Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

КЫРГЫЗ АВИАЦИЯСЫНДА КӨЙГӨЙ КӨП


Бүгүн, 7- октябрь - кыргыз авиация кызматкерлеринин кесиптик күнү. Бирок бул күнү бул тармакта майрамдык маанай өкүм сүрбөй эле, көйгөйлөрү көкөй кесип турат. Себеби Кыргызстандын жарандык авиация тармагынан каттоодон өткөн 32 авиакомпания тең Еврокомиссиянын “кара тизмесинде” турат. Ошондой эле жакында болгон авиакырсык дагы бул тармактын кризисин тереңдетти дешет адистер.

Кеңеш доорунда 45 учагы, 5 тикучагы болгон кыргыз жарандык авиациясынын учурда 4 гана учагы болгон менен алар дагы учур талабына толук жооп бербейт дешет адистер. Анын үстүнө ушул жылдын 24- августунда Сокулуктун Жаңы-Жер айылына кулаган "Итэк эйр" авиакомпаниясы ижарага алган Боинг-737 учагы, ушул кырсыктан 64 адамдын өмүрүнүн кыйылышы кыргыз авиация тармагындагы кризисти тереңдеткенин жетекчилери да моюнга алышты.

Ошондой эле Кыргызстан жарандык авиация департаментинен 32 авиакомпания каттоодон өткөн. Адистердин айтымында, өз өлкөсүнөн каттоодон өтө албагандар Кыргызстанга келип каттоодон өтүшөт да, Жакынкы Чыгышта, Ооганстанда, Африкада иштешет. Алардын көбү каттоодон өткөнү менен Кыргызстанга бир тыйын салык төлөшпөйт. Катталган документтерге ылайык, жеке менчик 32 авиакомпаниянын 158 учагы бар. Еврокомиссия ушундан шекшип текшерип, “кара тизмеге” алганына эки жылга аяк басты.

Көп жылдар авиация тармагында иштеген, учурда “Эйр ЦентралАзия” авиакомпаниясынын вице-президенти Акылбек Идировдун айтымында, кыргыз авиация тармагынын кризиске кептелишинин негизги себептеринин бири - бул тармакты кийинки 15 жылдан бери авиацияга тийешеси жок башка адистер башкарып, кадр маселеси кендирди кесип келүүдө:

- Эгемендүү өлкө болгону авиация тармагын кимдер гана башкарган жок. Физик, тоо инженери, акыры “Дан азыктын” кызматкерлери жетекчиликке келди. Авиабизнесмендер жеке инвестицияларды тартып, өз акчасына сатып келишсе гана анын ар бир тыйыны үчүн күрөшүшөт. Ал эми бизчилеп үстүртөн чоңдор чечкенде, ал чиновник өзүнүн убактылуу олтурганын билип-сезип турат, көп болсо эки-үч жылдай иштээрин, "андан көрө пайдаланып калайын, кайсы күнү кызматтан кетеримди ким билет" дегендей жанталашып, ар бир долбоордон өзү пайда көргөнгө күч үрөйт. Чиновник үчүн долбоордун келечеги эмес, андан өөнөп калчу суммасы кызык. Учурда бул тармак кадрдан аксап турат.

Жогорку кеңештин депутаты, “Эсен эйр” авиакомпаниясынын кожоюну Бегалы Наргозуевдин айтымында, кыргыз жарандык авиация тармагы терең кризиске батып, абалы оор:

- Граждандык авиация департаменти өзүнүн көзөмөлдөөчү жана жөнгө салуучу милдетин унутуп, акча жасай турган гана бизнес борборго айланып кеткен. Ал түгүл Кыргызстандын абада жүргүнчү ташуу ишин Орусиянын криминалдары башкарат. Булардын учактары майлуу-сүттүү каттамдарга лицензия алып, кайда болбосун учуп, жолуна дайыма "жашыл жарык" берилет. Кыргыз граждандык авиациясындагы коррупция жөнүндө маалымат каражаттары бир нече ирет жазып, сынга алышса деле жыйынтык жок.

Ошондой эле 1998-жылы кыргыз авиатранспортунун жетекчилери жаңы "А-320" аэробусун сатып келдик деп, бир европалык компания менен келишимге кол коюшуп, кийин миллиондогон долларды алдатып жиберишкен.

Кыргыз авиациясынын келечеги жөнүндө, канткенде кыргыз авиациясын кризистен чыгаруу жөнүндө, жаңы учактарды сатып алуу тууралуу, канткенде түрктөр, кытайлар, чет өлкөлүктөр менен теңата болуп атаандашып учуу жөнүндө пикирин сураганыбызда өлкөнүн жарандык авиация департаментинин жетекчисинин орун басары Бакыт Жунушалиев жооп берүүдөн сылык гана баш тартты.

“Кыргызстан “ авиакомпаниясынын жетекчиси Эгемберди Мырзабеков болсо кыргыз авиация тармагын кризистен чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG