Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:36

Өзү эле бала тууп алган бал аарылар. Чөл моху абадагы нымды түгү менен чогултуп, чаңкаганын кандырат. Менделеевдин мезгилдик системасындагы төрт жаңы элементтин аты аталды. Бөбөктү тез сооротуунун айласы.

Өзү эле бала тууп алган бал аарылар

Түштүк Африкада жашаган Apis mellifera capensis түрүндөгү бал аарылардын ургаачысы эркек аарылар менен жыныстык катнашы жок эле тукумун көбөйтө берет. Муну Швециянын атактуу Уппсал университетинин окумуштуулары аныкташты. Алар береги бал аарынын геномун түрү башка бал аарылар менен салыштырып, нуклеитиддүү жупташтыгын идентификациялап, катары менен жазып чыгышкан (секвен жасашкан).

Изилдөө Apis mellifera capensis асел аарысы жыныстык байланышы жок эле туруп, жумуртканы ДНКсы менен байытып, тукум улоочу балдарды өстүрүп алганын көрсөткөн. Ургаачы аары минтип тууп алса, жумушчу аарылар бөтөн бирөөлөрдүн уясын ээлеп алып, кийин кадимки эле жыныстык жол менен көбөйүшөт.

“Түштүк Африка Республикасындагы бал аарылардын эркек аары менен жупташпай туруп тукум улай алганы табышмак бойдон калууда. Алардын генин түшүнүү бул аарылардын жүрүм-турумун билүүгө жол ачат. Организмдердин жыныстык байланышы жок көбөйүү себебин билүү жыныстык жол менен көбөйүүнүн эволюциялык артыкчылыгын түшүнүүгө мүмкүндүк берет,”-дейт Уппсал университетинин Медициналык биология жана микробиология кафедрасынын изилдөөчүсү Мэтью Вебстер ( Matthew T. Webster).

Демейде бал аарылар жыныстык жол менен көбөйөт. Эне аары эркек аарынын спермасы менен байытылган жумурткасын тууп, андан тукуму пайда болот (www.sciencedaily.com, https://naked-science.ru)

Чөл моху сууну кантип чогултары аныкталды

Чөлдө өскөн көпчүлүк өсүмдүктөрдүн тамыры кыртыштан суу ичүү үчүн өтө кубаттуу болуп, шактап жайылып кетет. Кошмо Штаттардагы Юта университетинин илимпоздору чөл мохунун Syntrichia caninervis деп аталган түрү кантип сууну таап ичкенин изилдешти. Ал үчүн сүрөткө тартып алчу электрондук микроскопту жана видеокамераны пайдаланып, АКШнын Чоң-Алап (англисче Great Basіn) тоосунун этегиндеги мохтордун жашоосуна байкоо жүргүзүшкөн. Көрсө, чөл мохунун жалбырактарынын учундагы ичке түгү нымды жамгырдын тамчысынан, тумандан же абадагы суунун жалгыз жарым молекуласынан чогултат экен.

Бул 0.5 миллиметрден 2 миллиметрге чейин узун түктөрдүн башындагы жоондугу бир нече нанометр ноочолору суунун майда тамчыларын чогултканга ылайыкташыптыр. Ноочолорго жетерлик суу жыйналып, чоң тамчыга айлангандан кийин жалбыракты көздөй кулап (жылып), анын бетин фотосинтез үчүн нымдаштырат.

Чөл моху нымды эффективдүү чогултуу үчүн ар жерде жайылган килемдей топтошуп өсүшөт. Алардын ийкемдүү бариктери тамчыны чачыратпай сиңирип алат жана бул жалбырактын бетине түшкөн нымды эч жоготпой чогултуусуна мүмкүндүк берет.

Syntrichia caninervis сыяктуу касиетке кактустун Opuntia microdasys түрү жана Альпы тоолорунда өсчү чөптүн Cotula fallax деген түрү ээ экенин биологдор аныкташкан (Ал эми жалбырагына конгон чымындарды бешке чейин санап туруп жечү чөп - венерина (илимий аталышы -Dionaea muscipula) тууралуу биз мурда жазганбыз. Ушул чакта Тед Трескотт (Tadd Truscott) жана анын коллегалары чөл мохунун иштөө механизмин жасаганга аракет кылышууда. Ал жасалса суу тартыш өлкөлөрдү суу менен камсыздоодо пайдаланылышы ыктымал (http://www.nature.com).

Менделеевдин элементтери

Менделеевдин же Химиялык элементтердин мезгилдик системасындагы төрт жаңы элементтин аты аталды. Теоретикалык жана колдонмо химия боюнча эл аралык союз (IUPAC) Менделеевдин таблицасындагы 113-элементти нихоний (Nihonium, символу- Nh), 115-элементти московий (Moscovium,Mc), 117-элементти теннессин (Tennessine, Ts) жана 118-элементти оганессон (Oganesson, Og) деп атоону сунуш кылды. Эрежеге жараша береги аталыштар беш ай бою талкууланып, андан кийин Теоретикалык жана колдонмо химия боюнча эл аралык союздун кеңеши тарабынан бекитилет. (Жаңы элементтер тастыкталып, Менделеевдин мезгилдик таблицасына кошулганы тууралуу 9-январдагы “Илим, техника жана медицина жаңылыктарынан'' кошумча маалымат окуңуз. Жасалма жол менен алынган 4 элементтин үчөө оболу жапоний, ливерморий жана флеровий деп аталган эле).

Химиялык элементтердин мезгилдик системасы

Химиялык элементтердин мезгилдик системасы

8-июнда IUPAC маалымдагандай, химиялык элементтерге ысымдар алар табылган же синтезделип алынган ордуна жараша берилген. Алсак, нихоний жапондордун “нихон” деген сөзү. Ал “Күн чыгыш өлкөсү” дегенди билдирет жана “жапон” деген сөздүн синоними да. 113- элементти жапон илимпоздору ачышкан. Бул Азия окумуштуулары ачкан биринчи элемент. Московийди Орусиянын Москва облусундагы Ядролук изилдөөлөрдүн бириккен институтунун илимпоздору (Объединенный институт ядерных исследований, кыскача ОИЯИ), теннессинди АКШдагы Ок Рид улуттук лабораториясы (Oak Ridge National Laboratory), Вандербильт университети (Vanderbilt University) жана Лоуренс атындагы Ливермор улуттук лабораториясынын (Lawrence Livermore National Laboratory) окумуштуулары биргеликте ачышкан. Соңку үч илимий мекеме Теннеси штатында жайгашкан.

118-элементти орусиялык илимпоз Юрий Оганесяндын урматына оганессон деп атоону ОИЯИ менен Лоуренс атындагы Ливермор улуттук лабораториясы сунуш эткен. “Профессор Оганесян башка да химиялык жаңы элементтерди ачууга салым кошкон. Ал жеңил элементтерге салыштырганда супер оор элементтердин майдаланып бөлүнүүсү бир кыйла узак болорун же аларда “туруктуулук аралы” бар экенин эксперимент жүзүндө далилдеген окумуштуулардын бири” деп айтылат IUPACнин билдирүүсүндө.

Салтка жараша Менделеевдин мезгилдик системасындагы кайра ачылган элементтер 1) мифологиялык каармандардын, ошондой эле астрономиялык объекттердин ысымына же мифологиялык түшүнүккө ылайык, 2) минералдын же ага окшош заттын атына карап, 3)жер же географиялык аймак боюнча, 4) элементтин касиеттерине жараша, 5) окумуштуунун ысымы менен аталышы мүмкүн. (Кеңири маалымат үчүн караңыз: http://iupac.org)

Бөбөктү сооротуу

Бөбөк тез сооросун десеңиз, ага кыйкырып ыйлап алганга мүмкүндүк бериңиз. Түштүк Австралиядагы Аделаида университетинин окумуштуулары 6 айдан 16 айга чейинки курактагы 43 наристеге (алардын 63 проценти кыздар) үч ай байкоо жүргүзүшкөндөн кийин ушундай жыйынтык чыгарышты.

Украиналык бөбөк. Одесса, 26-сентябрь 2015

Украиналык бөбөк. Одесса, 26-сентябрь 2015

Аделаида университетинин Дэвид Кенуэя (David J. Kennaway) башындагы изилдөөчүлөрү түнкүсүн уктабай ыйлап, ата-энесин кыйнаган 43 бөбөктүн үй-бүлөсүн үч топко бөлүп байкоо салган. Биринчи топтогу ата-энелер бөбөк ыңаалап ыйлай баштаганын уккандан бир аз убакыт өткөнгө чейин аны колуна албаган. Чыракты да жагышкан эмес.

Экинчи топтогу ата-энелер да бөбөктүн үнүн укканда эле тынчытып сооротконго ашыккан эмес. Бирок бөбөк түнкүсүн улам ойгонуп, жаман уктаса, эртеси аны мурдакыдан кеч уктатышкан.

Үчүнчү топтогу үй-бүлөлөргө баланы жакшы уктатуунун түрдүү жолдору жана ал боюнча ар кыл пикирлер бар экени гана айтылган.

Түнкүсүн ойгонуп, бир аз үн чыгарып ыйлап алагандан кийин сооротуп уктатылган жана кечирээк уктатылган бөбөктөр күн өткөн сайын тез уктачу болушкан. Ал эми ыйлап бүткөнчө жөн калтырылган наристелер бара-бара түнкүсүн сейрек ойгоно баштаган.

Түн ичинде баланын тынчы кетип, ойгонуп ыйлаганы-бул стресстин белгиси. Стресс кандагы же шилекейдеги кортизолдун курамынан аныкталат. Ошон үчүн үч айлык эксперимент маалында бөбөктөрдүн шилекейинин үлгүсү такай текшерилген. Түнкүсүн бала кандай уктаганын ата-энеси атайын күндөлүккө жазып турган, ошондой эле алардын кыймыл аракети автоматтык түрдө катталган - актография жасалган. Андан тышкары баланын эмоционалдык абалын жана жүрүм-турумун ата-энеси баалап турган.

Демейда бала ыйлаганда ата-энеси аны тезирээк сооротконго шашат. Эзелтен кыргызда бешиктеги бала ыйласа, энеси наристенин оозуна эмчегин салат же обон салып бешикти термете баштайт. Ал эми бүгүнкү ата-энелер түнкүсүн бөбөк ыйласа, жоошутуу үчүн наристени колуна алып, оозуна упчусун салып, силкилдете баштайт. Тынчып, ыйлаганы басылбаса бөтөлкөдөгү сүттү эмизет, а такыр болбой кеткенде эмчек берет. (Караңыз: http://pediatrics.aappublications.org).

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG