирок акыркы жылдары экономикасында Орусия менен Батышка көз карандылык күчөгөн сайын Лукашенко режиминин да шайы ооп бараткандай. Ички экономикадагы солгундоо, жумушсуздуктун 2015-жылы эки эсеге көбөйүүсү жана улуттук валютанын нарксыздануусу өлкө башчысынын режимин солгундатууда. Буга кошумча Орусиянын Крымды аннекциялоосун Лукашенко сындаганы үчүн да Кремлди таарынтып алган. Экономикалык кыйынчылык жана эгемендүүлүктү сактап калуу деген түйшүккө малынган Минск азыр мурда болуп көрбөгөн кадамды таштап, Батышка ыктоодо. Мындай трансформация төңкөрүштүн өбөлгөсү болот деп жоромол кылган эксперттер да арбыды”, - деген пикирде талдоочулар Кристиан Дэвиес жана Пол Хенсбури.

Англиянын унутулган мусулман тарыхы

New York Times гезитинин аналитиги Жерри Броттон Британиянын азыркы акыбалы менен 16-кылымдагы тарыхын салыштырган макаласын жарыялады. “Ханыша Елизавета биринчинин учурунда да Англия мусулман дүйнөсүнө жакындап, айрыкча Осмон империясы менен тыгыз ымалада болгон. Азыр да Европа Биримдигинен чыгып, Жакынкы Чыгышка кайрадан ыктоодо. Негизи эле "елизаветтик доорлор" мусулман дүйнөсү менен аралашууну шарттаганын байкаса болот. 1558-жылы Елизавета биринчи Иран, Түркия жана Марокко менен дипломатиялык баайланыш курганы үчүн католиктердин Испаниясы Англияга каршы согуш ачкан. Түндүк Африкада, Чыгыш Европа жана Инди океанына чейин ээлик кылган Осмон империясынын ошол кездеги лидери Мурат Султан үчүнчүнүн көмөгү менен Англия экономикалык жана саясий позициясын чыңдаган. Ал кезде мусулман империялары Англиядан алда канча кубаттуу эле. Азыр болсо тескерисинче, Жакынкы Чыгыш Британ падышалыгынан алсыз акыбалда. Андыктан заманбап Англия тарыхын унутпай, ислам дүйнөсү менен жакындашуудан тапкан табылгаларын баалай билиши керек”, - дейт журналист Броттон.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG