Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Путин-Медведев: орун алмашуудан эмне өзгөрөт?


Д.Медведев менен В.Путин "Бирдиктүү Орусия" партиясынын cъездинде. Москва, 24-сентябр, 2011-жыл
Д.Медведев менен В.Путин "Бирдиктүү Орусия" партиясынын cъездинде. Москва, 24-сентябр, 2011-жыл

Орусияда президенттикке Владимир Путин аттанаары, парламенттик шайлоодо «Бирдиктүү Орусиянын» тизмесин Дмитрий Медведев баштай турганы аныкталды.

Ишембиде өткөн «Бирдиктүү Орусия» партиясынын курултайында президент Дмитрий Медведев премьер-министр Владимир Путиндин талапкерлигин 2012-жылдын март айында өтчү президенттик шайлоого сунуштады. Өзү Думага болчу кийинки шайлоодо бийлик партиясынын тизмесин жетектөөгө макулдугун берди. Муну менен Д.Медведев В.Путин президент болсо жаңы өкмөткө башчылыкка бара тургандыгын ачыктады.

2008-жылы Орусиянын Конституциясына киргизилген толуктоолордо президенттик мөөнөт алты жылга узартылган, бир адам эки жолу шайланууга укуктуу.

“Азаттык” саясий илимдердин доктору, профессор Аалыбек Акуновго кайрылып, Кремл жетекчилеринин шайлоо жүрүштөрү боюнча пикирине кызыкты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00
Түз линк
(Толугу менен бул жерден угуңуз. Маектешкен Жеңиш Айдаров)

Азаттык: Орусияда Путин-Медведев тандеми улана берсе, демократиялык атаандаштык эмне болот?

А.Акунов: Орусияда шайлоо - "демократия оюну" экендиги төрт жыл мурун Д.Медведев бийликке келгенде эле билинген. Ал шайлоодо деле демократиялык атаандаштык болгон эмес. Медведев президент болгон төрт жылда В.Путин экөө жанаша жүрүп, премьер-министр өзүн мамлекет башчыдай эле сезип жүрдү. Орусияда шайлоо демократиялык оюндун куралы болуп калды. Бул авторитардык режимдин күчтүү экендигинин далили. Орусиянын тышкы саясатын алсак, Кремл авторитардык башкаруудагы мамлекеттерди жакшы колдойт. КМШ алкагында Казакстан, Өзбекстан, Азербайжанды колдойт. Грузия, Украина, Молдова, Балтика өлкөлөрүнө, парламенттик башкарууга өтүп жаткан Кыргызстанга карата мамилесин карасак эле Москванын кимди жактаарын далилдеп турат.

Азаттык: Владимир Путиндин кайра президенттикке келиши парламенттик башкарууга түшкөн Кыргызстанга Москванын басымын күчөтпөйбү?

Профессор Акунов: Орусияда шайлоо демократиялык оюндун куралы

А.Акунов: Күчөшү мүмкүн. Буга чейин деле өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары көргөзгөндөй, Орусия өз сценарийин ишке ашырды. Кыргызстан эгемен мамлекет болгону менен кээ бир саясий лидерлердин аң-сезиминде дагы эле Москва үстөмдүк кылып, Кремлди карап иш кылуу уланууда. Москва Кыргызстанда парламенттик башкарууга бут тосуп, шайлоонун картасын абдан бузушту. Муну менен алар парламенттик республика биздин чөлкөмгө жарабайт дегенди далилдөөгө аракеттеништи.



Азаттык: Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоого Кремлдин таасири бул ирет дагы күчтүү болот деп ойлойсузбу?

Орусияда шайлоо - "демократия оюну" экендиги төрт жыл мурун Д.Медведев бийликке келгенде эле билинген..
А.Акунов: Ооба, азыр деле кээ бир лидерлер Орусия колдоорун билгизүүдө. Бирөө Нарышкинге, дагы бири Путинге, жеткени Медведевге барып “батасын алып келдим, каржылык колдоо бермей болду” деп, эмнеге алданып жатышканын аңдабай калгандары жүрбөйбү. Алар кимдин саясаты ишке ашаарын, тышкы саясатта кандай оюндар болоорун эсепке алышпай, өз жеке кызыкчылыгын көздөгөн маанайда иштеп жатышпайбы.

Мына эртең шайлоонун үгүт иштери башталат, Орусиянын теле-берүүлөрүн көрсөтпөө жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Бирок Кремлдегилер таасир этүүнүн башка формаларын деле табышат, алар финансылык жактан каржылоосу мүмкүн. Кандай болгондо дагы КМШ ичинде, Борбор Азия аймагында парламенттик башкаруудагы мамлекеттин түптөлүшү Орусиядагы авторитардык режимдин максаттарына туура келбейт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG