Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:41

2017: тынчыбаган он өлкө


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (2-8-январь).

Foreign Policy журналы адаттагыдай эле жыл башында быйыл чыр-чатактар токтобой, террордук чабуулдар көбөйө турган өлкөлөрдүн тизмесин чыгарды. Сап башында Сирия менен Ирак турат. Иликтөөнүн автору Жейн Мари Гуеннонун пикиринде, азыркы тапта дүйнө өлкөлөрүнүн өз ара бөлүнүүсү террорчулук менен күрөшүүнүн башкы тоскоолдугу болууда. “Радикал жихадчылар өлкөлөрдүн ичине кирип, калаба уюштурууда жана башаламандыкты пайда кылууда террорчулукту бир тактика катары колдонушууда. Аны стратегиялык согуш деп түшүнгөн дүйнө лидерлери адашат. Маселен, азыр Орусия менен Түркия Сириядагы зомбулукту бирге токтотууну көздөшүүдө. Бирок эң алды бул өлкөлөр өз мамлекетин бекемдеп, андагы тынчтыкты камсыз кылышы керек”, - дейт Гуенно. Бул көлөмдүү иликтөөдөгү 10 өлкөнүн сап башына 500 миңдей кишинин башын жуткан жана 12 миллион адамды тентиткен Сирия менен Ирактагы согуш турат. 2017-жылы да бул эки өлкөдө согуш оту өчпөй, айрыкча Жакынкы Чыгыштагы Иран менен Түркиянын атаандаштыгы ага май тамызары белгиленет. Кийинки орунга Түркияны койгон автор бир жагынан коңшу Сириядагы согушкерлердин, экинчи жагынан ички террорчулардын бутасына айланган бул өлкөдө жаңырган жылда да террорчулук токтобой турганын жазган. Ошондой эле бул тизмеге Йемен, Чад, Конго Демократиялык Республикасы, Түштүк Судан, Ооганстан, Мьянма, Украина жана Мексиканы да киргизди Foreign Policy. Былтыр Украина бул иликтөөнүн баш жагында турган.

Обама мусулман, Трамп Орусиянын агентиби?

Washington Post гезитинин аналитиги Кетлин Паркердин: “Эгерде Обама мусулман болсо, Трамп орус шпионубу?” – деген макаласы окурмандар арасында бир топ талкууну жаратып, анын кыска мазмунун башка Батыш медиалары да өз веб-сайттарына басып чыгарышты. Талдоочу өз баянында тогуз жылдан ашуун убакыт бою Кошмо Штаттарында Барак Обама кениялык мусулман деген сөздөр айтылып келгенин, Обама коомчулукка христиан динин тутунам десе да баары бир бул ой калып калганын жазат. “Арийне киши, маселен, индеонезиялык болсо эле ошол өлкөдө көпчүлүк тутунган диндин өкүлү эмес да. Эмнегедир коомдо мусулман болсо эле “начар адам” дегендей көз караш бар. Албетте бул акылга сыйбаган нерсе”, - деген автор. Ошондой эле ал жакында эле АКШнын эң мыкты делген чалгын кызматы президенттик шайлоого Орусия хакердик чабуул жасаганын жарыялаганын, жаңы шайланган Дональд Трамп болсо бул боюнча ушуга чейин олуттуу билдирүү кыла электигин баяндайт. “Дональд Трамп бир кездерде КГБнын агенти болгон Орусиянын азыркы президенти Владимир Путиндин сүймөнчүгү экени талашсыз. Эми ушундан улам Трампты да Орусиянын агенти деп атасак туура болобу? Жок, бул да чындыкка коошпогон түшүнүк. Убагында шайлоо өнөктүгүндө Дональд Трамп Обаманын дүйнөдөгү 1,6 миллиард мусулманга жасаган жумшак мамилесин сындап чыккан. Ал эми азыркы кырдаалда Дональд Трамп же биз шайлаган жаңы президент ким деген суроону баарыбызга бергим келет”, - деген көз карашта автор.

Турак жай баасы түшүүсү ыктымал

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө турак жайдын баасы өзгөчө кымбаттап кеткендиктен, жакын арада бул тармакта массалык баанын түшүүсү байкалат деген иликтөөсүн The Telegraph гезити басып чыгарды. Аталган уюмдун эксперти Кэтрин Манн Канада, Швеция сыяктуу мамлекеттерде батирлер жана коммерциялык имараттардын баасы өтө эле асмандап кеткендиктен, кыймылсыз мүлк тармагында инфляция болушу ыктымал деген пикирде. Ошондой эле Британия да Европа Биримдигинен чыккандан кийин чет элдик инвестициянын жолу буулуп, үйлөр кыйла арзандайт деген ойдо. “Азыртадан эле Британияда турак жай баасындагы өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз. Айрыкча бул Лондон базарында көп байкалууда. Канткен күндө да эгер британ үйлөрүнүн баасы түшсө, жергиликтүү элге кичине жеңилдик жаралат”, - дейт Манн. Маселен, 2016-жылдын январында Лондондо сатыкта турган үйлөрдүн 41,5 пайызы өтсө, ноябрда соода 23 пайызга түшкөн.

Европаны муз басты

Франциянын Le Figaro гезити Европадагы суукту чагылдырган сүрөт баянын жарыялады. Анда тоңуп калган Эйфель мунарасын, муз баскан Ватиканды, Парижди көрсө болот. Польшада 20 градус суук болуп, он киши каза тапкан. Италияда болсо сууктан жети үй-жайы жок адам көз жумду. Францияда абанын табы минус 11 градуска чейин түшкөн. Муз баскан жолдо машинелер кырсыкка учурап, эки киши каза тапты. Швейцарияда минус 19, Германияда болсо рекорддук - 26 градус суук болду. Эч качан муздабаган Грецияда абанын табы 15 градуска ылдыйлады. Ватикандагы Ыйык Петр соборунун маңдайындагы фонтандар тоңуп калган.

Босния менен Сербияда болсо кыш чилдесинде суук 27 градуска чейин түшүүдө. Стамбулда калың жааган кардан улам жол кыймылы токтоду. Болгарияда тоңуп калган ирактык эки мигранттын сөөгү табылды. Греция менен Түркиянын чек арасынан да 20 жаштагы ооганстандык качкындын тоңгон сөөгү табылган деп кабарлайт Le Figaro.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG