Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Чычкандар да кытыгыга күлүшөт


Чычкандар да кытыгылаганда күлүшөт. Илимпоздор омуртка жүлүнү сынып, эки буту кыймылдабай калган маймылдарды бастырышты. Робот Рубиктин кубигин бир секундга жетпей жыйнап койду. Марста жашоо болгону тууралуу жаңы гипотеза айтылды.

Чычкандар кубанганда адам сыяктуу эле “төбөсү көккө жете” секирет. Берлиндеги Гумбольд университетинин окумуштууларынын изилдөөсү чычкандарга кытыгылаган жагарын жана жаш бала каткырып күлгөндөй үн чыгара турганын көрсөттү. Чычканды кытыгыласа, күлгөнү окумуштууларга мурдатан эле маалым болчу. Мисалы, чычкандарды аларга жагымдуу чөйрөдө кытыгыласа, үн чыгарып кубанганын Чарльз Дарвин 1872-жылкы бир эмгегинде жазган.

Германиялык нейрологдор жаш эркек чычкандарды түрдүү жолдор менен (адегенде артын, анан курсагын, андан соң артын жана курсагын кезек менен, кийин куйругун) кытыгылап, ошо учурда алардын мээсинде кандай реакция жүргөнүн да байкашкан. Ар бир кытыгылоо 10 секундга созулуп, андан кийин 15 секунд тыныгуу болгон. Чычкандар кытыгылоодон кийин кол менен куушмак ойношкон.

Кызыгы, чычкандар чарчап, кыйналып турганда кытыгыласа жакшы көрүшпөйт экен. Бирок жакшы жагдайда кытыгылаганда, жаш баладай кыткылыктап күлүшкөн.

"Алар аябай жыргашты. Секирип, менин колумду кууп алышты. Бөбөктөрдөй эле кыткылыктап, колумду айланып жүгүрүп жүрүштү", -дейт Гумбольдт университетинин нейропсихологу Шимпей Ишияма (Shimpei Ishiyama).

Окумуштуулар ошентип чычкандарды кытыгылап, алар кытыгылаган адамдын колунун артынан калбай секирип жүрүшкөндө, мээсиндеги айрым клеткалары кеңейип, жарылгандай болгон. Мээнин ошол эле клеткаларын ток менен сайгылаганда, чычкандар адамдай болуп, жыргап-куунашкан.

Ошондогу алардын абалын Шимпей Ишияма төмөндөгүдөй сүрөттөйт: “Алар эч нерсени угушпайт, эч нерсени сезишпейт, эч нерсени көрүшпөйт. Бирок алар сайгылаганга жооп кылып, үн чыгарышат. Бул таңкалычтуу.”

"Балким кытыгы мээнин жаныбарларды же адамдарды кыткылыктатып күлдүрүп, чогуу жыргатуунун бир амалыдыр", - дейт немис окумуштуусу, доктор Михаел Брехт (Michael Brecht).

Илимпоздордун пикиринде, адам менен чычкандын жакшы маанайына жараша кытыгыга жыргап каткыруусу өз ара ойноп, жыргоонун эң байыркы формасы болуп саналат. "Адамдардын чогуу отурганда күлүп-каткырганы, тилдик жана маданий айырмачылыктарга карабай, алардын бири-бирин жакын сезгенин түшүндүрөт: күлкү тилден мурда пайда болгону байкалат" дешет илимпоздор.

(Булагы: http://www.the-scientist.com, http://www.smithsonianmag.com, http://www.nature.com)

"Марста жашоо болгон"

Марстагы жашоо тууралуу жаңы гипотеза - бул Кызыл планетанын Эллада (Hellas) деген бөлүгүндө ондогон миллион жыл мурда жашоо үчүн ыңгайлуу шарт болгонун күбөлөйт.

Окумуштуулардын жаңы изилдөөлөрүнө караганда, ал аймактагы ороо сымал тегерек тешик байыркы муздун алдындагы жанар тоо атылгандан улам пайда болушу ыктымал.

Марс
Марс

“Түндүк Эллада чуңкуру өткөн жашоону далилдеген мыкты жай деп ойлойм. Эгер эриген мөңгүлөр ал жерде чындап эле көлдү пайда кылса, анда жашоо үчүн зарыл бардык элементтер: суу, энергия, химиялык заттар, ошондой эле организмдердин жашап көбөйүүсүнө жетерлик температура бар болмок”, - дейт Техас университетинин Геофизикалык изилдөөлөр институтунун (Institute for Geophysics of University of Texas) кызматкери, жаңы изилдөөнүн жетекчиси Жозеф Леви (Joseph Levy).

Анын оюнча, Марстагы чуңкурларда жертөлөдөгү жашылча-жемиштер сыңары жашоону ырастаган далилдер сакталып калган болушу мүмкүн.

АКШнын Космосту изидөө агенттиги-НАСА 2020-жылы Кызыл планетага “Марс 2020” деп аталган кезектеги изилдөөчү көлүктү жиберүүгө камданып жатканына байланыштуу илимпоздор Марстагы жашоону ырастачу далилдерге көңүл бурушууда. Европа космостук агенттигинин ExoMars деп аталган миссиясы да “Марс 2020” сыяктуу алыскы планетадан метан сымал газдардын калтырган издерин издемекчи.

Бирок Левинин айтымында, “Марс 2020” жана ага окшош көлүк-изилдөөчүлөр Элладаны (420 метр терең) жана Галаксиас ойдуңун (Galaxias Fossae) жакын арада изилдей албайт.

“Алар жер бетиндеги терең тешик болгону менен кызыктуу. Алардын кычыктары менен жаракаларындагы таштардын астында бир кездеги Марстагы жашоонун белгилери мыкты сакталган жай болушу мүмкүн. Ал жерлерге адам өтө албаса да, роботтор өтө алат”, – деп ишенет доктор Леви.

“Бул кабар - биз Марс тууралуу улам көбөйүп бараткан маалыматтарды пайдаланып, Марстагы жашоо жөнүндөгү билимибизди арттырып жатканыбызды шарданалаганын белгилейт",- дейт Космосту жана космонавтика өнөр жайын изилдөөчү The Tauri Group компаниясынын улук аналитиги Филь Смит ( Phil Smith).

(Булагы: http://www.foxnews.com, http://www.news.com.au, http://www.journals.elsevier.com)

Робот Рубиктин кубигин жыйноодо рекорд койду

“Sub1 Reloaded” роботу Рубиктин кубигин секунддун миңден 637 бөлүгүндө (0.637 секунда) жыйнап, дүйнөлүк рекорд койду. Кубикти мыкты деген адам 4,9 секундда чогулткан. Мурдагы муундагы роботтордун эң мыктысы койгон рекорд 0.887 секунда болчу. Алты капталдуу жана алты башка өңдөгү башкатырма кубикти венгриялык Эрне Рубик (Ernő Rubik) 1974-жылы ойлоп тапкан.

“Sub1 Reloaded” роботун Германиянын дүйнөдөгү эң кубаттуу микрокомпьютерлерди жасоочу Infineon компаниясы иштеп чыккан.

Кыймылы микрочиптерге негизделген береги робот кубиктерди айлантуу үчүн алты кыймылдаткычты пайдаланат. Ал эми AURIX™ микроконтроллерунун негизинде иштеген миникомпьютер кубикти сканерге тартып, сыйкырдуу башкатырманы кантип жыйноонун жолун ойлонуп, кыймылдаткычтарга тийиштүү буйрукту берип турат. Бул миникомпьютер башкатырманы жыйноонун эң оптималдуу жолун табууга ар мертебе 0,15 миллисекунда жумшаган. Ошентип роботтун колдору түстүү квадраттарды өңдөрү боюнча бөлүп тизет. Анын колдору ушунча тез кыймылдагандыктан кубиктин бетиндеги алты түстөгү 54 квадрат кантип ирети менен тизилип калганын адам байкабай да калат.

“Sub1 Reloaded” роботу сыйкырдуу башкатырманы рекорддук убакытта жыйнап жатып, жарым секундда кубиктин капталдарын 21 ирет башка орунга жылдырган.

“Биз рекордсмен роботту түрдүү жана жетерлик татаал тапшырмаларды тез жана болушунча эффективдүү аткара алчу жогорку ылдамдыктагы санариптик башкарууну жана автоматташтыруу системасын түзүүнүн бир үлгүсү катары жасадык. Рубиктин кубигин өтө тез жыйноо азыркы дүйнөдөгү талылуу маселелерден эмес экенин билебиз” деп билдирди Мюнхенде Infineon компаниясынын өкүлү Грегор Родехуезер (Gregor Rodehueser).

Анын түшүндүрүшүнчө, AURIX™ микроконтроллеру робот-автомобилдер өтө чоң ылдамдыкта баратып, жолундагы тоскоолдукту таап, айланып өтүүсүн мүмкүн кылган системаны түзүү үчүн жасалган.

Рубиктин кубигинин алты өңдөгү алты бетинин ар биринде каршы-терши багытта айланчу тогуз квадрат бар. Анын квадраттарын түсү боюнча бир иретте турган баштапкы абалына келтирүүнүн 43 квантимиллион (43 252 003 274 489 856 000) жолу бар. Мынча сандагы Рубиктин кубигин тизип чыкса, Жердин бетин 275 кабат же 20 метр бийик кылып жабат.

(Булагы: www.infineon.com, https://techcrunch.com, http://www.aol.com)

Илимпоздор кыймылсыз бутка жан киргизишти

Мээни имплантациялоонун жаңы формасы эки буту кыймылдабай шал болгон адамдарга келечекте өз буттарын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Шал оорусуна чалдыккан адамдын омуртка жүлүн мээси ар кандай кокустуктун кесепетинен жабыркап, эки буту же белинен ылдый жагы кыймылдабай калат. Мындай учурда мээ менен омуртка жүлүн мээсинин байланышы үзүлөт.

Лозаннадагы федералдык политехникалык университеттин ( École polytechnique fédérale de Lausanne, EPFL) илимпоздору шал болгон болгон эки макака маймылын айыктырышты. Эки жума мурда буту иштебей калган маймылдардын бири алты күндөн кийин буттарын өз алдынча кыймылдатып, кадимки калыбында басканга жарап калган. Экинчиси болсо бир ай өтпөй, өз алдынча кыймылдай баштаган.

Швейцариялык илимпоздор америкалык жана германиялык кесиптештери менен кызматташып иштеп чыккан система маймылдардын мээсинин денеге кыймыл берчү мотор бөлүкчөсү менен омуртка жүлүн мээсинин үзүлгөн байланышын зымсыз технология аркылуу байланыштырган. Анын бир өзгөчөлүгү: бул системага нейросенсор да бириктирилген. Ал мээнин тийиштүү бөлүгүнөн алынган сигналды компьютерде кайра иштетилгенден кийин омуртка жүлүн мээси аркылуу буттун булчуңдарына жиберип, аларды аракетке келтирет. Натыйжада, мээден берилген сигналга ылайык, булчуңдардын тийиштүү бөлүгү иштей баштайт.

Бул система азырынча бир тараптуу иштейт: омуртка жүлүн мээсиндеги сигналды баш мээге бере албайт.

EPFLдин нейрологиялык инженерия боюнча профессору Грегуар Кортайндын (Grégoire Courtine) айтымында, окумуштуулар белинен ылдый жагы шал болуп калган айбанды кыймылдатканга жетишкенден мурда, омуртка жүлүн мээси кандай иштегенин он жылдан ашык убакыт үйрөнүшкөн. Европа жана АКШда маймылдар менен лабораториялык изилдөөлөрдү жасоого катуу чектөөлөр коюлгандыктан, профессор Кортайнга ай сайын Лазаннадан Бээжинге учуп барып, тажрыйба жасаганга туура келген.

"Шал болгон адамдын белинен ылдый жагын иштетүүгө жетишүү алда канча татаал", - дейт Жапониянын Огайо мамлекеттик университетинин Нейрология институтунун директору, доктор Али Реза (Ali Rezai).

(Булагы: http://www.nature.com, http://www.cnn.com, https://science.slashdot.org)

XS
SM
MD
LG