Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Сноуден: Гонконг – Москва – Гавана – Каракас?


АКШдан качкан Эдвард Сноуден Гонконгдон Москвага келди. ЦРУнун мурдагы кызматкери башка өлкөдөн башпаанек издөөдө.

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден түшкөн “Аэрофлоттун” Гонконгдон чыккан учагы Москванын “Шереметьево” аэропортуна жекшембиде кечке жуук келип конду. “Аэрофлот” компаниясынын маалымат катчысы Сноуден Кубанын борбору Гаванага билет камсыздап койгонун, дүйшөмбүдө түштөн кийин учуп кетээрин айтты. Башпаанек издеген чуулгандуу америкалык жаранга Гаванадан ары карай Венесуэланын баш калаасы Каракаска учууга билет даярдалганы дагы маалым болду.

ЦРУнун мурдагы кызматкеринин Орусияга кирүүгө визасы болбогондуктан, “Шереметьево” аэропортунда эл аралык жүргүнчүлөр үчүн залда түнөөрү айтылган.

Америкалык сенатор Чак Шумер жекшембиде СNN телеканалына берген маегинде Сноуденди Москва аркылуу учуп кетүүгө жол бергени үчүн орус бийликтерин сындады:

- Орусиянын президенти Путин Сноуденге чыгып кетүүгө жардам бергени көңүл иренжитет. Өнөктөштөр бири-бирине чын ыкластан көмөктөшүүсү керек. Путин болсо Сирия болобу, Иран болобу, эми Сноуден болобу Кошмо Штаттардын көзүн жапкысы келгендей көрүнөт. Өнөктөштөр антип кызматташпайт жана бул АКШ-Орусия алакасына терс таасирин тийгизет.

Америкалык атайын кызматтардын жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун программалар тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган Сноуденге өз мекенинде тыңчылык жана мамлекеттик мүлктү уурдаган деген кинелер коюлууда.

Кошмо Штаттар өз жаранын экстрадиция жасоо өтүнүчү менен Гонконго кайрылган, бирок Кытай бийликтери Сноуденди Гонконгдон чыгарбай коюуга эч кандай укуктук негиз жоктугун жүйө тарткан. ЦРУнун мурдагы кызматкери өз мекенине барса, 10 жылга чейин түрмөгө түшүшү мүмкүн.

"Синхуа" мамлекеттик агенттиги Сноуден ачыкка чыгарган маалыматтан кийин Кытайдын бийликтери америкалык атайын кызматтардын кытайлык мобилдик тармактар менен Бээжиндеги Цинхуа университетин тыңшаганын сындаганын жарыялады.

Кошмо Штаттарда болсо ЦРУнун мурдагы кызматкерин көптөр “тыңчы” десе, жалпынын кызыкчылыгы үчүн иш жасаган “баатыр” санагандар дагы бар.

Президент Обаманын администрациясы атайын кызматтар жашыруун программалар аркылуу АКШны бутага алган 50гө чукул террордук кутумдун бетин ачканын билдирген.

XS
SM
MD
LG