Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

“Кызыл чырымдын” кызматкерлерин ким өлтүргөн?


"Кызыл чырым" уюмунун кызматкерлери дүйнөнүн төрт бурчунда иштейт.

"Кызыл чырым" уюмунун кызматкерлери дүйнөнүн төрт бурчунда иштейт.

Эл аралык “Кызыл чырым” уюму 1996-жылы Чеченстанда өлтүрүлгөн 6 кызматкерине байланыштуу орус бийлигине жаңы доо коюларын билдирди.

24-ноябрда Британияда чыгуучу Times гезити ФСБнын мурдагы кызматкери Алексей Потемкин менен курган маегин жарыялаган. Потемкин Чеченстандагы согуш маалында “Кызыл чырым” уюмунун кызматкерлерин Орусиянын атайын кызматы кантип жаңылыш атып салганын айткан.

“Кызыл чырымдын” кызматкерлери Жаңы Атаги кыштагынын мектебинде жайгашкан ооруканада болгон. 1996-жылы 17-декабрь түнү жоон топ куралчан кишилер ооруканага басып кирип, эл аралык уюмдун кызматкерлерин кошо атып кетишкен. Набыт болгондордун арасында Голландия, Испания, Канада, Норвегия жана Жаңы Зеландиянын атуулдары бар.

Алексей Потемкиндин айтымында, аларды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын тандалма тобу аткан. Ал кезде Потемкин өзү да бул кызматтын тапшырмасы менен Чеченстанда жүргөн. Мектепке жайгашкан ооруканага күч органдарынын кол салышы жаңылыштыктан болгон деп айтып, ошол эле учурда атайылап деле жасалган болушу ыктымал деген божомолду да айткан.

Арадан 14 жыл өткөнгө карабай кылмышкерлердин табылбай келгенин нааразы болгон “Кызыл чырым” уюму Times гезити жарыялаган макаладан кийин Чеченстанда набыт болгон 6 кызматкеринин өлүмү тегерегинде адилет териштирүү талабы менен орус бийлигине кайрыла тургандыгын билдирди.

“Кызыл чырым” уюмунун өкүлү Иоланды Жакме буларды айтат:

- Биз Орусия бийлигине жашыруун жүргүзүлчү байланыш аркылуу кылмыштын бетин ачуу боюнча талабыбызды Times гезитине чыккан макала негизинде жаңылайбыз.

Ал жылдары Чеченстан-Ичкерия жумуриятынын өкмөтүнүн маданият министри болгон Ахмед Закаев окуяны эки тарап тең билгенин айтты:

- Орус тарап да, Чеченстан тарап да бул кандуу окуяны кимдер жасаганын жакшы билген.

Ошол жылдары Орусиянын Коопсуздук кеңешин жетекчиси болгон Иван Рыбкин “кылмыштын бетин ачуу мүмкүн болбоду. Акыры аны биз кандайдыр бир калктын сесин алууга багытталган акция деген жыйынтыкка келгенбиз”,-дейт.

1966-жылдын декабрында Чеченстандан орусиялык аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу сөздөр айтыла башталган. Чечен жумурияты Ичкерияда президенттик шайлоо өткөрүүгө кам көрүп, калк эгемендүүлүк алууга даярданып аткан. Талапкерлердин тандаган жолу көбүнчө Орусия менен болуучу мамиледе ордунан жылбай жаткан. Ушул жагдай ишке башка баа берүүгө түрткү болгонун “Мемориал” уюмунун адиси Александр Черкасов белгилейт.
XS
SM
MD
LG