Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:40
“Орусиянын биринчи трагедиясы - Лениндин туулушу болсо, анын мезгилсиз каза болушу экинчи трагедиясы деп эсептейм. Ѳзү алып келип, таштап койгон сормо саздан элди Ленин гана сүйрөп чыгып кетмек”

Уинстон Черчил

Дүйнө тарыхына улуу революционер, коом жөнүндөгү марксисттик теорияны ишке ашырган ишмер, Совет мамлекетинин түзүүчүсү катары кирген Владимир Ленин тууралуу талаш-тартыштар, дискуссиялар эч качан токтобосо керек.

Ага себеп толтура: ал түзгөн саясий жана социалдык система 73 жыл жашагандан кийин өзүнөн-өзү кулап түштү; заматта чилдей тарап кеткен СССРдин ордуна 15 жаңы мамлекет пайда болду, бирок коммунизм идеясы дале болсо тирүү.

Адегенде Ленин деген ким болгон? деген суроого келели. Бул суроого жооп берүү үчүн сөздү адегенде анын ата-тегинен баштоо зарыл.

Лениндин чоң атасы Николай Васильевич Ульянов Астрахан шаарынан чыккан карапайым орус тикмечиси экен. Чоң энеси Анна Степановна Ульянова болсо кадимки орусташып, чокунуп кеткен калмак кызы болгон. Бул фактыны убагында жазуучу Мариетта Шагинян, кийин Лениндин биографы Луис Фишер алаканга салгандай так кылып далилдеп чыгышты.

Макаланын аудио вариантын бул жерден угуңуз:



Ошентип Лениндин өз атасы Илья Николаевич орус менен калмактын аралашмасы болсо, өз энеси Мария Александровна болсо немис менен жөөттүн ортосунан чыккан, нака немисче тарбияланган аял экен.

Мындан тышкары Лениндин таятасы тарабынан кеткен бабаларынын канында швед да бар экен, ал эми таенесин кээ бир биографтар жөөт десе, кээ бирлер немис деп, бул талаш азыркыга чейин бүтпөй келатат. Бирок биз келтирген фактылар Лениндин бир тууган карындашы Анна Ильинична Ульянова-Елизарованын редакциясы астында 1925-жылы чыккан В.Алексеев менен А.Швердин “Дети Ульяновых в Симбирске” деген китебинде толугу менен камтылган. Ал эми “Ленин” деген сөз Владимир Ильичтин саясий каймана аты гана, чыныгы фамилиясы, албетте, Ульянов.

Ленин бала кезинен абдан жакшы окуп, жакшы үй-бүлө тарбиясын алып, бирок саясий көз караштарындагы чыныгы бурулуш бир тууган агасы Александр Ульянов орус императору Александр Үчүнчүгө кол салганы үчүн даргага асылган убактан башталган экен.

Агасы “Народная воля” деген жарым революциячыл, жарым террористтик уюмга кирип, бирок падышага кол салуу ордунан чыкпай, өлүм жазасына өкүм кылынганы тарыхтан белгилүү. Ошондон баштап Владимир Ленин орус социал-демократтарынын эмгектерин окуп, кийин Маркс менен Энгельстин чыгармаларын казып, бара-бара жөн эле социалист эмес, профессионал революционер болуп кетиптир.

18-март, 1919-жыл

18-март, 1919-жыл

Дээрлик 20 жыл революциячыл ишмердикте жүрүп, ошол жылдары болочок аялы Надежда Крупская менен таанышып, бир ирет Сибирге сүргүнгө айдалып, андан соң Европага эмиграцияга кетип, Лондондо, Цюрихте, деле Европанын эң өнүккөн шаарларында жашап, билимин тереңдетип, англисче, немисче эркин сүйлөгөнгө жана окуганга үйрөнгөн экен.

Лениндин биографиясында биз башта билбеген, бирок кийин гана шардана болгон фактылар абдан көп. Маселен, Ленин Дүйнөлүк биринчи согушта Орусиянын эртерээк жеңилишин аябай каалап, ал оюн ачык эле билдирип жүргөн. Падыша өкмөтүнүн бийлиги канчалык элге жек көрүмчү болсо, ошончолук бийликти басып алуу да оңой болот деп эсептеген. Ал эми өзү бийликке келгенден кийин Брест келишими деген сепараттык келишимге кол коюп, өз бийлигин сактап калуу үчүн Германиянын кайзери сураган нерселердин баарына макул болгон. Натыйжада мурда Орусияга караштуу болгон Польшаны, Украинаны, Курляндияны аннексия кылганга макулдук берген.

1-май. 1919-жыл

1-май. 1919-жыл

Ал эми орус жазуучусу Александр Солженицын “Кызыл чыгырык” (“Красное колесо”) деген тарыхый чыгармасында Ленин нечен жолу кайзер жашыруун берген акча каражатынан пайдаланганын, ошентип Орусияны ичинен алсыздандырууга көмөк болгонун далилдеп чыкты.

Такталган тарыхый маалыматтарга таянсак, 1917-жылдын 7-ноябрында болгон окуя эч кандай революция эмес эле кадимки хан сарай төңкөрүшү, А.Ф.Керенский баштаган бир ууч Убактылуу өкмөттөн бийликти тартып алуу гана болгон. Бирок чыныгы революция, чыныгы кан төгүүлөр кийин, большевиктер бийликти колго алгандан соң башталган.

Лениндин бийлик башына келген максатташтары, атап айтканда Лев Троцкий, Иосиф Сталин жана башкалар Маркстын, социалист утописттердин окуусуна, теорияларына таянып Орусияны капиталисттик системадан социалисттик мамлекетке күч менен, зордук менен айландыра баштаган.

Владимир Ленин жана Иосиф Сталин, 1922-1923-ж.ж.

Владимир Ленин жана Иосиф Сталин, 1922-1923-ж.ж.

Бул процесс дээрлик 20 жылга созулуп, бул мезгилдин ичинде үч жылга созулган жарандык согуш болуп, миллиондогон кишилердин каны төгүлүп, Ленин менен Сталиндин реформалары бир нече жолку миллиондогон кишилер кырылган массалык ачарчылык, репрессиялар, куугун-сүргүндөр, дыйкандардын көтөрүлүшү, локалдык маанидеги согуштар менен коштолгон. Адегенде репрессия жасаганга аябай маш Лев Троцкий болсо, кийин Иосиф Сталин андан да өтүп кеткен.

Ошондой болсо да Ленин тарыхтагы өлбөс-өчпөс ысымдардын бири болуп калды. Адам катары мүнөзү, жүрүш-турушу нака орус интеллигентин эске салса да, психологиясы, саясий көз караштары боюнча бул адам жеткен реалист, нака прагматик болгон. Прагматик болгону үчүн бийлик башында турганда ач-жылаңач калган Орусияга НЭП (жаңы экономикалык саясат) дегенди киргизип, өлкөдө сооданы эркин кылган, “мамлекеттик капитализм куруш керек” деп ураан көтөргөн.

25-май, 1919-жыл

25-май, 1919-жыл

Маркс менен Энгельс ар бир эмгегинде тилдеген “капитализм” деген сөздү коркпой-үркпөй эле колдонуп, оппоненттерине “марксизм - бул догма эмес, аракеттен берекет издеген жетекчилик” деп айткан.

Бийлик колго тийгенден кийин дароо бир гана партиядан турган диктатураны орнотуп, көп партиялуу парламентти таратып, падыша Николайды укум-тукуму менен аттырган. Дин дегенди түп-тамырынан жерип, чиркөөлөр менен мечиттерди жаптырган, айрымдарын жардырткан Владимир Ильич Ленин болгон.

Ошону менен бирге орус шовинизмине бардык күч-аракет менен каршы туруу, улуттардын укугун теңөө, чоң улуттарга союздук республика деген статус берүү, жергиликтүү кадрларды өстүрүү саясаты Лениндин учурунда башталган. Ырас, бул саясатты кийин Иосиф Сталин да уланткан, бирок Сталиндин эзели эч кимге ишенбеген кырс мүнөзү, жоро-жолдошторуна, жакын кесиптештерине эмес, тыңчыларга, НКВДнын агенттерине ишенгени жана таянганы, “тазалоо”, “репрессия кылуу” деген өзгөрүлбөс принциби, адам өмүрүн, адам тагдырын чымын чакканча көрбөгөнү анын тарых алдында жасаган нечен жакшы иштерин таптакыр жууп кеткен.

Бишкек, 7-ноябрь, 2007-жыл

Бишкек, 7-ноябрь, 2007-жыл

Эгерде Ленин дагы бир аз жашап, Сталинди бийликтен кетирүү аракети ишке ашып калганда, анын Сталинди бийликтен кетиргиле деген жашыруун керээзин коммунисттер макул көргөндө, балким, СССРдин тагдыры таптакыр башкача жол менен кетип, Союздун өмүрү узагыраак болмок.

Кыргыз элинин башынан эле Ленинге көзү түз болгону жакшы белгилүү. Анын себеби дал ошол Ленин 1916-жылкы Үркүнгө себепкер болгон падыша Николайды укум-тукуму менен аттырганы, Совет бийлиги үрккөн кыргыздарды Кытайдан эл-жерге кайтарганы болду.

Совет бийлигинин учурунда биздин элибиз болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишип, улуттук кайра жаралуу доорун башыбыздан өткөрдүк. Ошон үчүн Владимир Ильич Лениндин борбордук аянттагы коло эстелигин башка мамлекеттердегидей металлоломго ыргытпай, кыргыз өкмөтү колдон келген урмат менен сыйлуу жерге которуп койду. Азыр анын ордунда Айкөл Манас бабабыздын эстелиги турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG