Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

ЕБ: Сербияда шайлоо эркин өттү


Сербиянын азыркы президенти Борис Тадич жана анын атаадашы Томислав Николич
Сербиянын азыркы президенти Борис Тадич жана анын атаадашы Томислав Николич

Евробиримдик Сербиядагы шайлоонун жыйынтыгына жогору баа берди. Биримдик 6-майдагы добуш берүүлөр "эркин жана тынчтык мүнөздө" өткөнүн бышыктады.

Европа Биримдиги мүчөлүккө кезекте турган Сербиядагы соңку шайлоолордун демократиялуу болгонун айтууда. Биримдиктин тышкы саясатын тейлеген Кэтрин Эштондун маалымат катчысы Мая Кожиянчич Сербиянын жаңы өкмөтү Евробиримдикке кирүү максатынан тайбаш керектигин кабарчыларга билдирди:

Биз Сербиянын элин эркин жана тынчтык мүнөздөгү парламенттик жана президенттик шайлоолору менен куттуктайбыз. Биз эми өкмөт тез арада түзүлүп, реформаларды улантат жана Европа Биримдигине барчу жолдо алгалай берет деп үмүттөнөбүз.

Кожиянчич 6-майда Косоводогу сербдер басымдуулук кылган аймактагы добуш берүүнү уюштурууга көмөк көрсөткөн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмуна ыраазычылык билдирди. Ал Сербия менен Косовонун ортосундагы кызматташтык чыңала бериши керектигин мындайча белгиледи:

Биз Косоводогу шайлоону уюштурууга жардам бергени үчүн ЕККУга ыраазычылык билдиребиз. Шайлоо тартип менен, тынч мүнөздө өттү.

Мурда Сербиянын курамына кирген Косово 2008-жылы эгемендигин жарыялаган. Бирок Косовону Белград өкмөтү тааныбай келет. Сербия менен Косовонун алакасындагы жылыштар Сербиянын Европа Биримдигине киришиндеги чечүүчү маселелердин бири деп саналат.

Жергиликтүү серб азчылыгы албан бийликтерин көзгө илбей, Сербиядагы шайлоого катышкан Косоводо кырдаал курч болду. ЕККУнун байкоочулары добуш берүү тартип менен өткөндүгүн бышыкташты.

Президенттик шайлоодо Сербиянын азыркы президенти Борис Тадич башкы атаандашы Томислав Николичтен анча-мынча гана алдыда келгендиктен, эми жаңы айлампа өтөт. Николич Евробиримдикке кошулуу Косоводон баш тартуу дегенди билдирет деп эсептегендердин колдоосуна ээ.

Косово маселеси курч бойдон турганы менен, Сербиянын экономикасындагы оорчулук добуш берүүчүлөрдүн баш оорусу экендиги байкалды. Себеби парламенттик шайлоодо президент Тадичтин демократтары Николичтин партиясынан артта калды. Ошондон улам Николич Тадичти мунасага келүүгө чакырды. Жекшембидеги шайлоодо социалисттер үчүнчү болуп келди. Жаңы коалиция түзүүдө алар чечүүчү добушка ээ болот деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG