Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Доңуздун органы адамга көчөбү?


Орусиядагы чочко фермасы
Орусиядагы чочко фермасы

Адамга чочконун органдарын көчүрүү башталабы? Боёмо китептер чоңдорго жакшы терапия, рак оорулуу балдар да окушу керек.

Жайында төрөлгөн баланын дени сак

Британиянын Кембриж университетинин окумуштуулары жайкысын төрөлгөн балдардын ден соолугу кышында жарык дүйнөгө келгендерге караганда чың болорун аныкташты. Изилдөөнүн автору доктор Жон Перринин айтуусунда, бул кош бойлуу аялдын көз жарарга үч ай калганда күн нурунан Д витаминин жетиштүү өлчөмдө алганы менен байланыштуу. Тажрыйбага 450 миң киши катышып, алардын туулган күнү жана ден соолугу текшерилген. Натыйжада июнь, июль, август айларында төрөлгөндөр башкаларга караганда бойлуу келери аныкталган. Изилдөөнүн жыйынтыгы Heliyon журналына чыкты.

Чочко ДНКсы адамдыкына окшош

Гарвард университетинин профессору баштаган илимпоздор тобу чочконун ички органдарын адамга көчүрүү боюнча жаңы изилдөөгө киришти. Профессор Жорж Чарч чочконун ДНКсы бардык жаныбарлардын ичинен кишинин ДНКсына окшош экенин аныктаган. Анын бул изилдөөсү Science журналына чыкты. Ушу тапта адам органдарын көчүрүүдө орган жетишсиздиги дүйнөлүк проблемага айланды. Профессор Чарчтын тобу эгер бул изилдөө ийгиликтүү аяктап калса, жакынкы келечектин медицинасы үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылары бышык. Бирок Шотландиядагы Эдинбург университетинин окумуштуусу Сара Чан изилдөө канчалык ийгиликтүү болсо да, доңуз органын кишиге көчүрүүнүн маданий жана социалдык таасири оор болуп калышы ыктымал деп эсептейт.

Рак оорулуу балдар окутууга муктаж

АКШнын Теннеси штатындагы балдардын Мемфис онкологиялык борборунда атайын компьютердик окутуу курстары ачылды. Ага рак дартынан кутулган 68 өспүрүм катышууда. Балдарга мурда кандын рагы, мээ шишиги сыяктуу диагноздор коюлуп, бир жылдык химия терапиядан өтүшкөн. Ушундан кийин көбүнүн ой жүгүртүү жана эске тутуу жөндөмү начарлап кеткени байкалган.

Курска катышкан балдарга күнүнө 25 мүнөттүк сабактын артынан 30-45 мүнөттүк үй тапшырмалар берилген. Бир нече аптадан кийин балдар мыкты ийгиликтерге жетишкен. Окумуштуулар мындай ыкма мээдеги нейрондорду кайрадан жандандырып, жаңы нервдердин өсүп чыгышына өбөлгө болот дешет. Изилдөөнүнү жыйынтыгы Journal of Clinical Oncology басылмасына жарыяланган.

Боёмо китептер - дартка даба

Боёмо китептерди адатта балдардыкы деп кабыл алабыз. Бирок окумуштуулар ак-кара сүрөттү түркүн түскө боёо процесси чоңдордун да саламаттыгына олуттуу таасир этерин аныкташты. Боёо же сүрөт тартуу көптөгөн оорулардын айыгышына себепкер болорун илимпоздор далилдешкен. АКШнын Филадельфия штатындагы Дрексел университетинин кызматкери Жоук Брад сүрөт боёп же ырдаганда бейтаптын абалы жакшырганын байкаган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG