Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

ИМ тобуна алтымыштай өлкө каршы турат


Обама Эндрюс аба базасындагы жолугушуудан кийин, 14-октябрь 2014-жыл
Обама Эндрюс аба базасындагы жолугушуудан кийин, 14-октябрь 2014-жыл

АКШ президенти Барак Обама “Ислам мамлекети” тобунун Сириянын Кобани шаарын камоого алышы тынчсыздандырарын айтты.

Ал абадан сокку уруу улантыларын билдирип, ушу тапта жихадчыларга каршы кампанияга 60 чакты өлкө салым кошуп жатканын кошумчалады. Шейшемби, 14-октябрда Барак Обама Вашингтондун четиндеги Эндрюс базасында 20 чакты өлкөнүн аскерий жетекчилери менен жолугушту. Президент согушкерлердин Ирактын Анбар чөлкөмүндө улам бир жерди басып алып, Сириянын Кобани шаарын курчап алышына камтамасын билдирди.

Акыркы кездери коалиция согушкерлердин Түркия менен чек ара аймагында алга жылуусун токтотушу керек деген кысымга туш болууда. Обаманын айтымында, “Ислам мамлекетине” каршы аракеттерге 60 чакты өлкө кошулду.

- Ушу тапта коалицияга 60тай мамлекет салым кошуп келатат. Коалициянын өзүнө болсо 20дан ашуун өлкө кирген. Алардын катарында Ирак жана башка араб мамлекеттери, Түркия, НАТО боюнча өнөктөштөрүбүз жана дүйнөнүн булуң-бурчунан башка өлкөлөр бар. Бул операцияда дүйнө “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүүдө.

Обама “узакка созула турган кампания” топту мындан ары регионго жана дүйнөгө коркунуч жараткыс кылып, түп тамыры менен талкалоону максат кылат деп кайталады.

- Бул – узак мөөнөттүү кампания болмокчу. Биз азырынча баштапкы баскычтабыз. Ар бир аскерий операциядай эле бирде алга жылабыз, бирде чегинүүгө туура келет, - деп эскертти президент.

14-октябрда коалиция жихадчылардын Кобанинин айланасындагы турумдарына 21 жолу сокку урган. АКШ армиясынын Борбордук командачылыгынын билдиргенине караганда, буга чейин бир эле күндө мынча чабуул коюлган эмес.

Обама менен жолугушууга Түркия, Австралия, Бахрейн, Канада, Дания, Египет, Ирак, Италия, Франция, Катар, Испания жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

Ак үй биргелешкен штабдардын кол башчысы, генерал Мартин Демпси төрагалык кылган жолугушуу коалицияны түзүү аракеттеринин уландысы болуп эсептелерин жана ал кеңири стратегия үчүн ар бир өлкө менен интеграция жолдорун издөөнү көздөөрүн билдирди.

17-сентябрда президент Обама АКШ жана анын өнөктөштөрү “ырааттуу антитеррордук стратегия аркылуу согушкер “Ислам мамлекети” тобун алсыздандырып, акыр аягында талкалайт” деп жарыялаган.

Учурда уюм Түркия менен чек арадагы Кобани шаарынын үчтөн бир бөлүгүн өз көзөмөлүнө алды. Ирактагы күрттөрдүн аймактык өкмөтү шаардагы күрт күчтөрүнө аскерий жардам берерин убада кылган.

Бирок Кобанинин коргоо кеңешинин башчысы Эсмат ал-Шейх курал-жарак же ок-дары келе электигин айтууда.

Айрым маалыматтарга караганда, жүк Сириянын түндүк-чыгышында Түркиянын чек арасында турат, себеби Анкара Кобаниге транзит коридорун ачууга көнбөй жатат.

Ал тапта шаршембиде Австралиянын премьер-министри Тони Эбот "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлерине каршы күрөшүү үчүн Иракка жөнөтүлгөн 200 аскер эмне себептен ал өлкөгө кире албай жатканын түшүндүрдү:

- Иракта жаңы өкмөт куралып бүтө элек. Биздин аскерлерди коргоону караган мыйзамды ишке киргизүү жараяны биз каалагандан узакка созулуп кетти. Бирок мен бир нече күндүн ичинде маселе оңунан чечилет деп ишенем. Жана биздин атайын күчтөр Иракка жайгашып, ал жактагы аскерлерге кеңеш берүү жана көмөктөшүү миссиясын аткара баштайт деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG