Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Төрөбаев орус дипломатын жоопко тартууну талап кылды


Кырсыктан кийин.
Кырсыктан кийин.

Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев Бишкектеги адам өмүрүн алган жол кырсыгына катышкан орус дипломаты Виктор Пуховду жоопко тартуу талабын койду. Аталган фракциядан билдиришкендей, Төрөбаев Тышкы иштер министрлигине кайрылып, Пуховдун Орусияда болсо да жазаланышын көзөмөлгө алууга чакырды. Маркумдун өлүмү боюнча элчиликтин позициясын эки тараптуу алакаларга жол бербеген, туура эмес деп баалады:

- Элчиликтин жетекчилиги Лексиндин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, жардам берүүнүн ордуна кайдыгерлигин жана жоопкерчиликтен качуу аракетин көрсөтүп койду - деди Бакыт Төрөбаев.

16-февралда Фучик жана Василевск көчөлөрүнүн кошулушунда орус дипломаты Виктор Пухов башкарган “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү жолтандабас катуу ылдамдыкта кызылдан өтүп, “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу автоунаасын сүзгөн. Андан жүк ташуучу машиненин айдоочусу, 62 жаштагы кыргызстандык Евгений Лексин каза тапкан.

Элчилик алгач анын үй-бүлөсүнө жардам берилип жатат деген маалымат таратып, бирок жакынын жоготкондор муну четке кагып, милицияга арыз жазышкан. Ал арада айдоочу-дипломат ошол кезде мас болгонун Бишкектеги Медициналык-консультативдик жана спорттук медицина борборунун дарыгерлери айтып чыгышты. Пуховдун өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда. ​(NT)

XS
SM
MD
LG