Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Журналист Александр Малеванный көз жумду


Ардагер журналист Александр Малеванный 77 жашында көз жумду. Бул тууралуу кесиптештери кабарлашты.

Александр Малеванный көп жылдар бою орус тилиндеги маалымат каражаттарында эмгектенген. Кыргызстан эгемендик алгандан тарта 15 жыл бою өкмөттүк “Слово Кыргызстана” гезитинде редактор болгон. Бир катар мамлекеттик сыйлыктарга арзыган.

Александр Малеванный Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин катчылыгынын башчысы Оксана Малеванаянын атасы.

XS
SM
MD
LG