Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

Кыргыз коомундагы ислам жана сүйүү


Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп (17-23-февраль)

Узап бараткан апта ичинде дүйнөлүк басылмалар негизинен Украинадагы кырдаалга, Сочи олимпиадасына, дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына жана Венесуэладагы кандуу саясий күрөшкө көңүл бурушту. Айрым басылмалар Борбордук Азиядагы окуяларды да көңүл сыртында калтырган жок.

FP: Кыргыз коомундагы исламдашуу

Кыргызстандагы коомдун исламдашуусу Front Page журналынын негизги темасы болду. Макалада өлкөдөгү динчил жана секулярдык кызыкчылыктардын тиреши жөнүндө баяндалып, салафи мазхабынын Кыргызстанда кулач жайышы Орусияга чөлкөмдө таасирин күчөтүүгө ыңгайлуу шарт түзгөнү, Москва ашыкча исламдашуу жүйөөсүн бетке кармап, Кыргызстанда аскерий контингентин кеңейтиши мүмкүндүгү айтылат.

Журнал "Таблиги жамаат" кыймылы Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө террористтик уюм катары таанылганы менен, Кыргызстанда ага тыюу салынбаганын баса белгиледи. Автор Дэниел Гринфилд Кыргызстан Орусиянын моделине ыктап, диний ишмерлердин билим деңгээлине жана ишмердүүлүгүнө көзөмөл салууга кызыкдар экенин жазды.

Кыргызстанда сүйүү ышкысын үйрөткөн мектеп үч жылдан бери ийгилик жаратып келе жатат. Бул окуу жайы жана өлкөдөгү жыныстык билим тууралуу EurasiaNet басылмасы жазды. Бишкектеги Jade Gift School мектебинде 150 чакты айымдарга сүйүшүү ырахаты, гимнастика, руханий байлык, укалоо жана эркти чыңоо боюнча сабактар өтүлөт. Мырзалар үчүн дагы аялдарына төшөктө туура мамиле кылуу, сүйүү булчуңдарын күчөтүү жана простата рагынын алдын алуу боюнча сабактар окутулат.

Советтер Союзу урагандан кийин дагы жыныстык жакындык дале жабык тема. Басылма Кыргызстанда жыныстык билим төмөн болгондуктан, ар кандай жугуштуу оорулар кулач жайганын белгиледи. Аны менен бирге көптөгөн жаш жубайлардын секс жөнүндө такыр түшүнүгү жоктугун жазды.

Тажиктештирүү жараяны күч алды

Ушул эле басылма Тажикстандагы чет тилиндеги сөздөрдү тажиктештирүү жараянына токтолду. EurasiaNet жазгандай, Мамлекеттик тил комиссиясы итальян тилиндеги "пицца" сөзүнө тыюу салып, аны "питсо" деп тажиктештирип жазууга буйрук кылган. Ал эми эл арасында кеңири колдонулган "стоматолог" сөзүн перс тилиндеги "дандонпизишк" сөзү менен алмаштырган. Жергиликтүү калктын кыжырын келтирген жараян күчтөп жүрүп жатканын басылма белгиледи. Аны менен бирге EurasiaNet жарыгы жок отурган тажикстандыктар үчүн учурда кара курсакты тойгузуу тилден артык турарын жазды.

Тажикстанда Марко Поло аркарын 50 миң доллар төлөп аткан америкалык мергенчи аңды уюштурган ортомчуну сотко берди. Монтаналык Рик Вукасин Памир тоолорунда эки жыл мурун аңчылыкка чыгып 182 килограммдык аркарды атып өлтүргөн. Өз кезегинде, канадалык ортомчу "Амери-Кана экспедишн" аркардын мүйүзүн канааттандыраарлык эмес абалда Вукасинге жөнөткөн. Туурасы 1.5 метр мүйүзгө 65 жаштагы америкалык электриктин купулу толбой, ортомчу компаниядан 75 миң доллар компенсация талап кылды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Ич кийимге - эркиндик

Беларус, Орусия жана Казакстан аялдардын тор ич кийимин сатууга расмий түрдө тыюу салды. Мындан улам казак айымдары каршылык иретинде акция уюштуруп, көчөлөргө тор ич кийимдерин алып чыгышкан. Бул тууралуу The Independent гезити жазды. Алматыда өткөн нааразылык акциясына отуз чакты аял катышып, аларды күч органдары кармап кетишкен. Акцияга чыккан аялдар тор ич кийимдерин баштарына кийип алышып "Ич кийимге - эркиндик!" деп кыйкырышкан. Аталган үч өлкө тор ич кийимдердин курамында пахта алты пайыздан төмөн деген жүйөө менен тыюу салган. Ал эми тор ич кийимдерди саткандар бул чечим алардын бизнесине чоң доо келтирет дешти. Ишкерлердин айтымында, ич кийимге тыюу салуу аткезчиликке жол ачышы мүмкүн.

Венесуэланы башаламандык каптады

Венесуэладагы саясий тирешүү беш адамдын өмүрүн алды. Арасында 22 жаштагы студент жана өлкөнүн Мисс–2013 сулуулар кароосунун жеңүүчүсү Хенесис Кармона бар. Каракастагы кырдаал тууралуу The New York Times гезити жазды. Венесуэла парламенти оппозициячыл партиянын парламенттеги талкууларга катышуу жана комитеттер башчылыгына дайындалуу укугун алып салган соң, оппозициянын лидери Леопольдо Лопез калкты нааразычылык билдирип, көчөгө чыгууга үндөгөн. Ага удаа президент Николас Мадуро дагы чоң демонстрация уюштуруп, оппозициячыл акциянын катышуучуларына күч колдонду. Мурдагы президент Уго Чавес көз жумгандан бери мындай массалык демонстрация болгон эмес.

Оппозиция президент Мадуро эл менен баарлашуунун бардык жолдорун бууп салганын билдирүүдө. Нааразылык билдирип көчөгө чыккан венесуэлалыктар өлкө жетекчисинин кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышат. Расмий Каракас айрым чет элдик дипломаттарды өлкөдөн чыгарып, оппозиция лидери Лопезди камакка алды. Башаламандыктар Венесуэланын бир нече шаарларында уланууда. Өлкөдөгү көчө акцияларын чагылдырууга тыюу салынып, венесуэлалыктар маалымат таңкыстыгына нааразы.


FP: Кыргыз коому исламдашып баратат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG