Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Орусияда Кремлдин оппоненти соттолду


3,5 жылга шарттуу кесилген Алексей Навальный бир тууганы, 3,5 жылга түрмөгө соттолгон Олег Навальный менен өкүм чыккандан кийин. 30-декабрь, 2014-жыл.
3,5 жылга шарттуу кесилген Алексей Навальный бир тууганы, 3,5 жылга түрмөгө соттолгон Олег Навальный менен өкүм чыккандан кийин. 30-декабрь, 2014-жыл.

Орусияда 30-декабрда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный соттолду. Ал өзү үч жарым жылга шарттуу, бирок бир тууганы ушул эле мөөнөткө түрмөгө кесилди. Бул Кремлдин айыгышкан оппонентине каршы чыгарылган экинчи сот өкүмү болду.

Алексей Навальный жана анын бир тууганы Олег Навальныйга карата чыгарылган соттун чечимине каршы экенин билдирип, оппозициячыл саясатчынын тарапкерлери 30-декабрдын кечинде Москванын Манеж аянтына чогулушту.

Алар “Унутпайбыз, кечирбейбиз” “Путинсиз Орусия”, “Эркиндик” жана башка ураандарды көтөрүп турушту. Ошол эле кезде аларга каршы болгон, Кремлди колдогон адамдар да чогулду.

Алексей Навальный Манеж аянтына барганда кармалды.
Алексей Навальный Манеж аянтына барганда кармалды.

Навальныйдын тарапкерлеринин аракеттерин мыйзамсыз деп атаган полиция кызматкерлери чогулгандарды тарап кетүүгө чакырды жана күч менен таркатуу аракеттерин жасады.

Алексей Навальный өзүнүн тарапкерлери чогулган Манеж аянтына бара жаткан маалда, “Националь” мейманканасынын тушунан полиция тарабынан кармалды.

Навальныйды колдоо боюнча акциялар Орусиянын дагы бир нече шаарларында өтүүдө.

Москванын райондук соту 30-декабрдагы өкүмү менен ошондой эле бир тууган Навальныйларды 500 000 рубль ( 8500 АКШ доллары) айып төлөөгө, алар акчасын уурдап алды деп айтылган компанияга 4,4 миллион рубль ( 70 000 АКШ доллары) өлчөмүндө компенсация төлөөгө милдеттендирди.

Орусиянын прокуратурасы бир тууган Навальныйларды “Ив Роше” деп аталган компаниядан 31 миллион рубль ( 520 000 АКШ доллары) уурдап, ал акчанын бир бөлүгүн адалдашкан деп айыптаган эле.

Бир нече айга созулган териштирүүдөн кийин сот өкүмү 15-январда чыгары жарыяланып, бирок өкүмдү угузуу мөөнөтү которулганы кечээ гана чукулунан айтылды. Навальный өзү бүгүн өкүм угузулгандан кийин сотторго кайрылып:

- Силердин жасаганыңар уят, аны (Олег Навальный) эмне үчүн олтургузуп жатасыңар! Бул эмне деген айбанчылык. Мен түшүнбөйм. Мунун баары мени мындан ары да жазалоо үчүн жасалып жатат.

Бир туугандар Алексей жана Олег Навальный сотто. 30-октябрь, 2014-жыл
Бир туугандар Алексей жана Олег Навальный сотто. 30-октябрь, 2014-жыл

Алексей Навальный жана анын жактоочулары азыркыга чейин эле ага каршы козголгон кылмыш иштерин президент Путинге оппозицияда турганына байланыштырып келишкен.

Анын бир тууганы Олегдин түрмөгө кесилишин жактоочулары “барымтага алуу” чарасы катары баалашты. Өкүмдөн кийин Навальный өзү жактоочуларына кайрылып:

- Мен өкүмдөрдүн ичинен азыркысы эң карасанатай, жийиркеничтүү өкүм экенин айткым келет. Башкача айтканда биз азыр бийлик адаттагы ишти жасап, саясий оппоненттерин жок кылууга, түрмөгө олтургузууга эле аракеттенген жок. Бул ирет алар саясий оппоненттеринин туугандарын кыйнап, жок кылууда. Бул бийлик жашоого укуктуу эмес жана жок кылынышы керек. Мен бүгүн баарыңарды көчөгө чыгууга чакырам. Күнөөсүз адамдарды кыйнап жаткан бийлик четтетилмейинче, баарыңарды көчөгө чыгууга үндөйм.

Навальный: Эң карасанатай өкүм болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:21 0:00

Бир тууган Навальныйлардын өкүмү угузулуп жаткан кезге тушташ интернеттеги “Фейсбук” социалдык түйүнү аркылуу 30-декабрдын кечинде Кремлдин жанындагы митингге катышуу ниетин 16 миңдей киши билдирген.

Алексей Навальный өзү былтыр да башка кылмышы иши - жыгач иштетүүчү мамлекеттик компаниядан акча уурдады деген айып менен беш жылга түрмөгө соттолгон болчу.

Бирок Кремлдин жанындагы митингге миңдеген адам жыйналгандан кийин түрмө жазасы аппеляциялык баскычта шарттуу кесүү менен алмаштырылган.

Кремль азыркы өкүмдү комментарийлебей турганын кабарчыларга президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Ал эми мамлекеттик прокурор Надежда Игнатьева сот негизинен тергөөнүн дооматтарын колдогонуна көңүл бурду:

- Жарыяланган өкүмгө караганда, сот негизинен прокуратуранын пикири менен макул болду. Бир тууган Навальныйларды көз боёмочулугу, кылмыштуу жол менен алынган акчаны легалдаштырганы үчүн күнөлүү деп тапты.

Отуз сегиз жаштагы Алексей Навальный коомчулукка 2011-2012 –жылдары талаштуу парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялар учурунда жана Орусиянын жогорку бийлик чөйрөлөрүндөгү же аларга жакын адамдардын коррупциялык иштерин, чет өлкөдөгү мүлктөрүн ачыкка чыгаруу менен таанылган.

Өзгөчө ал Орусиянын президент Путинге жакын адамдар башкарат делген “Роснефть”, “Газпром”, “ВТБ” , “Орусия темир жолдору” өңдүү мамлекеттик ишканаларындагы жеп-ичүүлөрдү ашкерелеген.

Келечекте президенттик шайлоого катышуу ниети бардыгын билдирген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG