Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:38

Эл аралык укук коргоо уюмдары Кремлди чечен лидеринин коркутууларына көңүл бурууга чакырышты. Акыркы күндөрү Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жана анын айланасындагы адамдар президент Путиндин сынчыларын “душмандар” деп атап, аларга каршы чара көрөрүн жашырган эмес эле. Кадыровдун сөзү Орусияда коомдук талкуу жаратты, жума күнү Чеченстанда аны колдогон массалык митинг уюштурулду.

Чеченстандын жергиликтүү бийликтери, атап айтканда Ички иштер министрлигинин ырастоосунда, Грозныйдагы демонстрацияга бир миллиондой адам жыйналды.

Бирок демонстранттардын саны мынчалык көрүнгөн жок, Чеченстандын бүткүл калкы өзү 1,4 миллион. Маалыматтарга караганда, мамлекеттик кызматкерлер, башкалар да бүгүнкү демонстрацияга катышууга мажбурланып, мекеме-ишкана жетекчилерине канча адам алып келүү керектиги тууралуу тапшырма берилген.

Грозныйдын борборунда Рамзан Кадыровдун атын айтып кыйкырышкан демонстранттар орусиялык оппозициячыл активисттердин, президент Путиндин сынчыларынын ысымдары жазылган, аларды “саткындар”, “бешинчи колонна”, “уятсыздар” деген ураан-чакырыктарды да көтөрүп турушту.

Грозныйдагы демонстрация. 22-январь, 2016-жыл.

Грозныйдагы демонстрация. 22-январь, 2016-жыл.

Кремлдин оппоненттеринин ысымдарын демонстрациядагы сөзүндө Чеченстандын парламент спикери Магомед Даудов да бирден атап өттү:

- Чөнтөк жана акча алган марионеткалар чыкты. Булардын ысымдары мыйзамсыз тапкан дүйнө-мүлкүнөн, мамлекеттик кызыкчылыктарды ачык эле сатканынан улам белгилүү болду. Алар: Навальный, Ходорковский, Веннедиктов, Каляпин, Пономарев, Яшин, Каспаров, Шендерович, Касьянов, Ганушкина, Шабуров жана улуттук саткындардын башка тобу.

Рамзан Кадыров жана анын жакынкы кызматташтары тарабынан орусиялык либерал саясатчылардын, активисттердин, журналисттердин дарегине каршы сөздөр бир аптадан ашуун убакыттан бери айтылып жатат.

Ким мекенчил, ким душман?

Алгач 15-январда Чеченстандын башчысы президент Путиндин оппоненттерин “эл душмандары” деп атап, алар камалып, соттолушу керектигин билдирген эле.

Эртеси Москвадан чыгуучу “Известия” гезитинде жарыяланган макаласында Кадыров оппозициядагыларды “чөөлөр” деп сыпаттап, Орусияны “сактоо үчүн” алар жазалануусу керектигин, президент Путиндин буйругу “кандай татаал болбосун” аткарууга даярдыгын жазган.

Кадыровдун артынан анын жакынкы кызматташтары социалдык медиада Кремлдин сынчылары коркутуу катары кабыл алган видеолорду жана сүрөттөрдү тынбай жарыялашты.

Ага катар социалдык түйүндөрдө орусиялыктар арасында “Кадыров Орусиянын патриоту” жана “Кадыров Орусиянын маскарасы” деген эки башка акция да жүрүп кетти.

Чеченстандын саясий жетекчилиги Орусиянын душманы деп атагандардын бири, оппозициядагы ПАРНАС партиясынын төрага орун басары Илья Яшин “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде коомдук талкуулардын мааниси тууралуу мындай деди:

- Менимче, Орусиянын ар бир мекенчили, өзгөчө саясат менен алектенгендери акты ак, караны кара деп айтышы керек. Тилекке каршы бул нерсе биздин өлкөдө абдан коркунучтуу болуп бара жатат. Чындыкты айтуу менен белгилүү бир тобокелдикке кабыласың, муну биз акыркы күндөрү өзүбүздөн көрүп жатабыз. Бирок биз муну жасашыбыз керек. Эгер коркунучтун кучагынан чыга албасак, бир күнү баарыбыз Кадыровдун чеңгелинде калган болобуз. Мен өз өлкөмдүн келечеги үчүн мындайды каалабайт элем. Биз Чеченстанда эмне болуп жатканын билебиз. Азыр Кадыровдун режими боюнча баяндама даярдап жатабыз. Өтө көп маалымат чогулду. Айдан ачык эле өзүмбилемдик. Мен Чеченстан укуктук талаага кайтышы, Кадыров бийликтен четтетилиши үчүн аракеттенгем жана аракеттене берем. Бул күрөштү, биздин риториканы көп сандагы орусиялыктар колдоп жатканына кубанычтабыз. Кадыровдун өзү жана "кадыровчулар" мына ушундан улам дүрбөлөңгө түшүп жатат. Алар сынды жек көрүшөт, андан коркушат.

Илья Яшин кошумчалагандай, алардын Кадыров боюнча доклады “Улуттук коопсуздукка коркунуч” деп аталып, оппозиция лидери Борис Немцов өлтүрүлгөн күндүн бир жылдыгына тушташ жарыяланмакчы.

Адам укуктарын тебелеп-тепсегени үчүн айыпталып жүргөн Кадыровдун сынчылары ал Борис Немцовго кол салуунун артында да турушу мүмкүн деп шек санашат. Бирок аны суракка алдыруу боюнча аракеттерден майнап чыккан жок.

Кремлге чакырык

Орусиялык укук коргоочулардын жана коомдук ишмерлердин тобу 16-январда “Интеллигенция конгрессинин” сайтында жарыяланган ачык катында өлкө мыйзамдарын көзгө илбей жүргөнү үчүн Кадыровду кызматтан алуу талабын коюшкан.

Москванын журналисттер союзунун төрагасы Павел Гусев Орусиянын жетекчилигин, Башкы прокуратурасын, Тергөө комитетинин чечен саясатчыларынын коркутууларына көңүл бурууга чакырды.

Путин жана Кадыров. Москва, 10-декабрь, 2015-жыл.

Путин жана Кадыров. Москва, 10-декабрь, 2015-жыл.

Кремлдин дарегине Эл аралык мунапыс уюму, Журналисттерди коргоо комитеттери да кайрылуу жолдошту. Алар адатта бийликтин сынчыларына каршы риторика кыянатчылык менен коштолорун, 2006-жылы өлтүрүлгөн журналист Анна Политковская, 2009-жылы Чеченстанда өлтүрүлгөн укук коргоочу Наталья Эстемирова башында коркутууга кириптер болгонун эске салышты.

Адам укуктары боюнча президент алдындагы кеңештин маалыматына караганда, алар мамлекет башчысына өз сунуштарын жана бүтүмдөрүн берүү үчүн Кадыровдун акыркы билдирүүлөрү боюнча экспертиза жүргүзүүдө.

Президент Путин өзү Кадыровду былтыр 10-декабрда расмий кабыл алып, анын жүргүзүп жаткан иштерин мактаган. Азыр соңку сөздөрү боюнча эч нерсе айта элек.

Бирок Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кадыровдун айткандары “мыйзамдуу саясий аренадан тыш турган”, “системалуу эмес” оппозицияга гана багытталганын белгилөө менен чечен лидеринин ойлорун колдоду.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG