Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Хиллариден корккон эркектер


Хиллари Клинтон
Хиллари Клинтон

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (31-октябрь - 6-ноябрь).

The Atlantic журналында Америка Кошмо Штаттарындагы шайлоону утурлай эркектердин психологиясындагы "сырды" чечүүгө багытталган талдоо макаласы жарыяланды. “Коомдук изилдөө институту сурамжылоо жүргүзгөндө Хиллари Клинтонду эркектердин 52 пайызы жактырбай турганы аныкталган. Мындай көрсөткүч 1980-жылдан бери каттала элек болчу. 2008-жылы Обаманы "сүйбөгөндөр" жалпы элдин 32 пайызы эле. Азыр шайлоо өнөктүгү “Катын болбой, Трампты колдо”, - деген чакырыктарга бай болууда. Хилларинин саясаттагы ордуна караганда анын жынысын мазактаган, аял экенине басым жасаган билдирүүлөр күчүндө. Мунун баары абдан коркунучтуу. Саясат таануучулар акыркы жылдары Барак Обаманын президенттиги расизмге шыкак болот деп шек санап келишкен. Бирок Хилларинин талапкерлиги эми АКШда жыныстык ажырымдын толкунун баштап жатат. Ушундай эле көрүнүш Австралия менен Бразилиянын башына аял лидерлер келгенде болгон. Социалдык психологдор мындай реакциянын түпкүрүндө “Эр намысынын төмөндөөсү” деген теория турарын айтышат. Аялзатына тийиштүү сапаттар жаратылыштан берилсе, эркектер өз намысын, дымагын ар түрдүү жолдор аркылуу коомго далилдөгө аракет кылат. Аял эгер жумушунан ажырап калса, анда кайра чыйралып, жакшырак иш издегенге аракет кылат. Ал эми эркектердин көбү мындай шартта чөгүп кетет, ачуусун үй-бүлөсүнөн, кумар оюндарынан же ичкиликтен чыгарууга өтөт. Ошентсе да Клинтонго каршы гендердик көзүрдү анын атаандаштары эми толук кандуу колдоно албай калышты. Эгерде ал жеңип чыкса АКШ коомчулугунда “назик феминизм” доору башталды деген эркек талдоочулар көбөйөт”, - деп баяндайт аналитик Питер Бейнарт.

Арабиянын жаңы ээси – Путин

"Жок нерседен бийликти жаратуунун оңой жолу бөлүнүп жарылган коомду таап, аны таптакыр талкалап салганда ишке ашат”, - деген теорияга таянуу менен Foreign Policy журналы Орусиянын Жакынкы Чыгыштагы саясатына сереп салат. 1970-жылдары советтик режим бул аймактан чыгарылган соң, жарым кылымдан ашуун убакыттан бери Орусия аталган чөлкөмгө кийлигише албай келген. Эми эмнеге кайтып барды? Владимир Путин Сириядагы ыдыроо, Египеттеги бийлик талашты колдонуп, чөлкөмгө өз тырмагын матырууда. Москва Дамаск, Каир жана Тобруктагы бийликти радикал динчилдерге каршы күрөштө колдоп, Египетте болсо президент Абдел Фаттах аль-Сиси армиясынын кыргын тактикасына көмөк көрсөтүүдө. 2013-жылдан бери Путин Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн саясатына бардык жагынан киришип, өз таасирин курчутуп келет. Сириядагы бомбалоолордон баштап, Иран, Ливия жана Түркиядагы дипломатиялык аракеттери Путинди стратегиялык көсөм же кумарпоз оюнчу катары бир канча убакыт өткөндөн кийин көрсөтөрү анык. Муну менен ал Батышка багытталган саясаты аксап жатканын кандайдыр бир деңгээлде камсыздап алгысы келгендей. Бирок Путиндин чет өлкөлөрдөгү ыдыроо, согуштан тапкан стратегиялык саясий упайлары өз мекенине кандай пайда алып келип жатат деген суроого жооп жок бойдон. Орусия азыр экономикалык оор кырдаалда. Анын кесепети кандай болору белгисиз. Мындай шартта Путин стратегиялык күчүн өз мекенине колдонсо болмок”, - деген пикирде Foreign Policy журналынын талдоочусу.

Италияда ар бир жаранга китеп үчүн 500 евро берилет

Италияда он сегиз жашка чыккан ар бир жаранга китеп сатып алуусу үчүн мамлекет 500 евродон берип турмай болду. Бул акчаны алар музейлерге жана театрга кирүүгө да колдоно алышат деп кабарлайт Independent гезити. Акция 3-ноябрдан тарта кийинки жылдын 31-декабрына чейин уланат. Буга жалпысынан мамлекет 290 миллион евро которду. Парламенттин катчысы Томмасо Нанничи: “Бул демилге жаштарга маданияттын канчалык баалуу экенин үйрөтүүнү көздөйт. Коомго аралашуусуна шарт түзөт”, - деген түшүндүрмө берди. Бир жылдан кийин Италияда ар бир мугалимге жеке карьерасын көтөрүү үчүн бир жолку 500 евро жардам берилмекчи.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG