Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Алепподогу кырдаал БУУда талкууланууда


БУУнун Адам укуктары кеңеши Сириянын Алеппо шаарындагы кырдаалга арналган атайын жыйын өткөрүүдө. Британиянын демилгеси менен чогулган сессия катышуучулары калаанын козголоңчулардын карамагындагы бөлүгүндө болуп жаткан зордук-зомбулуктар боюнча резолюция кабыл алууга аракеттенишет. Алеппонун 250 миңдей тургуну Орусия колдогон өкмөттүк армиянын камоолунда калган.

47 мамлекетти камтыган кеңешке кайрылып, БУУнун Адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Зеид Раад ал-Хусейн тарыхый масштабдагы кылмыштарга каршы чара көрүүгө чакырды:

- Куралдуу оппозициялык топтор Алеппонун батышындагы конуштарга ракета атууларды улантууда. Бирок өкмөттүк күчтөр менен өнөктөштөрү калаанын чыгышына урган туш келди аба соккулар бейкүнөө адамдар арасындагы жоготууларга алып келүүдө. Бул – согуш кылмыштарына тете. Чабуулдар атайлап жайкын жашоочуларга каршы жүргүзүлүп келсе, адамзатка каршы кылмыш деп сыпаттаса болот.

Британиянын Африка жана Жакынкы Чыгыш боюнча министри Тобиас Эллвуд Москва кырдаалды чечүүнүн ордуна аны курчутууда деп сындады. Орусиянын элчиси Алексей Бородавкин Алепподо ок атышууну бир тараптуу токтотуу жайкын адамдарга жана куралдан баш тарткан согушкерлерге калаадан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бергенин айтат. Элчи Британияны жана өнөктөштөрүн "террорчуларды соккулардан сактап калууга аракеттенишүүдө, муну менен аларга топтошуп, жапайлыгын улантууга шарт түзүшүүдө" деп айыптады.

XS
SM
MD
LG