Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Ирактык Киркук шаарындагы кырдаал көзөмөлгө алынды


Согушкерлер Ирактын Киркук шаарында жана анын айланасындагы бир нече жайга чабуул коюшту. Расмий маалыматка караганда, жанкечтилер өкмөттүк имаратты жана Иран куруп жаткан электростанцияны бутага алышкан. Коопсуздук кызматынын бери дегенде 18 аскери жана курулушта иштеген 11 киши, ошондой эле 10 согушкер окко учту. Киркуктун губернатору Нажмадин Карим кол салуу үчүн "Ислам мамлекети" радикал уюмунун канатын айыптады. Губернатор күрт кошуундары жана Ирактын террорчулукка каршы бөлүктөрү абалды көзөмөлгө алышканын маалымдады.

Мунайга бай аймак Багдаддан 300 км жана ушул тапта экстремисттерге каршы операция жүрүп жаткан Мосулдан 170 километрдей алыс орун алган.

XS
SM
MD
LG