Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:07

Кремл сынды кечире албайт


Кезинде Орусиянын борбордук банкынын жетекчи орун басары болуп иштеген Алексашенко өлкөдөгү эң таанымал экономисттердин бири.
Кезинде Орусиянын борбордук банкынын жетекчи орун басары болуп иштеген Алексашенко өлкөдөгү эң таанымал экономисттердин бири.

Орусияда таанымал экономисттердин бири Сергей Алексашенко Москвадагы Жогорку экономика мектебинин алдында чыгуучу таасирдүү басылманын редакторлугунан кетүүгө мажбур болду. Ал өзү муну Кремлдин экономикалык башкармалыгын сынга алуусунун натыйжасы катары түшүндүрдү.

Москвадагы Жогорку экономика мектеби алдындагы Өнүгүү борборунун "Мамлекет жана бизнес боюнча комментарийлер” басылмасынын акыркы саны экономист Сергей Алексашенконун катышуусуз жарык көрдү. Журналдын мурдагы чыгарылышы Орусиянын борбордук банкына арналган. Анда басылманын авторлору Борбордук банктын саясатын сынга алышкан.

Мурдагы президент Борис Ельциндин учурунда каржы министринин орун басары болуп иштеген Сергей Алексашенко «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдиргендей, ал иштеген Жогорку экономика мектебинин жетекчилери аткаминерлер ага нааразы экенин айтышкан.

Тактап айтканда, анын “Мамлекет жана бизнес боюнча комментарийлер" бюллетениндеги редакторлук иши сынга алынып, эгер ал кетпесе басылмага мамлекеттик каржылоо токтотуларын эскертишкен.

- Кырдаал жөнөкөй эле болчу: же Алексашкенко иштен кетет, ошондо аны эч ким көрбөй да, укпай да калат. Же болбосо силердин жашооңорго акча бөлүнбөйт. Мен адамдарды сокку алдына калтыра албайм да...,- деди экономист.

Кыскача “КГБ” деп аталган бул бюллетень көбүнчө Орусиядагы чечим кабыл алуучу адамдар тарабынан окулуп, өлкөдөгү эң таасирдүү басылмалардын бири деп эсептелет.

Кезинде Орусиянын борбордук банкынын жетекчи орун басары болуп иштеген Алексашенко өлкөдөгү эң таанымал экономисттердин бири. Ал ошондой эле маалымат каражаттарына, анын ичинде «Азаттыктын» орус кызматына берген маектеринде Кремлдин экономикалык саясатын ар дайым сынга алып келген жана көз карандысыз «Эхо Москвы» радиосунун такай катышкан коногу катары да таанымал.

Алексашенко өз отставкасы тууралуу 7-октябрда Орусиянын РБК деп аталган бизнес маалымат агенттигине кабарлагандан бери Жогорку экономикалык мектептин жетекчилиги бул фактыны азырынча комментарийлей элек.

Ал Кошмо Штаттардагы Жоржтаун университетинин чакыруусу менен өткөн жылдан бери аталган университетте профессорлук кылууда. Бирок Москвадагы жогорку экономикалык мектептин журналындагы редакторлук ишин улантып келген:

- Мен бул басылманын редактору болгондуктан, менин авторлугумдун алдында бир да макала жарыяланган эмес. Ошол себептен макалалардын мазмуну жагынан эч кандай маселе болбогонун, көйгөйдүн баары менин фамилиямдын биринчи бетте турушунан жаралганын айтышты,- деди ал "Азаттык" радиосуна берген маегинде.

Алексашенконун таасирлүү экономикалык басылманын редакторлугунан кетиши украин кризисине байланыштуу АКШ жана Евробиримдик бир нече айлампа менен киргизген санкциялардан улам орус экономикасы кыйын абалган кептелип жаткан учурда болду.

Алексашенконун пикиринде, алдыда орус экономикасы оңолуп кетет дегенге эч кандай негиз жок:

- Азыркыга дейре бийли к- өкмөт, президент экономиканын, экономикалык динамиканын багыты жакшы жакка өзгөрүшү үчүн эч нерсе жасашкан жок. Начарлоо болот, бирок 2008- жылдагыдай, баары 10% түшүп кеткендей кыйроо болбойт. Төмөндөө акырындык менен кетет.

Bloomberg агенттиги 7-октябрда маалымдагандай, өлкөнүн Борбордук банкы акыркы эки күндө рыноктогу рублдин кунун кармап туруу үчүн 1,75 млрд. доллар коротту. Бул Борбордук банктын быйыл мартта Крым аннексиялангандан берки эң ири интервенциясы.

Талдоочулардын болжолунда, орус экономикасынын начарлашына дүйнөлүк базарда мунай баасынын арзандашы да таасир көргөзчүдөй.

XS
SM
MD
LG