Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Сириянын Кобани шаары үчүн кармаш уланууда


Сирия-Түркия чек арасындагы Кобани шаары, 3-октябрь 2014-жыл
Сирия-Түркия чек арасындагы Кобани шаары, 3-октябрь 2014-жыл

“Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери Түркия менен чек арадагы сириялык Кобани шаарынын айланасындагы бир катар стратегиялык бийиктиктерди ээлеп алышты.

Британияда жайгашкан адам укуктары боюнча мониторинг тобу маалымдаганына караганда, согушкерлер жекшембиге караган түнү күрттөрдүн өзүн-өзү коргоо бөлүктөрү жана сириялык козголоңчулар менен кармаштан кийин Миште-Нур деген жердин түштүгүн көзөмөлгө алышты.

АКШ жетектеген коалициянын аба соккуларына карабай, жекшембиге караган түнү “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери Сириянын Кобани шаарын аткылоону улантышты.

Коалициянын ага чейинки соккулары согушкерлердин чабуулун алдын ала алган жок. Маалыматтарга караганда, салгылашуулардан качкан сириялык 180 миңдей киши Түркияга агылды.

- Биз шаарда эмес, айылда жашачубуз. Согушкерлер биздин айылыбызга жапырык жасап, үйлөрдү талап-тоноого киришти. Коркконубуздан качтык. Алар элди ырайымсыз өлтүрүшөт экен деп уктук, үйгө кайта албайбыз, ошондуктан бул жерге келдик, - дейт Түркия менен чек ара өткөөлүндөгү качкындардын бири.

Кобани стратегиялык пункт болуп эсептелет. Ал экстремист топтун мүчөлөрүнө Алеппо жана Ракка шаарлары ортосунда түз байланышты камсыздамакчы. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган уюмдун ырастоосунда, 4-октябрда Шадади шаарынын жанындагы аба соккусунан “Ислам мамлекети” тобунун 25 согушкери набыт кетти.

Ал тапта түркиялык күрттөр жана Сириядан келген күрт качкындары эки өлкөнүн ортосундагы чек арада Түркиянын коопсуздук күчтөрү менен кагылышканы тууралуу маалымдалды.

Аламандаган топ Сириядагы кырдаалга нааразылыгын билдирип, согушкерлерге күрттөргө каршы күрөшүү үчүн чек арадан өтүүгө уруксат берүүдө деп Түркияны айыптады. Аларды таркатуу үчүн аскерлер жаш агызчу газ жана суу атмаларды колдонушту.

Кобани калаасынын айланасындагы уруш бир нече аптадан бери 300 миңдей кишини качкынга айлантты. Алардын көбү кошуна Түркияда баш калкалашууда.

Бул окуя Анкара менен Вашингтондун араздашуусуна туш келип отурат. 3-октябрда АКШнын вице-президенти Жо Байден Гарвард университетинде сүйлөгөн кезинде Түркияны жана Вашингтондун өнөктөштөрү болуп эсептелген айрым араб өлкөлөрүн “Ислам малекети” өңдүү сунни согушкер топторун колдогондугу үчүн сындаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ишембиде ал сөздөр тууралуу кабарларды комментариялап, “Байдендин ушунтип айтканы чын болсо, ал мен үчүн тарыхта калды. Эч ким Түркияны Сириядагы террорчул уюмдарды, анын ичинде “Ислам мамлекети” тобун колдогондугу үчүн айыптай албайт” деп журналисттерге жооп берди.

АКШ вице-президентинин кеңсеси ошол эле күнү Байдендин кечирим сураганын билдирди. "Вице-президент АКШ дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөрүнүн, анын ичинде Түркиянын “Ислам мамлекети” уюмундай карасанатай топтор менен күрөшүү үчүн жасап келаткан аракеттерин жогору бааларын белгиледи”, - деп жазылат билдирүүдө.

Бириккен Араб эмираттарынын тышкы иштер министри Анвар Гаргаш да Байдендин айткандары боюнча түшүндүрүүнү талап кылып, бул – “өлкөнүн ролу жөнүндө терс жана түшүнксүз таасир калтырат” деди.

2-октябрда Түркиянын парламенти Ирак менен Сирияга аскер жөнөтүү боюнча өкмөттүн демилгесин жактырган. Андан тышкары Түркия “Ислам мамлекети” тобуна каршы операцияга катышып жаткан чет өлкөлүк өлкөлөрдүн аскерлерине өз аймагында жайгашууга уруксат берди.

Ал ортодо Пакистандагы талиптер “Ислам мамлекети” уюмуна жардам берүү үчүн Сирия менен Иракка согушкерлерин жиберерин билдирди. “Техрик-и-Талибан” уюмунун басма сөз өкүлү Шахидулла Шахид маалымат агенттиктерине жолдогон билдирүүдө Жакынкы Чыгышта күрөшкөн жихадчы топторду биригүүгө үндөдү.

Ал-Ажанс "Франс Пресске" регионго азыркыга чейин 1-1,5 миң согушкер жибергенин айтты. “Ислам мамлекети” уюму исламга кызмат өтөө үчүн негизделген, биз аны колдойбуз жана можахеддерибизди жөнөтүп турабыз”, - деди Шахид. Аналитиктердин баамында, уюм Пакистанды көздөй жылууга аракеттенмекчи. Жакында Пешавар шаарында экстремисттердин баракчалары таркатылганы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG