Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Пакистан соту: шизофрения психикалык ооруларга кирбейт


Пакистандын Жогорку Соту шизофрения психикалык оорулар деген укуктук аныктамага кирбейт деген чечим чыгарып, акыл-эси жабыркаган адамдын өлүм жазасына тартылышына жол ачты.

2012-жылы догдурлар Имдад Али деген киши шизофренияга кабылган деген бүтүм чыгарышкан. Ал 2011-жылы имамды өлтүргөндүгү үчүн өлүм жазасына өкүм кылынган. Адвокаттары 50 жаштагы Али кылмыш жасаганын жана жазага тартылганын түшүнбөсүн айтышкан. Бирок 21-октябрда чыгарган чечимде Жогорку Сот шизофрения дарылануучу оору деген тыянакка келгенин билдирди.

Пакистан 2014-жылы өлүм жазасын кайра киргизгенден кийин 400дөн көп кишинин өкүмү ишке ашырылган. Өлкөнүн Адам укуктары боюнча комиссиясы бардыгы болуп 8 миңдей киши өлүм жазасына тартылганын маалымдады. Алинин өкүмү болсо кийинки аптада аткарылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG