Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Орусия Балтика өлкөлөрүнө айбат көрсөтүүдө


Орусиялык Су-27 истребители Балтика өлкөрүнүн аба мейкиндигинде жүргөнү байкалган. 27-июнь, 2014
Орусиялык Су-27 истребители Балтика өлкөрүнүн аба мейкиндигинде жүргөнү байкалган. 27-июнь, 2014

Орусиянын аскер күчтөрү Балтика деңизине жакын аралыкта мурда болуп көрбөгөндөй активдешүүдө.

Бул жөнүндө Польшанын коргоо министри Томаш Симоняк маалымдады. Анын айтымында, Орусиянын аскерий машыгууларды өткөрүүсүнүн максаты - НАТОнун чөлкөмдөгү күчтөрүнүн тамырын тартып көрүү.

Орусиянын аскердик авиациясы менен кемелери Балтика мамлекеттеринин аба жана деңиз мейкиндигинде мурда болуп көрбөгөндөй активдешүүдө. Бул жөнүндө Польшанын коргоо министри Томаш Симоняк 11-декабрда Варшавада TVN24 телеканалынан көрсөтүлгөн маектешүүдө айтты:

- Акыркы бир нече күндө Балтика деңизинде Орусия тараптын, Балтика флотунун жана орусиялык авиациянын биз мурда көрбөгөндөй активдүүлүгүн байкадык.

Томаш Симоняк Польша НАТО альянсынын мүчөсү болгондуктан өлкөгө кол салуу коркунучу жок деп эсептейт. Ал ушундан келип, Орусиянын аскердик аба күчтөрү менен деңиз флоту өткөрүп жаткан түрдүү маневрлар НАТОнун аскерлеринин реакциясын текшерүүнү көздөйт шекилдүү деп боолгойт.

Варшаванын Кошмо Штаттардан узак аралыкка жетүүчү ракеталарды сатып алуу чечимин министр ушу тапта чөлкөмдө өкүм сүргөн чыңалуу менен түшүндүрдү.

11-декабрда Польша-АКШ ортосунда түзүлгөн 250 миллион долларлык келишимге ылайык, Варшава Пентагондон аба-жер классындагы 40 даана ракета сатып алат. Ал ракеталар өлкөнүн аба күчтөрүнүн F-16 истребителдерине орнотулат. Мындай ракета 370 чакырымга чейин жетет. Польшанын аба күчтөрүндөгү тактикалык үч авиа-эскадрилиянын курамында 36 даана F-16 истребител бар.

Франс - пресс агенттиги НАТОнун өкүлүнө шилтеп кабарлашынча, 8 -декабрда Балтика деңизинин үстүндөгү жана Норвегиянын жээгине чукул эл аралык аба мейкиндикти Орусиянын аскердик учактары 30дан ашык жолу бузуп кирген.

Быйыл НАТО өлкөлөрүнө чектеш аба мейкиндикте орусиялык аскердик самолеттор 400дөн көп жолу кармалганын ноябрь айында Түндүк Атлантика альянсы билдирген.

Ошол эле 8-декабрь күнү, Франс-пресс агенттиги маалымдагандай, орусиялык 22 аскерий кеме Балтика деңизиндеги чек араны бузгандан кийин Литва куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдык абалына өткөргөн.

Орусия март айында Крым жарым аралын мыйзамсыз түрдө референдум өткөрүп, аннексиялап алган. Кремл анын артынан эле Чыгыш Украинада башын көтөргөн жикчилдерди колдой баштагандан кийин Орусия-Батыш арасындагы мамиле Кансыз согуш мезгилиндеги абалга түшүп кеткен.

Британиянын бейөкмөттүк изилдөө борбору - European Leadership Network ноябрда жарыялаган докладда Украин кризисинен кийин Орусия-Батыш ортосунда “жакындан аскерий айбат көрсөтүү” көбөйгөнү белгиленет. Акыркы сегиз айда кыркка жакын коркунучтуу же тобокелге алып барчу окуя болгон. 3-мартта Копенгагенден Римге учуп бараткан Скандинавиянын SAS авиакомпаниясынын 132 жүргүнчү баткан авиалайнери менен орусиялык чалгынчы учак кагышып кете жаздаган. "Балтика жана Кара деңизден тартып, АКШ менен Канаданын чек арасына чейинки географиялык кеңдикте аба мейкиндигин бузуу жана башка ушу сыяктуу кооптуу көрүнүштөр көп болуп жатат", - деп айтылат береги изилдөөдө.

XS
SM
MD
LG