Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Ак илбирсти жок кылгандар көбөйдү


Кыргызстандын Аксуу районунда атылган ак илбирстин териси.
Кыргызстандын Аксуу районунда атылган ак илбирстин териси.

Жапайы жаныбарлардын соодасына мониторинг жүргүзгөн TRAFFIC уюму Азиянын бийик тоолорун байырлаган ак илбирстер жыл сайын мыйзамсыз өлтүрүлүп жатканына камтамасын билдирди.

Дүйнөнүн 12 өлкөсүндө "Кызыл китепке" кирген бул жаныбарлардын 4 миңдей даанасы бар. Эксперттер 2008-жылдан бери жылына 220-450 илбирс браконьерлер тарабынан атылганын айтышат. Бирок TRAFFIC 21-октябрда жарыялаган отчетто бул сан мындан да жогору болушу мүмкүн, себеби алыскы жерлердеги көптөгөн учурлар катталбай калууда деп белгилейт.

Отчетко ылайык, илбирстердин көбүн мал жандыкка кол салгандары үчүн өлтүрүшөт. 21% гана терисин сатуу үчүн атышат. Уюм чек аралардагы көзөмөлдү күчөтүүгө чакырып, браконьерликтин 25% гана тергелип, 14% гана күнөөлүүлөр жазаланарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG