Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Элимдин көрөңгөсү: Сүйүн Караев


Өзбекстандык география профессору Сүйүн Караев, 2013-жыл, Бишкек
Өзбекстандык география профессору Сүйүн Караев, 2013-жыл, Бишкек

Ташкендеги белгилүү кыргыз, илимпоз Сүйүн Караев май айында 90 жашка толот. Борбор Азиядагы эң бактылуу эл Өзбекстанда жашайт деген эл аралык отчеттон улам "Азаттык" Караев аксакалдан кабар алып, анын чын эле бакубат турмушта жашап жаткандыгын билди.

Дүйнөдө кайсы эл бактылуу деген эл аралык баяндамага ылайык, Швейцария эң бактылуу адамдар жашаган өлкө экен. Борбор Азиядан Тажикстан 106-орунда эң артта, Кыргызстан андан бир топ алдыда, тагыраак айтканда 77-орунда. Түркмөнстан 70, ал эми Казакстан 54-орунду ээлеген. Өзбекстан 44-орунга чыгып, аймактагы эң бактылуу адамдар жашаган өлкө экен.

Өзбекстандын жизак кыргыздарынан чыккан белгилүү географ жана тилчи Сүйүн Караевге телефон чалганыбызда, ал өзүн бактылуу адам деп эсептээрин бышыктады:

- Май айында 90го чыгам. Өзбекстандын Геодезиялык кадастр комитетинде жарым ставкада иштеп жатам. Мен өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Айлык, пенсия улам жогорулап турат. Эс алуу жайына жолдомо алам. Пенсиям жакшы, «согуш мезгилинде тылдагы эмгектин каарманы» деп да кошулган. Балдарым багып атат, ошондуктан анча-мынча тыйын-тыпырды банкка аманат деп салып коем.

Элимдин көрөңгөсү: Сүйүн Караев
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00
Түз линк

Ташкендеги кадырлуу аксакал кыргыз элине батасын берип, кыргыз-өзбек достугу бекем болсун деген тилегин билдирди:

- Эки уул, бир кызым бар. Уулдарым бөлүнгөн, кызым мени менен жашайт. Чөбөрөлөрүмдүн саны сегизге жетти. Тилегеним - кыргыз менен өзбектин достугу түбөлүк болсун. Суубуз бир, жерибиз бир. Өзбекстанда 300 миң кыргыз бар, турмуштары жакшы, өзбектер бизди урматтайт. Достук болсун, элдер, адамдар дос болсун. Эч ким урушпасын!

Сүйүн Караев география илимдеринин доктору, Чынгыз Айтматовдун эки китебин өзбек тилине которгон.

"Биз өзбектешкен жокпуз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:59 0:00
Түз линк

Улуттар Уюму үчүн даярдалган документте экономика, психологияга басым жасалган сурамжылоого анализ жасалып, улуттук статистика, саламаттык, коомдук саясат жана башка тармактар боюнча алдыңкы адистер бактылуулук сезимин аныктоодо мамлекеттердеги прогрессти кандайча баалоого боло тургандыгын сүрөттөшөт.

23-апрелде жарыяланган отчет 158 өлкөдөгү бак-таалайлуу жашоо маанайын чагылдырган. Мындай иликтөө мамлекеттик саясатты аныктоодо адамдын өзүн бактылуу сезүүсүн да эсепке алуу керек деген жаңы талаптын аркасында үч жылдан бери жүргүзүлүп келет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG