Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

АКШны “жүдөткөн” Wikileaks


Wikileaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж.
Wikileaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж.

Wikileaks интернет сайтынын айланасындагы чуу Батыш басма сөз каражаттарынын көңүл бутасына айланды.

Times гезити “Ыңгайсыз абалда калган АКШ Лондонду эскертти” деген тема менен макала жарыялады. Анда АКШнын Лондондогу элчиси Wikileaks сайты жарыялашы күтүлгөн миллиондогон дипломатиялык документтер өнөктөштөр ортосундагы мамилелерге доо кетирүүсү мүмкүн экенин эскерткенин жазып чыкты.

Wikileaks жекшемби күнү жарыялай турганын билдирген документтер өткөн айда Ирак тууралуу жарыяланган 400 миң документтин көлөмүнөн 7 эсе көп боло турганын эскерткендиги эске салынган макалада, АКШ армиясынын штаб төрагасы адмирал Майк Муллендин Wikileaks сайтынын дарегине кайрылып, ал документтерди коомчулукка чыгарбоосун өтүнгөнүнө көңүл бурулат.

Independent гезити да дүйнө коомчулугунун бүйүрүн кызыткан маселеге кайрылып, акыркы күндөрү бир катар өлкөлөрдөгү америкалык дипломаттар Wikileaks сайты 3 миллионго жакын жашыруун дипломатиялык документтерди жарыялаганда келип чыгышы мүмкүн дипломатиялык тирештин боло билүүчү натыйжаларын чектөөгө аракеттенип жатканын билдирет.

Гезиттин маалымдашынча, өткөн айда Ирак согушу тууралуу документтерден 7 эсе көп экени маалымдалган документтер Пентагондун коопсуздук текшерүүсүнөн өткөн кишилер гана пайдалана билүүчү СИПРНет аттуу жашыруун онлайн компьютер түйүнүнөн түшүрүлүп алынган. Гезит америкалык ырасмий өкүлдөр АКШнын башка өлкөлөрдөгү элчиликтердин жана дипломатиялык кызматкерлердин чет элдик лидерлер же өлкөлөр тууралуу ээн ооз айткан сөздөрүн да камтыган бул өңдүү документтердин шардана болушу Вашингтон менен анын өнөктөштөрүнүн мамилелерине зыян алып келүүсү ыктымал деп эскертти. Лондондон сырткары америкалык дипломаттар апта акырында Түркия, Израил, Канада, Дания, Норвегия жана Австралияны да эскертишкен.

Washington Post гезити да бул маселеге кайрылып, АКШнын Мамлекеттик департаментинин кеңешчисинин Wikileaks сайтынын ээси Жулиан Ассанжды жарыяланышы күтүлгөн департаментке тиешелүү документтер өтө коркунучтуу натыйжаларды туудуруп, көптөгөн журналисттердин, аскерлердин жана укук коргоочулардын өмүрүн тобекелге саларын эскерткен билдирүүсүн жарыялаган. Кеңешчинин билдирүүсүндө Ак үй документтерге байланыштуу Wikileaks менен эч кандай бир соодалашууга барбай турганы айтылат.

Түркияда чыгуучу Hurriyet гезити “АКШ армиясынын штаб башчысы Майк Муллен Wikileaks сайтынын ээсине жалынды” деген тема менен макала жарыялады. Анда 4 жылдан бери жашыруун документтерди жарыялап, дүйнө коомчулугун чакчелекей түшүргөн Wikileaks эми жашыруун 3 миллион документ менен Мамлекеттик департаментти оор абалда калтырары айтылат.

Internet Haber аттуу сайт Wikileaks жашыруун 3 миллион документти буга чейин убада кылгандай 28-ноябрда жарыялабай калуусуна көңүл буруп, “чуулгандуу сайттын ээси Жулиан Эссанж муунтулган болуп жүрбөсүн босун” деген суроону койот. Макалада Wikileaks жарыялайм деп коркуткан документтердин арасында Ооганстандын президенти Хамид Карзай жана анын үй-бүлөсү жөнүндөгү ушак-айыңдар, Британия менен АКШнын Франция жөнүндө чектен ашкан мүнөздөмөлөрү, Италияны иренжите турган, Орусиянын лидери Владимир Путинди шылдыңдаган жагымсыз сөздөр жана Борбор Азия лидерлеринин коррупциялык жүрүм-турумдары тууралуу маалыматтар бар болгону айтылат.
XS
SM
MD
LG