Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Жакырчылыктын формуласы аныкталды


Адам керээлди кечке кейип-кепчий берсе, кедейчиликти чакыра баштайт.
Адам керээлди кечке кейип-кепчий берсе, кедейчиликти чакыра баштайт.

Окумуштуулар адамдын айрым көнүмүш адаттары жакырчылыкка жетелей тургандыгын аныкташты. Англияда кызганчаактар үчүн мобилдүү тиркеме, Испанияда эриген сайын өңү өзгөргөн балмуздак чыкты. Apple компаниясынын Itime деп аталган жаңы "акылдуу сааты" күзүндө сатыкка чыгат.

Кейип-кепчий берүү кедейликке кептейт

Окумуштуулар адамдын айрым көнүмүш адаттары жакырчылыкка алып келээрин аныкташты. Андай адаттар мээнин физикалык абалына таасирин тийгизип, дароо жакырчылыкка программалайт.

Алардын бири өзүн-өзү аёо. Адам керээлди кечке өзүн аяп, тагдырына кейип даттана берсе жакырчылыкты чакыра баштайт. Мындай учурда адам өң-келбетине, тапкан маянасына, билимине, ал тургай аба ырайына дагы нааразы болуп, бактысыз экенин кайталай берет. Мындай кейип-кепчиген кишиден башкалар кача баштайт. Ошентип өзүн-өзү өтө эле аяган адам жалгыз, көп нерседен куру калышы мүмкүн.

Жакырчылыкка жетелеген адаттардын дагы бири - ашыкча сарамжалдуулук. Дүкөндөн дароо арзандатылган буюмдарды издеп, кесиптештердин айлыгын эсептеп, эч качан бирөөгө карызга акча бербеген адамдар дагы тез эле жакырчылыкка кептелээрин окумуштуулар белгилешет. Аналитиктердин айтымында, мындай адамдар чектен чыккан сарамжалдар. Колунда бар адам болсо, башка бирөөнүн эмгегине жараша төлөп, буюмдун сапатына карап акча коротууга даяр.

Эксперттер баарын акча менен эсептеген, бактылуулукту дагы материалдык байлык менен ченеген адамдар да жакыр экенин айтышат.

Ошондой эле акча түгөнүп баратса кайгыга түшкөндөр, жакшы тапса дагы акчасынын кайда кетип жатканын билбегендер жана жактырбаган киши менен мамиле кургандар дагы тез эле жакырга айланары белгилүү болду. Андан сырткары туугандары менен катышкысы келбегендер дагы байып кете алышпастыгын окумуштуулар далилдешти. Анткени дүйнөдөгү мураскер байлардын көбү үй-бүлөнү, жакын адамдарын биринчи орунга коюшат.

Кызганчаактар үчүн мобилдүү тиркеме

Лондондогу Mspy компаниясы жакын адамдын жашоосун интернетте көзөмөлдөй турган чөнтөк телефонго атайын тиркеме чыгарды. mCouple деп аталган бул программаны андроид жана айфонго бекер жүктөп алса болот. Анын жардамы менен телефон аркылуу түгөйү жасаган бардык иш-аракеттерди көзөмөлдөөгө мүмкүн. Маселен, анын телефон чалууларын, жеке каттарын, социалдык тармактардагы активдүүлүгүн, ал гана эмес телефонго тарткан видео жана фотолорун дагы көрсө болот.

Ошондой эле программа адамдын кайсыл жакта экенин GPS навигатор аркылуу көрсөтүп, телефондук сүйлөшүүлөрдү жаздырып алат. Бул тиркеме негизинен ата-энелерге жана иш телефону аркылуу жумушчуларды көзөмөлгө ала турган жетекчилерге багытталган.

mCouple тиркемесин бири-бирин текшерип турууну каалаган түгөйлөр колдоно алышат. Буга экөөнүн тең макулдугу керек, себеби программа бул учурда экөөнүн телефонуна орнотулушу зарыл.

Түстүү балмуздак

37 жаштагы испан физиги Мануэл Лианрес температурага жараша өңүн өзгөрткөн балмуздак чыгарды. Көк балмуздак эриген сайын кара көк түскө айланат. Бул тууралуу Британиянын Mirror журналы жазып чыкты.

Мануэлде кооз балмуздак жасоо идеясы атайын курска барганда жаралган. “Хамелеон” деп аталган балмуздак жемиш даамданат. Ойлоп табуучу мындай таттууну жасоо технологиясын сыр кылып сактоодо. Балмуздак Испаниянын Калелла де Маар шаарында сатыкка чыгып, өтө популярдуу болууда. Жакында ал башка шаарларда дагы пайда болору күтүлүп жатат.

Акылдуу саат

Apple компаниясы Itime деп аталган жаңы "акылдуу саатты" күзүндө чыгарат. Компания маалымдагандай ал саат чөнтөк телефон менен байланышта болот. Ал телефонго ким чалганын, социалдык тармактарга келген билдирүүлөрдү, GPS навигацияны көрсөтүп турат.

Бул жаңы технология тууралуу сөз былтыртан бери эле айтылып келет. Алгач ал Iwatch деген ат менен чыгарылары күтүлгөн. Компания саатты Itime деп каттоодон өткөргөнү маалым болду.

Быйыл күздө чыга турган "акылдуу сааттын" акыркы аталышы жана канча тураары азырынча так белгисиз.

XS
SM
MD
LG