Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Ысык-Көлдө баптист аялдын сөөгүн жергиликтүү мүрзөгө коюуга каршы чыгышты


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Ысык-Көлдүн Аксуу районундагы Теплоключенко айылынын христианчылыктын баптист багытын тутунган 60 жаштагы тургунун жергиликтүү мүрзөгө көмүүгө ошол жерде жашагандар каршы чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун казысы Алмаз Сагындыков билдирди. Анын айтуусунда, маркум 15 жылдан бери баптисттик багытты тутунуп келген.

Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар анын сөөгү мусулман мүрзөсүнө коюлушуна каршы болууда. Маркумду жерге берүү боюнча бүгүн айылда жыйын өттү. Анда айылдыктар бир жыйынтыкка келе алышкан жок.

Эртең жергиликтүү бийлик менен кеңешип маркумду коюу үчүн жер аныкталарын район казысы кошумчалады.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда баптисттердин көрүстөнү үчүн жер бөлүнгөн.

Буга чейин Ала-Бука районунда баптист аялдын сөөгүн берүүдө ушундай окуя катталган эле.(AsM/BkA)

XS
SM
MD
LG