Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

"Чоң жетилик" катарына Орусияны кошпойт


Германияда "Чоң жетиликтин" саммити өтүп жатат. Терроризмге жана глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү саммиттин бүгүнкү иш күнүнүн башкы маселеси болууда. Кечээ болсо "Чоң жетиликтин" жыйынында украин кризиси үстөмдүк кылды. АКШ жана Германия лидерлери Орусияга каршы санкциялар алынбай турганын дагы бир ирет ырасташты. Москва тышкы саясаты өзгөрмөйүнчө бул топко кошула албай турганы да айтылды.

Дүйнөнүн экономикасы эң өнүккөн жети өлкөсүнүн саммити бул ирет Германиянын Альп тоолору койнундагы Гармиш-Партенкирхен курорттук шаарчасында өтүп жатат.

Анда эл аралык саясаттагы, дүйнөлүк экономикадагы абал менен катар глобалдык жылуулукка, терроризмге, атап айтканда Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети”, Африкадагы “Боко Харам” экстремисттик топторуна каршы күрөшүү маселелери коюлган. Мындан улам саммитке Нигериянын жана Ирактын лидерлери да чакырылды. Ирак премьери Хайдар ал-Абадинин АКШ президенти Барак Обама менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү мерчемделген.

Чоң жетинин олтуруму. 7-июнь, 2015-жыл.
Чоң жетинин олтуруму. 7-июнь, 2015-жыл.

Саммиттин алгачкы иш күнүндө жана анын алкагындагы эки тараптуу жолугушууларда Украинадагы жаңжал үстөмдүк кылды. Маселе "Чоң жетиликтин" эң кубаттуу эки өлкөсү: АКШ менен Германия лидерлери Барак Обама жана Ангела Меркелдин саммитке чейинки эки тараптуу жолугушуусунда көтөрүлдү.

Ак үй билдиргендей, жолугушууда президент Обама да, канцлер Меркел да Орусияга каршы санкциялар Минск-2 тынчтык келишими толук аткарылып, Москва коңшусунун суверенитетин урматтамайынча ага каршы санкциялар күчүндө калышы керек деген турумду карманышты.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест Обама менен Меркелдин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгын комментарийлеп жатып, буларга токтолду:

- Биз европалык өнөктөштөрүбүздүн бул санкцияларды ишке ашыруусу жана сактоо милдеттенмеси абдан маанилүү экенин узактан бери эле моюнга алабыз. Алардын экономикасы АКШга караганда Орусияга көбүрөөк интеграцияланган. Биз санкцияларды күчүндө кармоону улантат деп санаган өлкөлөр мында өз экономикасын садага чаап жатканын түшүнөбүз. Орусия иш жүзүндө Минск сүйлөшүүлөрү боюнча алган милдеттенмелеринен жүзүн буруп кетти. Орусиянын өз милдеттенмелерин аткарбаганы анын изоляциясына алып барып, экономикасына зыян тийгизүүдө.

Немис канцлери Ангеле Меркелдин айтымында, "Чоң жетиликтин" лидерлери саммиттин соңунда Орусияга “бирдиктүү белги” берери да күтүлүүдө. “Санкциялар алар киргизилген шарттар жоюлса жана проблемалар чечилсе гана алынат”,- деди Меркел немистердин ZDF телевидениеси менен маегинде.

Евробиримдик экономикасы тартып жаткан зыянга карабай, Орусияга каршы санкцияларды сактоосу керектигин британ премьер-министри Дэвид Кэмерон да белгиледи.

Чоң жетинин саммитин утурлай Мюнхенде өткөн демонстрация. 4-июнь,2015-жыл.
Чоң жетинин саммитин утурлай Мюнхенде өткөн демонстрация. 4-июнь,2015-жыл.

Канаданын премьер-министри Стивен Харпер саммитти утурлай Орусияда Владимир Путин президент болуп турганда, ал "Чоң сегиздин" катарына кайтуусуна мүмкүндүк бербөө керектигин билдирген эле.

Еврошаркеттин саммитке катышып жаткан президенти Дональд Тусктун айтымында, Орусиянын "Чоң жетиликтин" тобуна кайтышы анын тышкы саясатына көз каранды болот:

- Биз баарыбыз Орусия "Чоң жетиликтин", иш жүзүндө "Чоң сегиздин" үстөлүндө отурушуна артыкчылык берет элек. Ал 1990-жылдары ушул себептен улам чакырылган. Бирок биздин топ саясий жана экономикалык кызыкчылыктардагы гана топ эмес. Бул биринчи кезекте баалуулуктардын окшоштугу. Орусия ушул себептен улам бүгүн арабызда жок. Ал Украинага жана башка өлкөлөргө карата агрессивдүү жүрүм-турумун уланта берген шартта бул топко чакырылбайт.

Мурда "Чоң сегиз" деп аталган топко Орусия 1998-жылы кошулуп, былтыр Крымдын аннексиясынан кийин чыгарылган эле. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров мурдараак "Чоң сегиз" бейформал бирикме экенин, “эч ким билет жазып бербесин, Москва ага жабышпай турганын” айткан эле. "Чоң жетиликке" АКШ, Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония кирет. "Чоң жетиликтин" саммити бул ирет да нааразылык акциялар менен коштолуп жатат.

Бирок байкоочулар демонстрациялардын масштабы мурдагыдай чоң эместигине көңүл бурушууда. Саммиттин коопсуздугун камсыздоого 17 миңдей полицей тартылган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG