Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

“Фридом Хаус”: Евразия Жакынкы Чыгышка теңелди


Баш кеңсеси АКШда жайгашкан “Фридом Хаус” уюму дүйнө өлкөлөрүндөгү жарандык укуктардын жана саясий эркиндиктердин абалы боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Кыргызстан мурдагыдай эле “жарым-жартылай эркин” өлкөлөрдүн тизмесинде. Бирок быйылкы баяндамада Кыргызстан да кирген Евразия дүйнөнүн саясий жана социалдык жактан эң репрессиячыл аймактарынын бири катары мүнөздөлгөн.

“Фридом Хаустун” пикиринде, Орусияда “темир муштумдун кайра кайтып келиши” азыр бүткүл Евразия аймагындагы кырдаалга таасир берүүдө.

Уюмдун изилдөөлөр боюнча вице-президенти Арч Паддингтон мындай дейт:

- Биз аныктагандай, Евразиянын өзгөчө саясий укуктар боюнча индикаторлору дүйнөдө эң начар болуп чыкты. А түгүл Жакынкы Чыгыштан да начар. Муну жаңылык деп айтсак болот.

Орусияда өткөн жылкы демонстрациялардын көбү кармоолор менен аяктады.
Орусияда өткөн жылкы демонстрациялардын көбү кармоолор менен аяктады.
Баяндамада белгилегендей, орус президенти Владимир Путин былтыр элдик демонстрацияларды, жарандык коомдун ишин чектөө, ой-пикирди интернетте же басма сөздө эркин билдирүүгө тоскоолдук жасоо менен “ачык коомдун баалуулуктарын жек көрөрүн көргөздү”.

Баяндамада Орусия АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги - ЮСАИДди өлкөдөн чыгарганы баса көргөзүлүп, президент Барак Обаманын администрациясы орус тарапка “ишенимдүү жооп кайтара албаганы үчүн” сынга алынган.

Орусиядан Украинага келсек, анын рейтингдери экинчи жыл катары менен төмөндөөдө. Бул көп жагынан Украинада оппозиция лидерлери абакка саясий жүйөөдөн улам гана түшүп жатат деген көз караш Батышта үстөмдүк кылганына байланыштуу.

Борбор Азия

Борбор Азиянын беш өлкөсү ичинен “Фридом Хаус” Кыргызстанды гана “жарым-жартылай эркин” деп эсептейт. Уюмдун изилдөөлөр боюнча вице-президенти Арч Паддингтон:

- Борбор Азияда упайы эң начар өлкөлөр бар. Өзбекстан менен Түркмөнстанды биз “начарлардын начары” деген категорияга киргизгенбиз. Казакстан менен Тажикстан да ушул категорияга жакын.

“Фридом Хаустун” көз карашында, Тажикстанда жарандык эркиндиктер былтыр жайда Тоолуу Бадахшанда болгон аскерий операциялардын аркасында начарлап кеткен.

Ал эми Казакстан Жаңы-Өзөн шаарындагы кандуу кагылыштын артынан оппозициячыл басылмаларды, социалдык медианы кысмактоону күчөттү.

Өзбекстан, Түркмөнстан жана Беларус адам укуктарынын абалы жагынан Сирия, Сомали, Түндүк Корея менен бирдикте тизменин эң түбүндө турушат.

“Фридом Хаустун” өкүлү Арч Паддингтон:

- Евразия аймагынан чындап көзгө көрүнгөнү - Грузия. Ал жерде кырдаал бир топ жакшырды. Армения менен Молдовада да кырдаал бир аз оңолду Евразиянын калгандары жалаң эркин эмес өлкөлөр.

“Фридом Хаустун” баамында, 2012-жыл “эркиндик үчүн татаал” жыл болду.

Евразияда адам укуктарынын начарлашы башка тенденциялар менен катарлаш кетти.

Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка

Эркиндик жагынан алга жылуулар өткөн жылы Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада орун алды.

Араб жазын эң алгач баштан кечирген Тунис анын жемишин көрө баштаса, Ливия “эркин эмес” мамлекеттер сабынан “жарым-жартылай” эркиндердин катарына кошулду.

Ал эми Египетте бийликтеги “Мусулман агаиндер” кыймылынын демократия боюнча күмөндүү убадалары, Перси булуңундагы өлкөлөрдө эркиндиктин тарышы тынчыздана турган жагдай катары мүнөздөлгөн.

Египетте демократиянын келечеги күмөн-саноолорду жаратууда. Журналисттердин 25-ноябрь, 2012 -жылдагы митинги.
Египетте демократиянын келечеги күмөн-саноолорду жаратууда. Журналисттердин 25-ноябрь, 2012 -жылдагы митинги.
Баяндамада көңүл бурулган тенденциялардын дагы бири, Фридом Хаустун пикиринде, мусулмандар мусулмандарга каршы жасаган кыянатчылыктардын Пакистанда “үрөй учурган” деңгээлге чыкканы, Иракта да кеңири жайылган бойдон калып жатканы.

“Фридом Хаус” Түркияда жарандык эркиндиктер чоң тобокелчилик алдында турат, Кытайда башкача ойлонгондорду, Иранда блогерлер менен азчылыктарды куугунтуктоо уланып жатат деп санайт.

Жалпысынан уюмдун эсебинде, азыр дүйнө калкынын 43% “эркин”, 23%
“жарым-жартылай эркин”, 34% “эркин эмес” коомдордо жашайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG