Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Көчмөндөрдүн салттык оюндары изилденген II эл аралык жыйын

“Түрк элдеринин салттуу спорттук оюндары” аттуу Экинчи эл аралык симпозиум 2016-жылдын тогуздун айынын (октябрынын) 27-28инде Бишкек шаарындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк Манас университетинде өткөрүлдү.


Бишкекте экинчи ирет өткөн бул кадыр-барктуу эл аралык симпозиумга кыргызстандык окумуштуулардан тышкары Азербайжан, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Түркия, Украина сыяктуу мамлекеттерден спорт жана элдик оюндар жаатында иликтеп жүргөн этнограф, тарыхчы, педагог, адабиятчы, тилчи, музыка таануучу, саясат таануучу ж.б. илимпоздор келип катышты.
“Мурас” фонду жана Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы Эл аралык Кыргыз-Түрк Манас университетине бул илимий жыйынды уюштурууга шериктеш болушту.
Көчмөндөр жана алардын тарыхый коңшулары кылымдар бою сактап келген салттык спорт оюндарына жана башка элдик оюндарга арналган биринчи эл аралык илимий симпозиум Эл аралык Кыргыз-Түрк Манас университетинде 2014-жылы өткөрүлгөн.

16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

XS
SM
MD
LG