Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46
Мына ушундай ат менен интернет жана биотехнологиянын борборунда, Маунтэн Вью шаарында (Силикон өрөөнү, Калифорния) акыркы 6-7 жылда 23andMe менчик компаниясы кызмат кылууда. Болгондо да бир укмуш кызмат!

Ата-бабаңыздын генетикалык анализин алгыңыз келсе, аталган компанияга эң жөнөкөй биоматериалды тапшырасыз, тактап айтканда, почта аркылуу, конверттин ичине болгону шилекейиңизди (!) салып жибересиз. Анын генетикалык анализин, же илимий изилдөө жоопторун интернет баракчасынан окуйсуз: ата-бабаңыз кандай адам болуптур, жакын туугандары кимдер экен, кайсы оорудан сак болуу, алдын-алуу зарыл.

Компаниянын минтип аталып калганы - адам баласынын хромосомасы 23 жупту түзөт, алардын ар бир жубунда окшош эки хромосома болот.

Хромосомалар (байыркы грек тилинен χρῶμα — түс жана σῶμα — дене) — клетка ядросунун тукум кубалаган оорулар тууралуу маалыматты сактоого жана берүүгө жөндөмдүү болгон маанилүү тутумдук бөлүгү.

Бул 23andMe команиясынын анализи аркылуу сиз 10 миң жылдай генетикалык тарыхыңызды, укум-тукумуңузга сереп салган уникалдуу маалыматты окуйсуз жана кыргыз баласы жатка билген «жети атаңызды» эле эмес, жок дегенде 750ден ашык энелериңиздердин жана 500дөй ата-тегиңиздин илимий жактан такталган баалуу генетикалык маалыматын барактайсыз! Ошентип, сыйкырдуу 23 жуп хромосома миңдеген жылдар бою адам баласынын, анын ичинде менин да ата-бабам тууралуу абдан баалуу жана негизги маалыматтарды өзүнө катып, сактап келген. Азыр интернет жана биотехнология жетишкендиктери тарыхта биринчи жолу бизге бул сырдын ачкычын тапшырып жатат.

Абдан кызыктуусу, ар бир элдин, улуттун чыныгы тарыхын тактай алабыз. Мисалга, мындан 15-50 миң жыл илгери азыркы америкалык индеецтер биз, кыргыздар жашап турган Алтай тоолорунан Беринг аймагы аркылуу Америка континентине жер которуштуруп кетишкени такталып жатат. Бир аздан кийин, же 12 миң жыл мурун ал жер суу астында калып, Азия жана Америка континенттерин биротоло алыстатып койгон, азыр ал жер Беринг кысыгы.

Мергенчилик кылып жапайы айбандардын артынан кууп олтуруп азыркы индеецтер ушунчалык алыска кетишкен деп болжолдоого болот. Кандай гана себеп болбосун, атактуу АКШнын Мичиган Университетинин илимпоздору америкалык индеецтердин генетикалык анализдеринин негизинде бизди генетикалык жактан жакын тууган кылып жаткандай.

Генетикалык изилдөөлөр жаныбарлар менен жер-жемиштерде да абдан кызыктуу илимий ачылыштарды жасап жатат. Мисалга, бардык алма дарактарынын ата-бабасы болуп биздин, кыргыздын Ала-Тоосунун этектериндеги жапайы, даамы ачуу алма таанылды. Ал кыргыз алмасы азыр да кездешет, «Сиверс Алма» же «Malus Kirghisorum» деген ат менен. Кыргыздын курагы миңдеген жылдык жапайы алмасы азыр жер бетиндеги биринчи баалуу илимий материал – бул абдан таза генетикалык материал! Мындай илимий жактан таанылган фактылар абдан эле арбын.

Мен илимий эмгектерди эмес, азыркы ушул жетишкендиктерге байланышы бар ой-толгоолорумду ортого салсам дейм. Жакында капыстан бир жакшы окуяга, кыргызымдын жапжаш кызынын америкалык бизнесмендин жарабай бузулуп калган Ipad техникасын ондоп жатканына таң калдым. Ал кызыбыз 20-21 жашта, Калифорнияга келгенине бир жарым-эки эле жыл болгон. Бир заматта Ipad чачылып калганына ээсинин тынчы кете баштады: «эми муну кантип чогултуп бересиз?» дегенсип. Бир аз убакыттын ичинде, жарым саат деле болгон жок, Ipad кадимкисиндей иштеп, кожоюнунун колуна тапшырылды. Баракелде, азамат кыз турбайсыңбы деп мен да ыраазы болуп отурдум.

Менин максатым - ошол жаш кыргыз кыздары эмгектенген шаарда бир илимпоз адам менен жолугуу эле. Сыймыктанып биздин кыргыз кыздарынын заманбап эмгектерин айтып бердим, мен деле кыргызмын да. Болгондо да интернет технологиясынын так борборунда, Силикон өрөөнүндө болуп жатпайбы дедим кошумчалап. Мени ал кесиптешимдин жообу таң калтырды: «Сен Кыргызстандан болосуң, мага жооп берчи – кыргыз кыздары математика билими, математика илимин өздөштүрүү жагынан кыйын, бул жагынан алдыңкы үч мамлекеттин бирисиңер. Америка жок ал тизмеде" - деп мага суроолуу карады. Менден жооп уккусу келди, а билимим жана кызматым меники башка болгондуктан ачыгын айттым «билбейм» деп. «Билбейм» десем да сыймыктанып айттым, чынында эле кыргызымдын кыздары абдан акылдуу эмеспи. Мага ушул эле жетишет, жоопту билгим деле келбегендеймин.

Рысбек Абдылдаев, АКШ

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG