Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Тажик бийлиги элди велосипедге өтүүгө чакырды


Велосипед менен мектепке бараткан окуучу кыз
Велосипед менен мектепке бараткан окуучу кыз

Акыркы жума ичинде орусиялык басылмалар Тажикстан автоунаалардын импортун чектеп салганын, Орусиядан Борбор Азия өлкөлөрүнө которулган акчанын суммасы жана Казакстандын тышкы карызы тууралуу жазып чыкты.

"Интерфакс" маалымат агенттиги тажик өкмөтү жарандарын машинадан түшүрүп, велосипедге отургузууда деп маалымдайт. Макалада Тажикстанга автоунааларды алып кирүү жыл башынан бери 80 пайызга кыскарганы баяндалат. Былтыр сегиз айдын ичинде 13 миң автоунаа киргизилген болсо, быйыл алардын саны 3,5 миңге жеткен эмес. Жалпысынан он жылдан бери эле автоунаалардын импорту акырындык менен кыскарып келген. Тажикстандын транспорт министрлиги да жарандарды автоунааларды велосипед менен троллейбустарга алмаштырууга же жөө жүрүүгө чакырган. Тажик ИИМи былтыр борбор калаа Дүйшөмбүдө 66 миңден ашуун автоунаа катталганын, алардын 60 миңден ашууну айдалаарын билдирген.

"Регнум" Казакстанда ар бир ымыркай эки миң долларга жакын карыз менен төрөлөт деп жазат. Казакстандын 11 триллион теңге мамлекеттик тышкы карызын 18 миллион калкка бөлсө, ар бир казакстандык 1827 доллардан төлөшү керек болот деп айтылат макалада. Ошондой эле өлкөдө элдин жарымы гана жумуш менен камсыздалганын эске алганда орточо эсеп менен 420 доллар айлык маяна алган казакстандыктар карыздан кутулуу үчүн тогуз ай бекер иштеши керек болот деп белгиленет. Казакстандын улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев мындай чоң көлөмдөгү карыздарды өлкөдө бир катар ири эл аралык долбоорлор ишке ашырылып жатканы менен түшүндүргөн.

"Росбалт" басылмасы Орусиядан Өзбекстан менен Тажикстанга акча которуулар азайып, ал эми Кыргызстанга көбөйгөнүн баяндайт. Орусиянын борбордук банкы Борбор Азия өлкөлөрүнө акча жөнөтүүлөр ушул жылдын экинчи кварталында эки миллиард доллардан ашканын маалымдаган. Жалпысынан Өзбекстанга 696 миллион доллар, Тажикстанга 495 миллион доллар, Кыргызстанга 487 миллион, Казакстанга 151 миллион, Түркмөнстанга 3 миллион доллар акча которулган. Ал эми өткөн жылкы көрсөткүчтөргө салыштырганда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Орусиядан акча которуулар Кыргызстанга гана көбөйгөн.

"РИА Новости" агенттиги экстремизм менен терроризмге шектелген 150 жаран Тажикстанга кайтарылганын кабарлайт. Алар “Ислам мамлекети”, “Жамати Ансоруллох”, "Хизб-ут-Тахрир", "Өзбекстандын ислам кыймылы", "Салафия", "Группа-24", "Таблиги жамаат" жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү деп айтылат макалада. Тажикстандын Башкы прокуратурасы Сирия менен Иракта эки миңге жакын тажик жарандары “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарында согушуп жүргөнүн, каза болгондордун саны эки жүздөн ашканын маалымдашкан. Акыркы эки жылдын ичинде 75 жаран экстремисттик топторго “жалган руханий жана материалдык баалуулуктарга азгырылып” кошулганын айтып, мекенге кайтууга уруксат суроодо деп билдирген тажик өкмөтү.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG