Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Орусия: ажал тооруган он алты саат


Кар күрткүдө калган унаалар
Кар күрткүдө калган унаалар

Орусиянын Тергөө комитети Оренбург-Орск трассасында катуу бороондо күрткүдө калган айдоочунун өлүмүн териштирүүдө.

3-январга караган түнү ондогон жолоочу дээрлик 16 саат бою куткаруучулардын жардамын күтүп отурушту. Бул чуулгандуу окуя социалдык түйүндөрдө талкууланып, чукул кырдаалдар мекемесинин иши катуу сынга кабылды.

Тергөө комитетинин Оренбург облусундагы башкармалыгынын маалыматы боюнча, каза болгон кишинин сөөгү жолдун четинен табылган. Болжол менен ал башка айдоочуларга жетүүгө аракеттенип, бирок адашып кетип тоңуп өлгөн.

Тергөөчүлөр ошондой эле чукул кырдаалдар кызматынын ишин текшеришүүдө. Оренбург-Орск кан жолунда 3-январга караган түнү кар аралаш бороон-чапкындан улам ондогон машиналар өтө албай камоодо калган. Алар куткаруучуларды 16 саатка жакын күтүп, андан кийин гана 84 киши эвакуацияланган. Колу-бутун үшүк алган 12 киши ооруканага жеткирилди.

Күрткүдө калган адамдар айтып беришкендей, чукул кырдаалдар кызматы жана полиция алардын кайрылууларына «ал жер биздин аймакка карабайт», «биз муну менен алектенбейбиз» деген шылтоо таап, жардам берүүнү маалкатышкан. Атүгүл айрым операторлор «үйдө отуруш керек болчу» деген жооп узаткан учурлар да болгон. Жабыркагандардын арасында улгайган кишилер, кош бойлуу аялдар менен жашы жетелек балдар бар. Бензини түгөнүп бараткан айдоочулар кичине болсо да жылынуу үчүн машинанын ичинде эле өз кийим-кечелерин же отургучтарды каптаган кездеме-булгарыларды жагып жатышты.

Күрткүдө калган автоунаа.
Күрткүдө калган автоунаа.

Куткарылгандардын бири Павел Гусев аттуу жигит президент Владимир Путин, Оренбург облусунун губернатору жана Чукул кырдаалдар министрлигинин регионалдык бөлүмүнүн жетекчисине жасаган видеокайрылуусун социалдык тармактарга жайгаштырган. Кош бойлуу жубайы менен бир суткага жакын суук машинада Оренбург шаарынан болгону 100 километрдей алыс жерде тыгында калган Гусев ошол 15 саатта эмнелерди баштарынан кечиргенин сүрөттөп, куткаруучулардын кечигишинин себептерин текшертүүнү өтүндү.

«Жергиликтүү гезиттер жылынуу пункттары иштегенин, ысык чай менен камсыздашканын жазганы менен, бирибиз да аларды эмнегедир байкаган жокпуз» деген кайрылуу автору «Орусия заманбап техника, учак, жылыткыч, чатыр, адистерди чет өлкөлөргө жөнөтүп, дээрлик бардыгына жардам берип келет. Ал эми «өз жарандарыбызды куткара албайт экенбиз», деп өкүнүчүн жашырбады.

Сүрөт Павел Гусевдин социалдык баракчасынан алынды.
Сүрөт Павел Гусевдин социалдык баракчасынан алынды.

«...Атайын техника кайда? Орусияда кар күрткүсүн оюп, адамдарды алып чыга турган техника жокпу? Машиналар жөнүндө сөз кылган деле киши жок, ал болгону бир темир. Аларды ойлогон деле киши жок болчу, баарыбыз өз жаныбызды, балдардын өмүрүн сактап калууга далбастадык. Бизди эмне болсоңор, ошол болгула деп бир сутка жашоо менен өлүмдүн кырында калтырып коюшту. Күн ачылып кетпесе, 80 кишинин баары ошол жакта эле түбөлүккө калмак экен да...»

Ошол эле маалда орус маалымат каражаттарында Оренбург-Орск трассасындагы бул драма дээрлик чагылдырылган жок. Чукул кырдаалдар министрлигинин облус боюнча башкармалыгынын жетекчиси Петр Иванов «Россия-24» телеканалына элди эвакуациялоого «болгон күчтөр менен каражаттар жумшалганын», 130 куткаруучу жана 50 даана техника тартылганын билдирген.

Гусев жардамга беш чакты киши – эки полициячы, Жол кайгуул кызматынын эки өкүлү жана Чукул кырдаалдар министрлигинин бир кызматкери келгенин, алардын жанында жүргүнчү автобус менен трактордон башка эч кандай атайын техника же кар күрөгүчтөр болбогонун айтат.

Бирок анын кайрылуусуна эч ким жооп бере элек. «Жөнөкөй кишилер кайдыгер калган жок, бийликтин бир да өкүлү, бир да мэр же депутат телефон чалган жок», - дейт Гусев.

Жүздөгөн адамдардын жолун бууган кар күрткү.
Жүздөгөн адамдардын жолун бууган кар күрткү.

Ал эми облус губернатору жана Чукул кырдаалдар министрлигинин облустук өкүлчүлүгүнүн жетекчисин шалаакылык үчүн сотко берерин айтууда.

Трассада жол кыймылы калыбына келтирилгени менен, синоптиктер абанын температурасы 30 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн деп, 9-январга чейин жолго чыкпоо кеңешин беришти. Катуу суук Орусиянын көпчүлүк аймагында дагы бир нече күн өкүм сүрмөкчү.

XS
SM
MD
LG