Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (7-13-ноябрь).

"Канаданын "Центерра" компаниясы жакында эле Кошмо Штаттардын "Томсон Металс" аттуу ири фирмасы менен кызматташтыгын токтотту. Эми Кумтөр кенинде ири өлчөмдө алтын казуу иштерине киришет" деп баяндайт Торонтодо чыккан Mining.com интернет сайты.

“2016-жылдын алгачкы тогуз айында бул компаниянын тапкан кирешеси 87,9 миллион доллар деп эсептелип, былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн. Былтыр бул көрсөткүч 44,5 миллион эле. Мындай секирик быйыл алтындын баасы 19 пайызга өскөндөн улам болду. Борбор Азиядагы эң ири алтын өндүргөн Батыш компаниясы кыргыз өкмөтүндөгү талаш-тартыштан улам бул аймакта иш алып баруусун токтотуп койот деген да сөздөр болуп, алтын казууну бир аз солгундаткан. Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин компаниянын дүйнөлүк базардагы акцияларынын баасы да ары-бери термелген.

Кумтөрдүн тегерегиндеги талаш-тартыштардан улам былтыр Болгариянын тартип сакчылары "Центерранын" мурдагы президенти Леонардо Хоменюкту кармап, ал 11 күн абакта жаткан, бирок кыргыз тарап аны экстрадиция кыла албай койгон.

Кумтөр кенинде буга чейин 10 миллион унций алтын өндүрүлсө, азыр дагы 5,6 миллион унций запасы калды”, - деп жазат журналист Сицилия Жемейсми.

Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтү менен "Центерранын" жетекчилигинин ортосунда он жылдап созулган пикир келишпестиктер бар экени белгилүү. "Центерранын" эң чоң акционери Кыргызстан, өлкө компаниянын дээрлик 33 пайызына ээлик кылат.

Дүйнөдөгү суу тартыштыгы

“Миңдеген кишилер сүйүүсүз жашай алышат, бирок эч ким суусу жок жашай албайт”, - деген сөздөр менен Британиянын Economist журналы дүйнөдөгү суу кырдаалына жана сууну башкаруу көйгөйүнө сереп салат.

“Жердин үчтөн экисин суу каптап турат. Ошол суунун дээрлик токсон пайызы колдонулбай жаткан чакта эмнеге дүйнө окумуштуулары жаңырган кылымдын көйгөйү суу болот деп айгай салышууда? Себеби планета калкы абдан тез көбөйүп жана байыгандыктан суу да көп короп жатат. Экинчиден, климаттык өзгөрүүлөр нымдуу жерлерди ого бетер сазга айлантып, кургак аймактарды кагыратып салууда.

167 өлкөдөгү суу саясатын изилдеген Дүйнөлүк ресурстар институту 2040-жылга чейин 33 өлкө суусуз каларын билдирди. Буга сууну башкаруудагы өксүктөр себепкер болот. Азыркы тапта сугат жана таза суунун баасы абдан арзан. Саркындыларды кайра иштетүүчү системалар Индия сыяктуу калкынын саны көп, сууну эбегейсиз колдонгон өлкөлөрдө таптакыр жок. Жөнөкөй адамга сууну үнөмдүү колдонууну үйрөткөн атайын саясат өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде каралган эмес. Жазуучу Марк Твендин: “Виски ичиш үчүн, ал эми суу согуштун булагы”, - деген сөзүндөгү ишаараны алдын алуучу саясатты Бириккен улуттар уюмунун алкагында ишке ашыруу заман талабы”, - деп аяктайт баяндама.

Орус карыларынын оор жашоосу

Экинчи Дүйнөлүк согуштан аман калган, азыркы тапта арзыбаган пенсияга жашап жаткан орусиялыктардын тагдырын The Washington Post гезити иликтеген. 1940-жылдары төрөлүп, балалыгы согушта калган азыркы аксакал орустар күнүнө 4,5 долларга тиричилик өткөрүп келишет. Алардын алган пенсиясы 14 миң рубль же 200 АКШ доллары. 64 долларга чукул акча ай сайын газ жана светке кетсе, калган сумманы отуз күнгө бөлгөндө арзыбаган тыйын чыгууда. Эки жылдан бери карыялар Орусияда каржылык кризисти жон териси менен сезишүүдө. Бир нече жылдан бери экономикалык туруктуу акыбалдан улам пенсионерлер үчүн да жагымдуу жагдай түзүлгөн эле. Бирок азыркы кризиске туруштук бере албаган карыялар үйүндөгү акыркы жандыгын союп же сатып тиричилигин жөндөп кетүүнүн аркасында. Кыштан чыгуу үчүн быйыл премьер-министр Дмитрий Медведев Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда төрөлгөн кары-картаңдардын ар бирине 77 доллар жөлөкпул таратууну буюрган. Ошентсе да айрым пенсионерлер жетишсиз турмуштан алаксуу үчүн жашаган жериндеги кол өнөрчүлүк топторуна жана бий ийримдерине катышып, айрымдары компьютер үйрөнүп жатышат.

Көркөм чыгарма адам мүнөзүн жумшартат

The Wall Street Journal басылмасынын талдоочусу Сюзан Пайнкер адабий чыгарма же китеп адамдын мүнөзүнө таасир этиши мүмкүнбү деген суроого илимий чөйрөдөн жооп издеген. 2006-жылы Торонто университетинин окумуштуулары Кейт Отли жана Реймонд Мар адабий чыгарманы көп окуган кишинин башка адамдарга карата сезимталдыгы артаарын далилдешкен. Муну аныкташ үчүн алар китепти көп окуган жана окубаган адамдардын кулк-мүнөзүнө сереп салышкан. Канчалык көркөм чыгарманы көп окуган сайын адамдагы эмпатия сезими ойгоноору белгилүү болгон. Изилдөөгө 252 киши катышкан.

2013-жылы болсо психологдор Эмануель Кастано менен Дэвид Комер Кидд текст кишидеги эмоцияларды ойготуп, башкалардын психикасын түшүнүүгө жардам берээрин аныкташкан.

Даректүү окуяларга байланышкан китептер адамкерчилик сезимдерди арттырууга анча деле таасири тийбей турганын The Wall Street Journal жазат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG