Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Путин: Украина менен согуш болбойт


Орусиячыл жикчилдердин аскердик унаалары. 23-февраль, 2015-жыл
Орусиячыл жикчилдердин аскердик унаалары. 23-февраль, 2015-жыл

Орус президенти Владимир Путин “Россия-1” телеканалына маек куруп жатып Украина менен согушуу мүмкүн экенине ишенбестигин билдирип, бул “апокалиптик сценарий болуп калмак” деп айтты. Ал ошондой эле Украинада болуп жаткан туруксуздукка Орусиянын эч кандай тиешеси жок деп билдирди.

Орусиянын президенти Дебальцево шаарындагы украин аскерлерине урулган соккуда Орусиянын колу бар деген айыптоолорду четке какты. Путин ошондой эле Герман канцлери Ангела Меркел менен Франциянын президенти Франсуа Олландга ишенерин кошумчалады. Владимир Путин Минск сүйлөшүүлөрүндө жетишилген тынчтык келишими ишке ашарына жана “Украинанын чыгышындагы кырдаал акырындык менен калыбына келерине” ишенерин билдирди.

АКШ баштаган батыш өлкөлөрү Орусия Украинанын чыгышындагы сепаратисттерди курал-жарак менен камсыздап турат деп айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG