Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Сарымсак - уулануудан сактайт


Сарымсак - тамактан ууланууга себепкер болгон бактерия менен күрөшүүдө кеңири жайылган эки антибиотиктен жүз эсе эффективдүү.

Мындай тыянакка АКШдагы Вашингтон мамлекеттик университетинин окумуштуулары бир нече изилдөөдөн кийин келген. Илимпоздордун айтымында, тамактан ууланууга көбүнесе этте табылган кампилобактер бактериясы себепкер.


Сарымсак антибиотиктен 100 эсе эффективдүү


Ал эми сарымсакта табылган диаллилсульфид заты тамактан ууланууга себепкер болгон бактерияны курчап турган сыйгалак мембрананы тешип өтүүгө жөндөмдүү. Окумуштуулардын айтканына караганда, сарымсактагы пайдалуу зат кеңири таралган эритромицин жана ципрофлаксацин антибиотиктеринен жүз эсе тез жана эффективдүү иштейт.

Сарымсак ошондой эле жүрөк-тамыр, ичеги-карын жана уйку бездин рак илдеттеринен коргойт. Мисалы, ичти ооруткан листериа моноцитогенес жана эшериха коли, же ичеги таякчасы (кишечная палочка), бактерияларына каршы сарымсакта табылган диаллилсульфид дарылардан эффективдүүрөөк күрөшөт.

Белгилей кетчү нерсе, байыркы Европада бул өсүмдүк сыйкырдуу жана кан ичкичтерден коргойт деген ишеним жашаган.


Ооз кыймылын көзөмөлдөгөн жабдык жасалды


Диета кармап, же ден соолугуңузду караган киши болсоңуз, тайвандык илимпоздун ойлоп тапкан кымындай аспабы сиздин колго тийсе, асмандан издегениңизди жерден таптым дей бериңиз.

Компьютер деген нерсе күн санап эмес, саат санап кичирейип, бирок кубаты тескерисинче, эселеп өсүп жаткан маалда Чу Хао-Хуа тишке орнотулчу кенедей жабдыкты ойлоп тапты. Тайван улуттук университетинин профессору иштеп чыккан ооздун ар бир кыймыл-аракетин көзөмөлдөөчү бул аппарат саламаттыкты сактоо жаатында кеңири колдоо табаары шексиз. Тиш доктурлар цемент менен орнотуп койчу бул жабдык сиздин канча жолу чайнап, жөтөлгөнүңүздү кой, сүйлөгөн ар бир сөзүңүздү эсепке алып, оозуңуздун башка кыймыл-аракеттерин кымындай акселерометрлер аркылуу көзөмөлдөп турат.

Али азан чакырып, аты коюла эле жабдык адамдын оозунда эмне болуп жатканын дээрлик 100 пайыз аныктап, компьютерге жиберилет. Окумуштуулар бул жабдыкты блу-тус (Bluetooth) деген зымсыз өткөргүч менен жабдып, аны дагы кичиртип, дагы жакшыртабыз деп жатышканын The Economist журналы жазып чыкты.


Топтун ылдамдыгын да эсептеп турабыз


Ушул эле басылмада жарык көргөн дагы бир маалымат бардык футбол күйөрмандарды кызыктырат болуш керек. Германиялык GoalControl деп аталган компания бар, анын жабдыктары футбол мелдешинде калыстардын ишин көзөмөлдөөдө колдонулат. Мына ушул ишкана эми талаш жараткан учурларды болтурбоо үчүн жаңы жабдыктардын үстүндө иштеп жатат.

Катуу ылдамдыкта учуп бараткан топту тартып алуучу жети камера голду анализдеп, эки-мерчемдүү сүрөттү үч-мерчемдүү сүрөткө айлантып, рефериге голдун траекториясы менен кошо көрсөтөт. Жаңы технология пенальти менен оффсайтты да аныктаганга чоң көмөк көрсөтөт деп ишендирди GoalControlдун жетекчиси Дирк Бройххаузен.

Германиядагы Фраунгофер интегралдык схемалар институтунун окумуштуулары да футболдо колдонулчу жабдыкты ойлоп табышты. RedFIR деп аталган радио транзитор топтун ичине орнотулуп, анын позициясын секундасына эки миң жолу аныктап, так маалыматты футбол талаасынын айланасында жайгашкан приёмниктерге радио толкундар аркылуу жөнөтүп турат. Бул жабдык топтун ылдамдыгын менен пасстарды да аныктаганга жарайт экен.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG