Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

"Атлантик": Сулуулук бакытка өбөлгө


Илимпоздор адамды сергите алчу гана эмес, ойлонуу, сезүү жана жүрүм-турумун өзгөртө алчу жаңы технологиялардын үстүнөн иштеп жатышат. НАСАнын Эймс изилдөө борборунун улук изилдөөчүсү Жер планетасынан сырткары жашоого зарыл беш нерсени атады.

Уйкуну качырып, сергек болуу үчүн кофени дембе-дем ичкен доор бүтөөрүнө аз калгандай.

Илимпоздор азыр адамдын уйкусун ачып гана эмес, ойлонуу, сезүү жана жүрүм-турумун өзгөртө алчу жаңы технологиялардын үстүнөн иштеп жатышат. Жакынкы жылдары ойлонуу жөндөмүн тездетип, кыймыл-аракетти жакшыртып, жада калса терс жоруктарды оңдой алган жаңы аппараттар жарыкка чыгышы күтүлүүдө.

Нейроилимпоздор буга чейин эле электр тогу мээнин кабыл алуу жөндөмүн жакшыртарын аныкташкан. 2013 - жылы Англия жана Австриядагы бир нече университеттин изилдөөчүлөрү биригип, мээнин кээ бир бөлүктөрүнө электр тогун өткөрүү адамдын математикага болгон шыгын ойготорун далилдешкен.

АКШдагы бир катар университеттердин изилдөөчүлөрү, адамдын мээсине хирургиялык жол менен жасалма нейрондорду коюу аркылуу, эс-тутумду жакшырта ала тургандыгын көргөзүшкөн.

Ушул жумадан баштап, айдын аягына чейин Scientfic America журналы “Мээңизди кандай кылып жакшырткыңыз келет?” деген сурамжылоо жүргүзүүдө. "Бүгүн жомоктой угулган нерсени илим эртең эле ишке ашыруусу толук мүмкүн" деп жазат аталган журнал.

Жашоого керектүү беш фактор

1995-жылга чейин илим жерден сырткары жактагы жашоону Күн системасынын алкагында эле изилдеп келген. “1995-жылы астрономдор алыскы жылдыздардын орбитасынан башка планеталарды таап баштагандан бери баары өзгөрө баштады” деп айтты, НАСАнын Эймс изилдөө борборунун илимпозу, Кристофер Маккей National Geographic журналында берген маегинде. Ушул жылдын апрель айында табылган Кеплер 186-f планетасы менен азыр 1800ге жакын Жерге окшош планета белгилүү.

Алыскы планеталарда жашоо бар экендигин боолгош үчүн беш нерсени текшерүү керек дейт илимпоз. "Биринчиси - бул сууну суюк абалда кармагыдай температуранын деңгээли. Экинчиси - суу. Үчүнчүсү - энергия булактары. Жер планетасында зат алмашуу үчүн эки гана энергия булагы керек: Күндүн жарыгы жана кычкылтек. Төртүнчү нерсе - бул радиация сыяктуу жашоого тоскоол болгон кандайдыр бир нерсенин жоктугу. Ал эми бешинчиси - нитроген",- деп жыйынтыктайт окумуштуу өзүнүн тизмесин.

“Азыр бизге жакын болгону үчүн Марс планетасын так изилдегенге мүмкүнчүлүк бар. Эгер ал жакта жашоонун изи табылса, анда ал Жердеги жашоо менен байланышы болушу мүмкүн. Биздеги жашоонун кайсы бир элементи метероид аркылуу ал жакка барышы толук ыктымал” деп белгилеген Маккей.

Эстетикалык сулуулуктун таасири

Түштүк Каролина университетинин профессору Авраам Голдберг өз командасы менен бирдикте Нью-Йорк, Лондон баштаган бир катар чоң шаарларда статистикалык изилдөө жүргүзүп, адам кандай учурда өзүн бактылуу сезерин аныкташкан.

Буга чейин бакытка жети нерсе керек деген түшүнүк калыптанган. Алар: байлык, үй-бүлөлүк катыш, карьера, достук, ден соолук, эркиндик жана жеке баалуулуктар. Бирок Голдбергдин изилдөөсүндө келип чыккан жыйынтык бул жети нерсенин катарында жок болуп чыкты. Көрсө адамдар кооз, көркөм шаарда жашаганда өзүн бактылуу сезишет экен. Жагымдуу архитектура, тарыхый имарттар, жашыл мейкиндик, таш төшөлгөн көчөлөр адамдын өзүн бактылуу сезүүсүнө жардам берет. Эстетикалык сулуулуктун күчү ушундай,- деп жазат "Атлантик" журналы.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG