Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Трамптын кызы эми Ак үйдө иштейт


Трамптын улуу кызы ага "баш-көз" болмой болду
Трамптын улуу кызы ага "баш-көз" болмой болду

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (20-26-март).

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын тун кызы Иванка Трамп Ак үйдө ыктыярдуу түрдө атасына "баш-көз" болуп иштемей болду. Бирок анын бул позициясы трампчылардын этикалык акыбалына тескери таасирин тийгизбейби деген аналитикалык макаланы Business Insider басылмасы чыгарды. Иванка Трамп мындан ары Ак үйдүн Батыш ыптасында мамлекеттик жансакчылар, тазалыкчылардын катарында атасына жардам берип турат. Буга кошумча өзүнүн мода брендине да ээлик кылат. Ак үйгө жеткиче Иванка атасынын Германия канцлери Ангела Меркел, Канада өкмөт башчысы Жастин Трюдо, Жапония өкмөт башчысы Синзо Абе менен жолугушууларына да кошо барган. Трамп кызын бийликтин ички айлампасына улам терең аралаштырып жаткандыктан, президенттик администрацияда анын үстөмдүгү өрчүйт деген кооптонууларга жол ачып берүүдө. Бирок үй-бүлө мүчөлөрүнүн президенттин ишине кийлигишүүсү АКШда биринчи жолу болуп жаткан жок. Учурунда Билл Клинтондун президенттик доорунда Хиллари деле саламаттык тармагын көзөмөлдөп турчу. Ак үйдө ыктыярчы катары иштеген Иванка башка расмий кызматкерлер карманчу этикалык нормаларды сактаганга милдеттүү эмес деп жазат Business Insider.

Москвадагы "Кыргызстан"

The Diplomat журналынын аналитиги Франко Галдини кыргызстандык режиссерлор жана иликтөөчүлөр менен бирге Москвадагы кыргыз мигранттарынын жашоосун чагылдырган жарым сааттык даректүү тасма тарткан. Тасма тууралуу Жапонияда чыккан The Diplomat журналы кабарлады. 1991-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин Орусия АКШдан кийинки эле дүйнөдө мигранттарды эң көп кабыл алган өлкөгө айланган. Германия же Батыш өлкөлөрүнөн айырмаланып, Орусияга баргандар саясий башпаанек издегендер эмес, көр тириликти оңдоону көздөгөн эмгек мигранттары деген автор. Ал бир нече кыргызстандык мигранттын жүзү менен Москвада пайда болгон "чакан Кыргызстанды" сүрөттөөгө умтулган. Догдур, эсепчи, студент, курьер жана башка кыргыз мигранттары Орусияда жашоонун күңгөй-тескейин баяндап, жемкорлук, батир көйгөйү, улутчулдук сыяктуу проблемалар козголгон. Галдини Борбор Азиядан Орусияга баргандардын көйгөйлөрүн кыргызстандыктардын жүзү менен тасмага чагылдыргысы келгенин жазат.

Капитализм 2050-жылга чейин дүйнөнү чөгөлөтөт

Forbes басылмасы өсүмдүктөр учурда абдан тездик менен жоголуп, 2000-жылдан бери планетада 6 миллион гектар жер токойсуз калганын, жакырчылык барган сайын артып, 2050-жылга чейин дүйнө калкы БУУнун эсеби боюнча 10 миллиардга жетип, азык-түлүк тартыштыгы келип чыгарын жазат. Мунун баарына макаланын автору Дрю Хэнсен капитализмди айыптаган. Ал айыл чарбанын жапырт коммерцияланышы, инфраструктураны жакшыртуу аракеттери климаттын өзгөрүүсүн шарттап, көп табигый апааттарга жол ачууда деген ойдо. "Корпорациялык капитализм түшүнүгү тынымсыз экономикалык өнүгүүгө багытталганы менен планетадагы табигый тең салмактуулукту жоготуп, ал тургай адам саламаттыгына да коркунуч жаратууда. Мындай шартта экономикалык өнүгүү менен табияттагы тең салмактуулукту сактоонун жолун издөө керек", - деген Хэнсен бир катар компаниялар азыртан эле корпорациялык пайда табууда табигый балансты сактоону баштап жатканын мисал келтирген. Эгерде бардык бай компаниялар бул жол менен кетпесе, 2050-жылга чейин планета капитализмдин айынан ачарчылык туткунунда калат деген идеяны бергиси келген Хэнсен.

Кытайда айдоочулук күбөлүгү үчүн үйлөнгөндөр көбөйдү

Бээжинде машинелүү болуу абдан оңой болгону менен айдоочулук күбөлүктү алыш кыйын. Эбегейсиз кымбат тойдун коштоосунда үйлөнүү бир кездерде кытай коомчулугунда мода болсо, азыр машине айдаш үчүн үйлөнгөндөрдүн саны көбөйүп жатканын The Wall Street Journal жазат. Анткени жубайлардын биринин айдоочулук күбөлүгү болсо экөө тең аны колдоно алышат. Азыркы тапта расмий гана никеге туруп, айдоочулук күбөлүктү жубайынан сатып алгандар да бар. Ал тургай бул көрүнүш онлайн бизнеске айланды. Мындай жалган никенин баасы 80 миң юандан 90 миң юанга чейин барат. Бул болжол менен 12 миң доллардай акча. Азыркы тапта Бээжинде 6 миллион машине бар. Макаланын каарманы 35 жаштагы Тонг 110 миң юанга расмий никеге туруп, айдоочулук күбөлүк алам деп интернетке жарнак берип, азыр жубай издеп жаткан чагы. Бойдокторго машине айдоо укугу оңой менен берилбестигин белгилейт The Wall Street Journal.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG