Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Жараткандын кымынына «аңчылык» уланууда


Европалык атомдук изилдөө уюмунун илимий-изилдөө лабораториясы. Женева, 2010-жыл

Европалык атомдук изилдөө уюмунун илимий-изилдөө лабораториясы. Женева, 2010-жыл

Европалык окумуштуулар бул дүйнөнүн түп-негиз «кирпичи» деп саналган атомдон кичине бөлүкчөнүн бар экендигинин «ишаратын» табышканын айтышууда. Илимде «Хиггс босон» же «жараткандын кымыны» аталган бул бөлүкчөнүн өзү тууралуу жетиштүү далил али табыла элек, бирок окумуштуулардын айтымында, мындай ачылыш өтө тез арада жасалышы мүмкүн.


Европалык атомдук изилдөө (ЕАИ) уюмунун жер астындагы туннелдеринен «жараткандын кымыны» бар экендигинин шыбышы «угулуп», дүйнөнү дагы дүңк эттирди. Атомдон да кичине «илме-кайып» бөлүкчөнүн чынында бар экендиги далилденгенге чейин бул туннелдерде атомдорду дагы көп жолу кагыштырыш керек. Бирок физиктер илимий ачылыш балким бир жылдын ары-берисинде эле жасалып калышы мүмкүн экендигин жар салышты.

Европалык атомдук изилдөө (ЕАИ) уюмунун башкы директору Ролф-Дитер Хоер 13-декабрда Женевада кабарчылар менен жолукту.

ЕАИ уюмундагы "Аалам түзүлүшү" боюнча илимий көргөзмөсү, Женева шаары

ЕАИ уюмундагы "Аалам түзүлүшү" боюнча илимий көргөзмөсү, Женева шаары


- Хиггс босон бөлүкчөсүнүн бар экендиги тууралуу Шекспирдин «барбы же жокпу?” деген суроосуна ачык-айкын жооп алынганга чейин келерки жылы дагы көптөгөн тажрыйба жүргүзүп, атомдорду кагылыштырышыбыз керек. Бирок мен өтө жакшы жылыш жасадык деп ойлоп жатам.

Хоер айткан «жылыш» тууралуу кабар окумуштуулар чөйрөсүндө уу-дуу талкууну жаратты.



Дүйнөдөгү бардык нерсенин түп-негизи саналган «Хиггс босон» кымыны бардыгын теоретикалык жактан 1964-жылы британиялык физик Петер Хиггс айтып чыгып, элементардык бөлүкча анын урматына аталган.

Бардык нерселерди эмне бириктирип кармап турат? Муну түшүндүрүү үчүн "Стандарттык физикалык модел" деп аталган тармактын окумуштуулары алектенет. Бул моделде бүгүнкө чейин дал ушул «жараткандын кымыны» жетпей жаткан.

Европалык атомдук изилдөө (ЕАИ) уюму жарыялаган түшүндүрмө документтерди окусак, «Хигс босон» болбосо бул аалам азыркыдан таптакыр бөлөкчө болмок. Мисалы, балким биз билген түп-негиз зат да, химия да, биология да, алтургай адамдар да болмок эмес.

«Жараткандын кымынын» окумуштуулар ондогон жылдардан бери издеп, бирок анын бар экендигин далилдей албай келишкен. Эгер далилденсе, бул физикадагы эң маанилүү ачылыштардын катарына кирмекчи, себеби ошондо дүйнөнүн жаралышы тууралуу илимдеги эң олуттуу суроолордун айрымдарына жооп алынат.

Европалык атомдук изилдөө уюму, Женева шаары

Европалык атомдук изилдөө уюму, Женева шаары


Бул бөлүкчөнү табыш үчүн Европалык атомдук изилдөө (ЕАИ) уюму Франция менен Швециянын ортосунда 10 миллиард долларга жер астында көп чакырымга созулган Чоң Хадрон туннелин курган. 2008-жылы ачылган жер астындагы бул лабораторияда окумуштуулар эки бөлөк тажрыйбанын жүрүшүндө эки ирет катары менен чыңалуу 124- 126-гига-электрон-волтко жеткен чакта изилденип жаткан бөлүкчөлөрдүн салмагы кескин көтөрүлгөнүн байкашкан.



Тажрыйбалардын бирин жетектеген физик Фабиола Жианотти бул көрүнүш ачылыштын жарчысы болушу мүмкүн дейт:

- Бул көрүнүш башка факторлордун өзгөрүшүнөн улам болдубу же артында кызыктуу бир нерсе жатабы, муну айтыш азырынча өтө эрте. Бул суроого жооп алыш үчүн дагы көп изилдөө жүргүзүшүбүз керек. Бирок жакшы жагы, 2012-жылдын аягына чейин эгер жолдуу болсок, балким андан да эртелеп бир жактуу жообубузду бере алат болушубуз керек.

Окумуштуу өз кесиптештери алдыдагы айларда өтө толкундануу менен иштей турган болуп жатышкандыгын кошумчалады.

Бул лабораторияда эмгектенген франциялык жана италиялык окумуштуулардын быйыл сентябр айындагы ачылышы илимий коомчулукту ден-дароо кылган эле. Алар нейтрино нуру деп аталган элементардык бөлүкчө жарыктан да тез кыймылдаарын далилдеп чыгышкан.

Бул ачылыш илимий жактан таанылса, Алберт Эйнштейндин «жарыктан ылдам эч нерсе жок» деген физика илиминин түп-негизин түзгөн теориясын жокко чыгарат.
XS
SM
MD
LG