Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Президент Порошенко учкуч Савченкону сыйлады


Украинанын президенти Петро Порошенко орус абагынан чыккан учкуч Надежда Савченкого "Алтын жылдыз" орденин тапшырды. 25-май
Украинанын президенти Петро Порошенко орус абагынан чыккан учкуч Надежда Савченкого "Алтын жылдыз" орденин тапшырды. 25-май

Бүгүн украиналык аскерий учкуч, түрмөдө дээрлик эки жыл жаткан 34 жаштагы Савченко орусиялык эки туткунга айырбашталганы маалымдалган.

«Надежда Савченко Украинанын символуна айланды», - деп билдирген украин президенти Петро Порошенко Батыш өлкөлөрүнө куралдуу күчтөрдүн офицерин бошотууга жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Шаршембиде Киевдеги резиденциясында сүйлөгөн сөзүндө Порошенко учкучтан кийин "эми Донбассты жана Крымды кайтарып алабыз" деп айтты.

Президенттин жардыгы менен дээрлик эки жыл Орусиянын түрмөсүндө жатып чыккан Савченкого "Украина Баатыры" деген наам ыйгарылып, "Алтын жылдыз" ордени менен сыйланды.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Надежда Савченкого ырайым берүү боюнча буйрукка кол койгону маалым болгон. Ага ылайык, Киевде соттолгон орус жарандары Александр Александров менен Евгений Ерофеевге Надежда Савченкону айырбаштоо каралган.

Президент Порошенко аларга ырайым бергенден кийин экөө Москвага учуп кетишкен.

Аналитиктер Савченконун кайтарылышы экономикалык олку-солку, коррупцияга, өнөктөштөрү арасындагы ырксыздыкка, өлкө чыгышындагы кризиске туш болгон президент Порошенконун саясий жеңиши катары каралышы ыктымал дешет.

Президент Порошенконун учагы менен Ростов-на-Дону шаарынан Киев аэропортуна келген Надежда Савченкону журналисттер менен энеси, сиңдиси жана жактоочулары тосуп алышты.

- Мен эркиндиктемин. Мен балдары согуш талаасынан кайтпай калган бардык энелерден ушул күнгө чейин тирүү жүргөнүм үчүн кечирим сурайм. Балдары камакта жаткан энелерден эркиндикке чыкканым үчүн кечирим сурайм. Өлгөндөрдү албетте кайтара албайм, бирок мен Украина үчүн дагы бир жолу согуш талаасында өз жанымды бергенге даярмын. Мен туткундагы ар бир адам бошотулушу үчүн бардык күчүмдү жумшайм.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини Савченконун куткарылышын “көптөн күткөн жакшы жаңылык” деп кубаттады. Ал эми Европарламенттин президентинин маалымат катчысы Жакомо Фассина Мартин Шульц бул жаңылыкты сүйүнүү менен кабыл алганын билдирди:

- Бул жаңылыкты Европа парламенти жана анын президенти Мартин Шульц көптөн бери күткөн. Шульц өзү да бул окуя боюнча президент Петро Порошенко менен тыгыз байланышта болуп келген. Савченконун куткарылышы абдан жакшы жаңылык, муну Мартин Шульц жана Европарламент да кубаттайт. Бул окуя Украина жана украиналыктар муктаж болуп турган нерсеге кандайдыр бир жакшы жышаан болгондой.

Учкуч Савченко Украинага кайтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

​Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер туткундарды айырбаштоо эки өлкө ортосундагы ишенимди орнотууга салым кошот деген үмүтүн билдирди:

- Савченконун бошотулганына гана эмес, Украинага келгенине, үй-бүлөсүнө кайтканына өтө кубанып турам. Бул абдан жакшы кабар, биз бул күндү көптөн бери күтүп, аракет да көрүп келдик. Үйүнө аман-эсен жетип, ден соолугун тезирээк чыңдап алышын каалайм. Ошондой эле орусиялык жана украиналык туткундарды айырбаштоо эки өлкө ортосунда ишеним маанайын орнотууга салым кошот жана Минск келишимдерин алга жылдырууга жардамдашат деп ишенем.

Савченко Украина чыгышында орусиялык эки журналисти өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, ушул жылдын март айында 22 жылга кесилген. Учкуч ал окуяга тиешеси жоктугун, уурдалып, Орусия аймагына мыйзамсыз алынып келгенин ырастап келген.

Ал эми орусиялыктар Александр Александров жана Евгений Ерофеевди украин соту аларга коюлган айыптардын басымдуу бөлүгү боюнча, анын ичинде агрессивдүү согуш жүргүзгөнү, украин аскеринин өлүмүнө алып келген террористтик ишмердикке барганы үчүн күнөөлүү деп таап, ар бирин 14 жылга эркинен ажыраткан. Экөө тең бүгүн Москва аэропортуна келгенин Кремл бышыктады.

Савченконун энеси эки жыл мурда Би-би-сиге курган маегинде кызы бала чагынан учкуч болууну кыялданганын айткан. Кийин Надежда Харьков аба күчтөрүнүн университетине өтпөй калып, Киевде журналист адистиги боюнча жогорку окуу жайга тапшырган. Кыялына жетүүнү көздөгөн Савченко окуусун аяктаган соң армияга кетет. Ал жактан жетекчиликтин каршылыгына карабай, 59-Житомир аэромобилдик батальонунун десанты болууга жетишкен. 2005-жылы Украина Иракка 1700гө жакын аскерин жөнөткөн. Алардын арасында жалгыз аял Надежда да болгон. Кийин Харьков аба күчтөрүнүн университетине тапшырып, аны 2009-жылы ийгиликтүү аяктаган. Надежда Савченко бош убактысында сайма сайганды жана кийим тиккенди жактырат.

XS
SM
MD
LG