Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин профессору Марлен Ларуэл Борбор Азиядагы башкаруучу элита Орусиянын басып алуусунан эмес, алардын мамлекеттеринде Майдандын болушунан көбүрөөк коркушарын жазды.

“РИА Новости” интернет басылмасы кабарлагандай, быйыл Ооганстанда маңзат өндүрүү 50 пайызга өскөн. Орусиянын Маңзатка көзөмөл салуучу федералдык кызматынын директору Виктор Иванов ооган жеринде апийим айдоо аянттары быйыл 224 миң гектарды түзгөнүн кабарлаган. "Бул Ооганстандын тарыхындагы жаңы рекорд. Мындай кырдаал Евразия жана Борбор Азия үчүн башкы көйгөйдү жаратууда", - дейт Виктор Иванов. Анын айтымында, дүйнөдө учурдагы инерциялык позиция сактала берсе, маңзат өндүрүү бул өлкөдө жылдан-жылга өсө берет.

Борбор Азия боюнча антрополог жана орусиялык тарыхчы Сергей Абашиндин баамында 200-250 миңге жакын кыргызстандык мигранттар орус жарандыгын алышкан деп жазат “Центральная Азия. ру” басылмасы.

“Өз келечегин Орусия менен көргөн адамдарды камтыган миграциянын бир түрү бар, алар акырындап жакшы шарттар түзүлгөн орус коомчулукка аралашып кетишүүдө”, - деп ой бөлүшкөн Сергей Абашин. Окумуштуу муну кыргызстандык мигранттарды орус тилин эркин сүйлөөсү жана мобилдүүлүгү менен байланыштырган. Орус паспорту эмгек мигранттарына орус жашоосуна кирип кетүүгө көп мүмкүнчүлүктөрдү берери айтылган макалада.

CA-News.org интернет басылмасы АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин профессору Марлен Ларуэлдин Борбор Азия – Орусиянын массалык маалымат каражаттарынын таасиринде калгандыгы тууралуу интервьюсун жарыялаган. “Борбор Азия өлкөлөрүндөгү коомдук пикир орусиялык маалымат аймагынын бир бөлүгү болгондуктан, украиналык жаңжалга орусиялык көз карашты бөлүшүүдө“ деген Марлен Ларуэл.

Изилдөөчүнүн болжолунда, Борбор Азиядагы башкаруучу элита Орусиянын басып алуусунан эмес, алардын мамлекеттеринде Майдандын болушунан көбүрөөк коркушат.

"АКШ Борбордук Азиядагы таасир үчүн Орусия жана Кытай менен атаандаша албасын кабыл алышы керек. Анткени, бул аймак АКШ үчүн маргиналдуу жана жайгашуусу боюнча кыйла алыс. Бээжин болсо, Борбор Азиядагы ички саясатка сормо саз катары карап, аймактагы коопсуздукту сактоо боюнча “кир жумушту” Орусияга жүктөп койду" деп эсептейт окумуштуу Марлен Ларуэль.

“Индиянын геосаясий амбициялары” деген макаласында “Регнум” басылмасы дүйнө жүзү боюнча өтө тез ылдамдык менен өнүгүп келе жаткан Индиянын Борбордук Азияга карата өзгөргөн саясаты жөнүндө жазат. "Индия акыркы жылдары экономикалык өнүгүү темпи боюнча Кытайды кууп жетип калган. Алдын ала божомолдор боюнча быйылкы жылы Индиянын экономикасы 7,4 пайызга өсүшү мүмкүн. Мындай өсүш Нью-Делини таасир этүү аймагын кеңейтүүгө түртүүдө. Борбор Азия болсо, индиялык позицияны бекемдөөгө керектүү башкы аймактын бири. Эл аралык саясий чөйрөдө жыл башынан тарта Индия быйыл Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болуп кире тургандыгы айтылып келген. Мындай жол менен 10 жылдан ашык убакыт боюнча кызматташтык уюмуна байкоочу болгон Индия эми таасир күчөтүүгө кирди. Советтер Союзунун таркашынан кийин Индия бул жакта саясий активдүүлүгүн көрсөткөн эмес. Бирок экономикалык өнүгүү темпи жана аны менен кошо өскөн саясий таасир Индияга эл аралык аренада тышкы саясатын каалагандай өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө" деген корутунду чыгарылат макалада.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG