Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Сочи олимпиадасына кышкы спорттун легендарлуу спортчулары да катышты.

Скобликова - муз аянтынын ханышасы

Кышкы олимпиаданын тарыхында коньки менен жарыштарда алты ирет олимпиада чемпиону болгон орусиялык (советтик) Лидия Скобликова быйыл 75 жашка чыкса дагы күүлүү-күчтүү. 1960-жылы АКШнын Скво-Вэлли шаарында өткөн Кышкы олимпиадада 2 алтын байге утса, 1964-жылы Австриянын Инсбург шаарында 4 алтын медал тагынган. Ал дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуп, дүйнө рекорддорун бир нече жолу жаңырткан. Алгач волейбол, жеңил атлетика, спорттук гимнастика жана лыжа спорту менен машыккан. Коньки менен жарыштарда болуп көрбөгөндөй ийгиликтердин ээси болуп, кыз-келиндердин кумирине айланган. Тарых илимдеринин кандитаты, профессор. Бир эле дүйнө чемпионатында 8 аралыкта тең марага биринчи келип, абсолюттук дүйнө чемпиону аталган. Туулуп-өскөн Челябинск шаарындагы муз сарайына ысымы ыйгарылган.

Жаштардан медал талашкан Бьорндален

Норвегиялык биатлон чебери Уле Эйнар Бьорндален быйыл 40 жашка чыкса дагы жаштардан калышпай Сочи олимпиадасында 2 алтын байге утуп, Кышкы олимпиада тарыхында эң картаң катышуучу жана эң көп медал уткан спортчу катары таанылды. Ал эл аралык ири мелдештерди гана эсепке алганда 140тан ашуун медал уткан. Анын 27 байгесин - Кышкы олимпиада менен дүйнөлүк чемпионаттарында утуп алган. Ошондой эле дүйнө кубогунда 139 жолу марага биринчи келип, рекорд жараткан. Уле Эйнар Бьорндален Сочи олимпиадасында өзүнүн мекендеши Бьорна Дэлиден ашып, дүйнөнү таң калтырды. Себеби, лыжа спортунда легендага айланган Бьорна Дэли олимпиада оюндарында 12 медал утса, анын 8и алтын, 4ү күмүш байге болгон. Ал эми Уле Эйнар бул Сочи олипиадасын кошуп эсептегенде 13 медал утса, анын 8и алтын, 4ү күмүш жана 1 коло. Ошентип ал Сочиде 2 байгенин ээси болуп, дүйнөлүк рекорд ага таандык болду. Сочи олимпиадасынын жабылыш аземинде ал салтанаттуу түрдө Эл аралык олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн катарына кошулду.

Чынында эле 1998-жылкы Нагано олимпиадасынан бери лидер болуш кыйын. Мылтыктан жаңылбай таамай атып, лыжа менен жарышып, марага биринчи келүү зор эрдик. Ал үчүн талыкпаган машыгууларды, түмөн түйшүктү башынан өткөрдү. Мен анын жеңишине Солт-Лейк-Сити, Турин жана Сочи олимпиадаларында күбө болдум. Карапайым фермердин уулу өз ысымын дүйнөлүк спорт тарыхына алтын тамгалар менен өчпөс кылып жазып койду. Кожожаштай тоо-ташта жүгүргөн мергенчилик кылган кыргыздын жигиттеринен ушундай эр-азаматтар чыгаар бекен? Же элик, кийик атканына мактанып, спорттун түйшүгүн тартууга кудурети жетпейби? Ал мени да, башкаларды дагы ойго салды. Чыныгы каарман, баатыр деп ушуну айт.



Канада командасынын кайталангыс жеңиштери

1920-жылы Бельгиянын Антверпен шаарындагы Жайкы олимпиадасынын жадыбалына хоккей мелдеши алгачкы ирет кабыл алынып, спортчулар азыркыдай стандарттуу хоккей аянтында эмес, 18х56м болуп кичирейтилген муз айдыңында таймашкан. Биринчи олимпиада чемпиондору канадалыктар болгон. Ошондон бери 22 Кышкы олимпиадалык оюндарда Канада өлкөсү ушуну менен 9чу ирет баш байгени жеңип алышты. Алар 9 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медал утуп, мыкты оюнчулар экенин далилдеп келатат. Эсил кайран СССР тиги Шериктеш өлкөлөр командасын кошкондо алар 6 жолу олимп чемпиону аталып, 1 күмүш, 1 коло байгелүү болушкан. АКШ менен Швеция эки жолудан олимпиадалык чемпион аталган. Хоккей биздин оюн деп канадалыктардан талашып жүргөн англиялыктар тээ илгери 1936-жылы гана бир ирет чемпиондук наамга жеткен экен. Орусия болсо 1998-жылы Нагано олимпиадасында финалда канадалыктарга утулуп, күмүш байгелүү болгон. 2002-жылы Солт-Лейк-Сити шаарындагы олимпиадада коло медал тагынган. Сочиде өз жеринде жарым финалга да чыкпай уят болуп, күйөрмандарынын кыжырын кайнатты.
Ал эми кыз-келиндердин хоккей таймаштары 1998-жылкы Нагано оюндарынан бери уланып келатат. Алгачкы чемпион америкалык айымдар болсо, 2002-жылкы Солт-Лейк Сити олимпиадасынан бери канадалыктар катары менен 4 жолу баш байгени жеңип, алдыга башкаларды чыгарбай келүүдө.

Хоккей боюнча Советтер Союзунун тандалма командасы учурунда бир дагы дүйнө чемпионатынан жана Кышкы олимпиадалык оюндардан куру кол келишкен эмес. Алар дүйнөнү дүңгүрөтүп, “Хоккейдин мекени” аталган канадалыктарды дагы бир нече ирет утуп алышкан.

Музыкадан спортко өткөн Ванесса Мэй

Жердиги таиланддык, атактуу скрипач, композитор Ванесса Мэй атасынын Ванакорн фамилиясы менен Сочи олимпиадасына катышты. Ал 18-февралда Роза Хутор тоо лыжа айдыңында тоо лыжасынын гигант-слалом түрү боюнча мелдешке катышып, марага чейин жыгылбай жетип, 73-орунга илинди. Ал 4 жылдан бери тоо лыжасы спорту менен машыгат. 13 жашында эле Чайковскийдин чыгармалары менен дүйнөгө таанылган Мэй эми спорттун жылдызы болууну самап келатат.

Жан-Клод Килли жигиттен шайдоот

Нагано, Солт-Лейк-Сити, Турин Кышкы олимпиадалык оюндарын уюштуруунун башында турган Эл аралык олимпиада комитетинин координатору француз Жан-Клод Килли Сочидеги оюндарды уюштурууга көмөк көрсөтүп, баш-көз болуп жүрдү. Ал 71 жашка чыкса дагы жигиттердей шайдоот. Себеби, учурунда мыкты спортчу болгон. 1968-жылы Греноблдагы кышкы олимпиадага спортчу катары катышып, жалындаган жаштык кезинде тоо лыжасынын үч түрүнөн тең алтын медал тагынып, өзүнүн ысымын өчпөс кылып тарыхта калтырып койгон. Мындан сырткары ал дүйнөнүн 6 жолку чемпиону болуп, дүйнө кубогунун эки жолку ээси болгон.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG